Ата бейитине зыярат
15.12.2022

Ата бейитине зыярат

Ааламдын сүйүктүүсү (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алты жашка толгон эле. Ушул учурда Амина айым Мединага барып келүүнү чечти. Анын максаты Абдулмутталибдин таякеси Адий бин Нажжар уулдарын көрүү, ошону менен бирге ал жерге көмүлгөн күйөөсүнүн бейитине зыярат кылуу эле. Даярдык көрүлүп, Меккеден жалгыз уулу жана баккан энеси Умму Айман менен жолго чыкты. Амина бул окуяга сүйүнгөндүн ордуна, тескерисинче, кайгыга чөгүп баратты. Көңүлүн кандайдыр бир ой чулгап, кайра кайтып бул аймакты көрө албачудай сезди. Ааламдын сүйүктүү Пайгамбары (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) төрөлүп, киндик каны тамган жерди сагынчудай, Меккеге кылчайып улам-улам карайт.

Жыл мезгилдериндеги эң ысык күндөрүндө узак, оор жолду артка таштап, Мединага жетип, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) таякесинин уулдарынан болгон Набиганын үйүнө келип түшүштү. Амина үйдүн жогору жагындагы күйөөсүнүн бейитине барып, өксүп-өксүп ыйлады.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алгачкы жетимдик сезимин атасынын бейитинин алдында сезип, көз жашы кылгырды. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) көз жашы атасы Абдулланын бейитине коюлган гүлдесте катары тамчылап жатты...

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен