Адал маркет ачылды
16.04.2017

Адал маркет ачылды

12-апрелде Бишкек шаарында халал стандарттарына жооп берген “Каусар” супермаркети ачылды. Анын өзгөчөлүгү - ислам дини тыюу салган товар жана кызматтар көрсөтүлбөгөндүгүндө. Ошондой эле, сатып алынган товарлардын жалпы суммасы 500 сомдон жогору болсо кардарга супермаркет тарабынан атайын белектер берилет. 

Дүкөндүн ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев, "ООМАТ" курулуш компаниясынын жетекчиси Жоомарт Акжол уулу, Бишкек шаарынын казысы Садиридин Мажидов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров бул дүкөн Бишкекте гана эмес бүткүл Кыргызстан боюнча бренд дүкөн болорун айтты. 

Ал эми муфтий Максат ажы Токтомушев халал стандартындагы мындай чоң супермаркеттин алгачкы жолу ачылганын баса белгилеп, жамааттын иштерине ийгилик каалады.

Халал супермаркети Токтогул-Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган. Иштөө убактысы: 8:00 – 24:00.