Апасы коюлгандан кийин
20.12.2022

Апасы коюлгандан кийин

Умму Айман жаш Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жол боюнда ата-энесиз калгандыгын сездирбөө үчүн колунан келген бардык аракеттерин жасады. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) да аны апасы сыяктуу "апа" деп чакырчу. Кийин көргөн сайын "Апамдан кийинки апам" деп, жардамын аячу эмес.

Нур жүздүү ааламдын мырзасы (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) томолой жетим эле. Бирок аны өмүр бою коргой турган, тарбиялап, калкалап, бардык кемчилигин оңдоп, толуктай турган Бирөө (Алла Таала) бар болчу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жылдар өткөн соң Худайбия келишимине баратып, ушул Абвадан өтөт. Алла Тааланын уруксаты менен энесинин бейитине барып, көз жашын төгөт. Анын көз жашын көргөн сахабалар да ыйлашат. Андан: "Оо, Алланын Элчиси, эмнеге ыйладыңыз?" – дешет.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) болсо: "Энемдин мага карата мээримин, сүйүүсүн эстеп ыйладым", – деп жооп берет.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен