Адам оңолсо - аалам оңолот
01.01.2022

Адам оңолсо - аалам оңолот

Субраманьян Чандрасекар аттуу америкалык теги индиялык астрофизик өз жумушун абдан жакшы көрчү. Бирок анын кээ бир идеялары көптөгөн окумуштууларды таң калтырып, жадагалса аны түшүнүү үчүн бир нече жыл талап кылынчу экен. Илимпоз эч кимге таанылбастан иштеп жүрө берет. Жыйынтыгында жылдыздардын эволюция моделин жасаганга жетишет жана бул нерсе космостогу кара тешик теориясынын негизин түзөт. Күндөрдүн биринде Чандрасекар өзү иштеген Чикаго университетинен башка бир шаардагы астрономиялык лабораторияга астрофизика боюнча лекция окуганга жөнөйт. 130 км жол жүрүп келсе, лекциясына болгону 2 гана студент келген болот. Өз лекцияларына жүздөгөн студенттердин жыйнап жүргөн кесиптештери аны шылдыңдай баштайт. Күн сайын эки гана окуучу үчүн 260 км жол жүрбөсө керек деп ойлошот. Бирок өжөр индус сабак өтүүдөн баш тарткан эмес. Тескерисинче чакан гана топ менен күн сайын жаңы идеялардын үстүндө иштейт. Университет тарыхында бул эң кичине илимий топ болчу жана илимий чөйрө тарабынан бир топ шылдыңдоо жана мыскылдоого кабылышат. Арадан эки жыл өтпөй кесиптештери мыскылдоону токтотуп, кол чаап алкыштай баштайт. Анткени дал ошол эки студент жана устаты Чандрасекар Нобель сыйлыгына ээ болушат. Ооба, кээ бир учурда көктүк, өжөрлүк жана сабырдуулук аркылуу гана ийгиликке жетүү мүмкүн. Эң башкысы – санаалаш, пикирлеш, багытташ адамдарды таап алуу. Ал эми алардын аздыгы - бул көйгөй эмес. Ийгиликке жетүү үчүн үч нерсе талап кылынат: так максат, ынтымактуу жамаат жана тынбай аракет кылуу. Ушул үч нерсенин бири эле жок болсо, ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Мисалы, учурда көптөгөн адамдар түрдүү ынтымак, топ, жамаат жана командаларга биригип аракет кылышат, бирок так максаты жок. Кээ бири болсо максаты так жана аракет үстүндө, бирок жалгыз. Жалгыз дарак бак болбойт, жалгыз аттан чаң чыкпайт, сөзсүз санаалаштардан куралган бир топ болуусу зарыл. Ал эми кээ де максаты анык бир топ аракетсиздик айынан улам ийгиликке жетпей келет. Жалпы мусулмандар үчүн ийгиликтин эң мыкты өрнөгү бул Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана анын куттуу сахабалары (Алла алардан ыраазы болсун). Алардын максаты так, ынтымагы темирдей бекем жана аракети өтө күч эле. Натыйжада кыска бир мөөнөттө 23 жылда бир бекем бир мамлекеттик түзүмдүн жана дүйнөнү дүңгүрөткөн маданиятты түптөй алышты. Ал эми биздин 30 жылдан бери өзүбүздү өзүбүз алдаганыбыз – дал ушул үч нерсенин жоктугунан улам деген ой келет. Мамлекеттин так идеологиясы, мыкты кадрлары жана өлкө үчүн аракет кылуусу начар болуп жатат. Оболу ар бирибиз өз максатыбызды, чөйрөбүзгө жана аракетибизге назар салалы. Биз оңолсок - өлкө оңолот, адам оңолсо - аалам оңолот!

Урматым менен Нуриет Абдулазиз