Кадамжайдагы имамдар Ыйман, адеп жана маданият жылына бирдиктүү иш план кабыл алышты
14.01.2017

Кадамжайдагы имамдар Ыйман, адеп жана маданият жылына бирдиктүү иш план кабыл алышты

Мuftiyat.kg/ 13-январь/ Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам хатиби Аскарали ажы Мырзаев район аймагынын имамдарына   жыйын өткөрдү. Жыйында баш имам хатиб эски жылдагы жетишкендиктерге токтолуп, Ислам динин туура багытта жеткирүүдөгү иш арекеттери үчүн алдынкы деген имамдарды "Ардак грамота" менен сыйлап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Аскарали ажы Мирзаев  "Ыйман, адеп жана  маданият" жылында ак эмгектен тайбай иштеп, Аллах Тааланын аманаты болгон Ислам динин Ханафии мазхабын, Матрудий акыйдасын жайылтууга, Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу  боюнча иш алып барууну жалпы имамдарга сунуштады. Дин кызматкерлери сунушту бир ооздон колдошуп, эл ичиндеги аш-тойлордо, маркумду акыркы сапарга узаттуудагы ысыракерчиликтерге бөгөт коюу жана түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү зарыл экендигин баса белгилешти. Натыйжада имамдар Кадамжай району боюнча бирдиктүү иш план кабыл алышты.