Адам укугу боюнча эң алгачкы сот
07.01.2022

Адам укугу боюнча эң алгачкы сот

Хижранын 17-жылындагы ошол учурдагы калыйпа – азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) зыяратчылардын көбөйгөнүнөн Мединадагы Пайгамбар мечитин кеңейткиси келет. Натыйжада Пайгамбарыбыздын (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) куттуу кабырынын айланасындагы жерлерди мечиттин карамагына өткөрүү үчүн айланадагы жер жана үй ээлерине мындай сунуш кылат:

— Үйүңөрдү, жериңерди Алланын Элчисинин (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мечитин кеңейтүү үчүн сатып алам. Эч ким мүлкүнүн наркынан аз акча төлөйт деп ойлобосун. Бардыгыңар мүлкүңөрдүн наркын, өзүңөр ыраазы болгон бааны айткыла. Алла Элчисинин (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мечитине күч колдонуп алынган жерлерди кошуп алууну ойлонгон да жокмун.

Ушундан улам ошол тегеректегилердин баары үйлөрүнүн, жерлеринин баасын айтышат. Алар сатып алынган соң, Алла Элчисинин (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мечитин кеңейтүүгө жер даяр болот.

— Бирок, ойлобогон жерден бир көйгөй жаралат. Аны да чечүү керек эле. Ал көйгөйдүн чордонунда азирети Аббас (Алла андан ыраазы болсун) бар болчу. Ал өз жерин саткысы келбейт. Кандай максатта болсо да ал өз жерин берүүгө макул болбой коёт. Акыры калыйпа өзү келип, аны кепке тартып, сунуштарын кайталайт:

— Оо, Аббас (Алла андан ыраазы болсун) жериңди өзүң каалаган баага сатып алалы. Алланын Элчисинин (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мечитине күч колдонуп алынган жерлерди кошкубуз келбейт. Кааласаң үстүнө дагы эки-үч эсе көп акча кошуп берели. Жериңди бер, келишели. Пайгамбардын (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мечитине келген зыяратчыларды ичине батыра ала тургандай кылып чоңойтолу, мечит бардык муктаждыктарды камсыздагандай абалга келсин.

Таң калыштуу. Аббастан (Алла андан ыраазы болсун) күтүлбөгөн жооп чыгат:

— Жок. Мүлк меники болгон соң ашыкча баа берсеңер дагы сатууну каалабайм. Күч колдонуп алам десеңер анда сөз башка.

Абал курчуп, маселе татаалдашканда калыйпа туура чечим чыгарып берүүсү үчүн бул ишти сотко өткөрүп берет. Адилеттүү, калыс казы Убай бин Каабга (Алла андан ыраазы болсун) келишет. Калыйпанын өкүлдөрү сотко кайрылат:

— Биз башкаруучу тарап Аббаска өз наркынан (Алла андан ыраазы болсун) эки-үч эсе көп баа айттык. Алла Элчисинин (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мечити зыяратчылардын муктаждыктарын камсыздагандай абалга келүүсү үчүн кетенчиктебей жерин берүүсү керек.

Анда Аббас (Алла андан ыраазы болсун):

— Жер меники. Мүлкүмө өзүм ээ болгон соң наркынан ашыкча баа берсеңер да саткым келбейт. Мечитке кошуу максаты менен жеримди колумдан эч ким тартып ала албайт, – дейт.

Жогорудагы жоопторду уккан соң сот төмөнкүдөй чечим чыгарат. "Ислам укугу боюнча эч ким башка бирөөнүн мүлкүн күч колдонуу менен, ал тургай акчасын төлөп берсе да ала албайт. Мечит үчүн болсо да мүлк ээсин мажбурлай албайт. Аббастын мүлкү Аббаста (Алла андан ыраазы болсун) калат." Соттун бул чечими такталган соң эки тарап кетүү үчүн ордуларынан туруп жатышканда Аббас (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт:

— Оо, Убай (Алла андан ыраазы болсун) сот бүтүп, чечим күчүнө кирди, туурабы?

Убай:

— Ооба, сот бүттү. Чечим күчүнө кирди. Эч ким сенин жериңди ашыкча баа сунуштап болсо да мажбурлап ала албайт.

Аббас (Алла андан ыраазы болсун) ордунан туруп:

— Андай болсо мени уккула! Жерим ушундан тартып Алла Элчисинин (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мечитин кеңейтүү үчүн колдонулсун. Акысына сокур тыйын да албайм. Баардыгыңар күбө болгула. Бул жеримди Алланын Элчисинин (Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мечитине арнап, калыйпага мечитке колдонуусу үчүн ыйгардым.

Таң калган Убай бин Кааб (Алла андан ыраазы болсун):

— Аббас, алгач көп баа берсе да макул болбой койдуң эле, эми минтип бекер берип жатканыңдын сыры эмнеде?

Ошондо Аббас (Алла андан ыраазы болсун) бир китепке тете жообун жалгыз кепке камтый сүйлөдү:

— Ислам дини адам укуктарын толук коргой турганын дүйнөгө угузуу үчүн ушундай кылдым.

Өчпөс сабактар китебинен