Чүй облусундагы мусулмандар авиа кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында кан тапшырышат
17.01.2017

Чүй облусундагы мусулмандар авиа кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында кан тапшырышат

Мuftiyat.kg/ 17-январь/ Чүй облусунун казысы Максат ажы Укуев облустагы бардык мусулмандарга Сокулук районуна караштуу Дача СУ айылындагы авиа кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында кан тапшыруу иш-чарасына активдүү катышууга чакырды.

«Чындыгында момундар бир тууган! Ошошдуктан момун мусулман бир туугандарга жардам берүүгө милдеттүүбүз»,- дейт Чүй облусунун казысы Максат ажы Укуев.