Азирети Муфтий 40 жылдан бери Ислам динин баалуулуктарын жеткирип келе жаткан Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулун “Ардак Грамота” менен сыйлады
14.01.2017

Азирети Муфтий 40 жылдан бери Ислам динин баалуулуктарын жеткирип келе жаткан Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулун “Ардак Грамота” менен сыйлады

Мuftiyat.kg/ 13-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 1977-жылдан тарта Ислам дининин баалуулуктарын айтып, Ханафий мазхабы, Матрудия  акыйдасын коомчулуктун калың катмарына жеткирип келе жаткан КМДБнын ардактуу аксакалы Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулунун эбегейсиз зор эмгеги, элдин ынтымагы менен биримдиги, жаштарды адептүүлүккө тарбиялап, терс диний агымдардын алдын алуудагы ишмердүүлүгү үчүн “Ардак Грамота” менен сыйлады. Азирети муфтий КМДБнын ардактуу аксакалы Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулуна эки дүйнө жакшылыгын каалоо менен бирге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана Ислам дининин асыл баалуулуктарын дагы да болсо жаштарга үйрөтүп, кеп-кеңештерин берип турууга тилектештигин билдирди.