17-май орозонун алгачкы күнү
11.05.2018

17-май орозонун алгачкы күнү

2018-жылдагы Рамазан айынын башталуусу Аалымдар Кеңеши тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-майына белгиленди. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (саллоллоху алейхи васаллам) өз сөзүндө: «Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла»-деп буйруган. (Сахих Муслим:1081).

2018-жылдагы Рамазан айынын башталуусу Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-майына белгиленди.

ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын көрүнүүсүнө карата бир күнгө айырмалануусу мүмүкүн.