Исламды кино аркылуу таанытууга кандай дейсиз? Сценарий жазууну айтам. Бул Шариатта тыюу салынган эмеспи?

Шариат бул нерсеге тыюу салбайт. Шариат нормасынан чыкпаса эле жарай берет. Эгерде адамдардын жүрөгүнө динге болгон махабат сала алса, анда ал өз максатына жеткен болуп эсептелет. 

Исламда досчулуктун мааниси кандай?

Исламда досчулуктун мааниси жогору. Акыреттик дос деген түшүнүк да бар. Алланын ыраазылыгы үчүн дос болуу ибаадат эсептелет. Бул боюнча атайын китептер жазылган. Ошолорду окусаңыз жакшы болот.

Элдер Оштун Чон-Алайында Эшен-Ата деген жерге барып зыярат кылышат экен. Өзүм Кара-Кулжадан болом. Бул жердин эшендерге байланышы барбы же жокпу? Муфтият чыгарган намаз календарын Оштогу мечиттерден да таба алабызбы? Убакыттагы айырмачылык көрсөтүлөбү орозодогу айырмачылыктай?

Эшендерге байланышы болгон күндө деле, ал жерди касиеттүү жер катары зыярат этүүгө болбойт. Мекке, Медине жана Акса мечиттерине касиеттүү жер катарында зыярат этсе болот. Оштогу мечиттерден Муфтият календарын тапса болот. Сулайман Тоодогу мечитте Убей деген имам бар, билбегени жок, ошондон тапса болот. Же Бухарий мечитте Шакиржан дегенибиз бар, андан тапсаңыз болот, ал да кыйын жигит. Убакыттагы айырмачылыктар көрсөтүлгөн.

4 балабыз бар. Үчөө үйлөнгөнгө даяр. Жолдошум 6-7 жылдан бери Россияда. Кааласа 2 жылда бир келип кетет. Балдарымды алып барып 1 жылдан кийин үйгө айдады, документиңер жок деп. Өзү болсо жаман жолдо жүргөн аялдарга документ кылып, аларды ишке киргизип, алар үйүнө келсе аларга акча салат. Ал аялдардын күйөөсү, балдары бар. Менин күйөөмө тийип алып мени суук көрсөтүп коюшту. Болгондо да достор. Мен күйөөмдүн абийирин жаап, үйлөрдү оңдоп, тууган-уругуна, той-топурга тегиз барып жүрсөм да кадырымды билбеди. Бир да телефон чалбайт. Үйдү оңдойлу, балдарды үйлөйлү дебейт. Мен өзү жөнөткөн акчаны жазып ордуна койсом сурабай кыласың деп шылтоону айтып, эри бар бузуку аялдар менен бир үйдө эр-катын болуп жашап жүрөт. Кеңеш бериңизчи.

Балдарга айтыңыз, тыйын-тыпыр иштеп таап үйлөнгөнгө аракет кылышсын. Сиз сабыр кылыңыз дейт элем. Күйөөңүзгө ынсап берсин.

Аллахтын 99 атынан тогузу сага. Аллага ишенсең бул СМСти тогуз адамга жибер. Эртең жаңылык угасың. Ишенбесең 9 жыл жамандык болот. Ушул сыяктуу СМСтер чындыкпы?

Маани берүүнүн кажети жок. Шариатта бул нерсе жок.

Таблиг жамаатынын иш-аракеттеринде бидаат жокпу? Анткени бир да хадистен мындай тартипте (3 күн, 40 күн, 4 ай ж.б. өзгөчөлүктө) дааватка чыкканын окуган жокмун?..

Сиздин суроону окуп олтуруп, Имам Бухарий менен Имам Муслим тирилип келип калдыбы деп ойлоп кетиптирмин. Себеби хадистин баарын окуп билип коюу өтө кыйын иш. Баарын билбегенден кийин "жок" деп оозду толтуруп айтуу канчалык оор экенин баамдай аласызбы? Сиз окубасаңыз эле жок болуп калбайт го? Ошондой болсо да айтуу керек: Дааватчыларыбыздын кылган иш-аракеттеринде бидьат жок. Ал эми 3 күн ж.б.ларын тартип деп түшүнсөк туура болот. Мисалы Сиз деле Ильяс устазыңыздын сабагына сааты менен, күнү менен барсаңыз керек, расписание деп атап. Ошондой эле көрөмүн мен дагы.

Чубак балам, Союз убагында жин, шайтан деген балээ жок эле. Хизбут, маджахед, вахабист, баптист жана башкалар көбөйгөн сайын башка жактын жин-шайтаны да бизге агылып кирип толуп алды. Падышаларды куугандай эле жиндерден молдолор, жин куугучтар чогулуп, Кыргызстанды тазаласа болот беле?

Кана эми ошондой болсо, атаганат. Союздун убагында башка шайтанга муктаждык деле жок эле, чоң шайтандар Маскөөдөн туруп баарыбызды башкарчу. Эми ошол чоңдорунан айрылсак, кичинелери толуп кетпедиби? Кудайымдын ар ишинде жакшылык бар.. Үмүт үзбөйлүчү.....

Кыздын үнүн уккан арам дейт. Эми анын үнүн укпаш үчүн аны менен агенттен гана сүйлөшсөм болобу?

Арам дегенди мен билбейт экенмин. Магазинге нан алганы барсаңыз, нандын баасын сизге айтса магазинчи кыз, сиз кулагыңызды жаап алсаңыз, баасын кантип билесиз да, кантип акчасын төлөйсүз...? Кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөн болбойт. Аны менен сүйлөшпөс үчүн сүйлөшпөй эле коёсуз. Агенттен да сүйлөшсө болбойт.

Чачын жазган, кыска кийген кыздарга дин тараптан катуу тыюу салса болбойбу?

Ким салат тыюуну, Болсо кана атаганат...

Сырдуу диск дегенди колдонсо ширк болбойбу?

Ширк мирки деле жок. Эгер пайдалуу болсо колдонгон жакшы болот.