Ал эмне, мусулман эмеспи?
20.10.2022

Ал эмне, мусулман эмеспи?

АКШда магистратурада окуп жүргөнүмдө, мен окуган университеттин ашканасында тамак-аш швед досторконундай кенен болчу. Ким эмнени кааласа, ошол тамакты каалаган өлчөмдө алып жей берет. Ашкананын эшигинде: "Take what you need. Eat what you take"- “Жей ала турган өлчөмдө ал, эмнени алсаң–жеп бүтүр” деген жазуу да илип коюшкан.

Күндөрдүн биринде тамактануу учурунда менин жаныма бир кытайлык досум отуруп калды. Тамагын жеп бүткөн болчу, бирок табагында бир даана күрүч калган. Ошону да кыйналып жегенге аракет кылганын көрүп абдан таң калдым.
- Бир даана күрүч үчүн ушунча кыйналып эмне кыласың? Тим кой да, табакта кала берсин,- деп аны сынагандай түр көрсөттүм. Кытайлык досумдун жообу болсо мени ойлондуруп койду:
- Ар бир кытай бирден эле күрүч ысырап кылса, Кытай элинин санына көбөйтүп көрчү. Канча күрүч ысырап болуп жатканын элестете аласыңбы? Биз саны абдан көп бир улутпуз, ысырап кыла албайбыз.
- А бирок сен азыр Кытайда эмес, Америкада жашап жатпайсыңбы? Табакта кала турчу күрүч Кытайдын эмес, Американын чөнтөгүнө зыян алып келет, туурабы? - деп аны кайра жарга такадым.
Ал болсо күлүмсүрөп:
- Жашап жаткан Америка өлкөсүнө мындай зыян жеткизүү адамгерчиликке жатпаган бир иш да, - деп жооп берди.

Кытай досума абдан ыраазы болуп, анын бул мамилесин кубаттап, жөн гана аны сыноо үчүн бул суроолорумду бергенимди айттым. Биз тутунган Ислам дининде да: “Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла, анткени Алла ысырап кылуучуларды сүйбөйт” деген принцип бар экендигин баяндап бердим. Ал абдан таасирленип калды. Дал ошол учурда Үрдүндөн (Иорданиядан) келген бир мусулман студент табагында калган жарым тамакты таштанды челекке ыргытып жиберди. Муну көргөн кытайлык досум мага аны көрсөтүп туруп, “Ал эмне, мусулман эмеспи?” деп суроо салды. Уялганымды айтпа, эмне дешимди да билбей калдым”, - дейт Түркиялык бир илимпоз.

Ооба, ысырапкерчилик азыр динсиздердин эмес, мусулмандардын бир “сапатына” айланды. “Кор замандын башаты-ысырапкерчилик” деп ата-бабабыз бекер айтпайт. Ысырап кылгандар шайтандын бир тууганы экендигин билип деле, кайра ысырап кылабыз. Жеген-ичкенибиз, минген унаабыз, кийген кийимибиз, короткон газ жана электр жарыгыбыз, интернетке корогон акчабыз, салган үй-жайыбыз, илген килем-пардаларыбыз, жыйган идиш-аягыбыз, тагынган тагынчактарыбыз, чач жана тырмакка кеткен акчаларыбыз, ашыкча мамилебиз, той-аш, шерине-кеп, түрдүү отуруштар, маарекелер, пайдасыз нерселерге короткон убактыбыз. Кыскасы баары ысырап, маңызы жок, сырты жалтырак, ичи калтырак нерселер.

868 млн адам ачарчылыкта жашап, ар бир 5 секунд сайын дүйнөдө бир жаш бала ачкалыктан өлүп жаткан чакта, кайсыл бир мусулмандын курсак салуусу жана тамакты ысырап кылуусу - эң азында ошол ачарчылыкка болгон “салым”. “Адамзат бир жылда ысырап кылган тамакты ошол ачка катмар 4 жыл жемек” дейт илимпоздор. Бир эле Түркиянын өзүндө күн сайын 4,9 млн даана нан ысырап болуп, таштандыга ыргытылат. Мусулмандарды ысыраптан куткара турчу Рамазан айы, тескерисинче мусулмандар эң көп ысырап кылчу айга айланган. Эсептөөлөргө ылайык бир эле мусулмандар Рамазан айында ысырап кылган тамак менен ачкалардын курсагын бир жыл бою тойгозсо болот. Бизде деле абал ошондой: күн сайын миңдеген тойлордо тонналаган эт, нан, боорсок, салат жана тамактар таштандыга ыргытылат. Адам баласы бир эле порция тамакка тойгон чакта, биздин коом беш тамак жегенди адатка айлантты. Бул тамакка сыйынуу, тамактын культу дегендик. Өлгөн жерге барганда да, напсисин тыя албаган бир коомго айландык. Башка өлкөлөр космоско спутник учуруп, жаңы учактарды ойлоп таап жаткан учурда, биз дагы деле дасторкондон өйдө көтөрүлө албай жүрөбүз.

Кыргыздын эң чоң эки душманы бар, биринчиси - түркөйлүк, ал эми экинчиси – ысырапкерчилик. Бул эки душманды жеңбесек, анда калган душманды да жеңе албайбыз. Бир мезгилде Бейжинге чейин чоң казатка аттанган кыргыз, азыркы учурда эч болбосо түркөйлүк жана ысырапка каршы кичи казатка аттана алабы? Напсисин тыя албаган коом - сөзсүз кор болоору анык.

Мусулмандын ысырапка, ысырап кылгандын мусулманчылыкка тиешеси жок!

#минимализм

Которуп, даярдаган: Нуриет Абдулазиз