Айымдар

19 ноября

Чапташкан кийим кийбегиле,
Жыңалач катарына кирбегиле.
Азгырып зээндерди кетирбестен,
Айымдар денеңерди бекиткиле!

Нуруңарды сактагыла никеңерге,
Жигиттерге колуңарды бербегиле.
Аялзат аруусунар сулуусуңар,
Намысты койгулачы бийиктикте!

Айымдар жүрөктөрдү жибиткиле,
Ачык кыска кийимди кийбегиле.
Эркектерди тозокко тартып кетпей,
Ойлонгула ойлогула бизди деле.

Аялзат сулуулуктук бекиткиле!
Намысты сатпагыла бекерге.
Улутту тарбиялаган силерсиңер.
Айымдар жашагыла ыйман динде,

Жазган: Кубатбеков Сыймык