Суранамын, Жаңы жылды тоспочу

31 декабря

Билсең дагы билмексенге саласың,
Эмне үчүн, сен диниңден качасың?
Жаңы жылды майрам көрүп өзүнчө,
Жалпы доско каалоо-тилек айтасың.

Аяз ата, берсин дейсиң байлыкты,
Жана дагы берсин дейсиң бакытты.
Жогоруда турган Затты унутуп,
Чын эле биз маймыл болуп алдыкпы?

Кел тууганым, бул адатың токтотчу,
Жаратканым акыл берген, ойлончу.
Канча жолу, Чубак ажы какшады?
Суранамын, Жаңы-жылды тоспочу.

Айсалкын Алибаева