Аламүдүн базарындагы «Жаштар Ассамблеясы» мечити ишке берилип, ага бийлик өкүлдөрү, Азирети Муфтий жана БДЖАнын Саудиядагы катчысы катышты
15.05.2017

Аламүдүн базарындагы «Жаштар Ассамблеясы» мечити ишке берилип, ага бийлик өкүлдөрү, Азирети Муфтий жана БДЖАнын Саудиядагы катчысы катышты

Muftiyat.kg/ 13-май/ Бишкек шаарынын Аламүдүн базарындагы Жаштар Ассамблеясынын демилгеси менен курулган 3 миң орундуу мечит  КР Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Осмоналиев Акылбек Шариповичтин, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын Сауд Арабиядагы башкы катчысы  Солих Аль Мухибинин, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын кыргызстандагы жетекчиси Саид Баюминин, ЖКнын депутаттарынын, коомдук ишмер Аскар Салымбековдун,  жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими Болотбеков Самарбектин катышуусунда ачылып, куттуктоо сөздөр айтылды.  Өз кезегинде Азирети Муфтий мечит тазалыкка, аруулука жана ынымакка чакырып, мечит эл ортосундагы биримдикти бекемдеп, ыймандуу коомду түзүүгө өз салымын кошооруна тилектештигин билдирди.

«Мечиттин тышкы курулушу жана  ички курулушу болот. Ички курулушу бул руханий курулуш. Мечиттин орду абдан чоң. Пайгамбарыбыз (с.а.в) мечит ар бир Кудайдан корккон адамдын үйү деген. Мечит инсандын руханий ооруканасы»,-деди өз сөзүндө Азирети Муфтий.

Ал эми Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын башкы катчысы  Солих Аль Мухиби Жаштар Ассамблеясы мындан 45 жыл илгери түптөлгөндүгүн айтып, мекеменин негизги багыты бүткүл дүйнөдөгү жаштардын келечегин кеңейтүү, аларды бутунан тургузуп, билим берүү жаатындагы иштерди жүргүзүү экендигине токтолду. Мечиттин ачылышына келген калган коноктор өздөрүнүн жылуу пикирлерин билдиришип, шаар тургундарын куттукташты.  Ошондой эле «Жаштар Ассамблеясы» мечитинин имамы болуп Садибакас Доолов дайындалып, жарандардын ар кыл багыттагы суроолоруна жооп берүү милдети жүктөлдү.

«Жаштар Ассамблеясы» мечити заманбап шартта курулуп, имарат 4 кабаттан турат. Биринчи, экинчи кабаты ибадат кана болсо, экинчи кабатынын жарымы аялдар үчүн зал жана имамдын иш кеңсеси менен жасалгаланган. Муну менен катар мечиттин биринчи кабатында аялдар, эркектер үчүн дараткана жана атайын сабак окуучу жай болсо, экинчи кабатында унаа токтотуучу жай орун алган. Мечиттеги дагы бир өзгөчөлүктөрдүн бири мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мечитке жана дааратканага ыңгайлуу кирип чыгуулары үчүн атайын пандустар орнотулган. 

Эскерте кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын Кыргызстан үчүн өтөгөн 17 жылдык кызматы үчүн аталган  мечит «Жаштар Ассамблеясы» мечити деп аталган. Мечит борбор калаабыздын Алмата жана Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.