
Атанын айтканы...
Султан болуп өткөрсөң да өмүрүң,
Сен бирөөнүн калтырбагын көңүлүн.
Атасы уулуна акыл-насаатын тынбай айтып келет. Бирок жалгыз уулу эрке чыгып андайга такыр кулак салбайт. Жаш туруп адамдарды алдап, каалаганына оңой жеткенин, акча байлык десе баарынан кечип кетерин байкаган атасы бир күнү уулуна дагы насаатын айтып: "Балам, алгандын бермейи болот. Бирөөгө кылганың эртеби-кечпи кайтып келет. Ар бир нерсенин сурагы болот. Ушунчаңда токтотсоңчу?!" – дейт. Уулунун кулак да салып койбогонуна атасы: "Аа балам, ушу сен адам болбойсуң го?!"– деп кейийт.
Ошондон кийин уулу атасын жалгыз таштап, "бакыт" издеп алыска кетип калат. Жүрүп-жүрүп отуруп бир өлкөгө туш болот. Адегенде ошол өлкөнүн падышасынын сарайына жумушчу болуп кирет да, айлакерлиги, ырайымсыздыгы менен тепкичтен – тепкичке көтөрүлүп отуруп, падышанын вазирлигине чейин барат. Акыры, падышанын ордун да ээлеп калат. Ошентип, бир өлкөнү башкарып, падыша болгондон кийин, баягы карыган атасы эсине түшөт. Жигиттерине атасын алып келүүгө буйрук берет. Сомодой болгон жигиттери падыша айткан өлкөгө барып, атасын жөө-жалаңдатып айдап келишет. Алдында чөгөлөп турган атасын көргөн падыша кекирейип: "Ии ата, тааныдыңбы балаңды? Билесиңби бир кезде сен мени адам болбойсуң дедиң эле. Эми жаңылганыңды мойнуңа аласыңбы? Мына мен бүгүн мынтип бир өлкөнү башкарып турам" – дейт.
Анда атасы: "Ии балам, максатыңа жетипсмиң, көп бийиктикти багынтыпсың. Болбосо, ушунча жылдан бери жалгыз атаңды бир сурап койгонго жараган жоксуң, эми мынтип жигиттериңе айдатып келдиң. Мен сени падыша болбойсуң деген эмесмин, мен сени АДАМ болбойсуң дегем. Мен туура эле айткан экенмим..." дейт да кайрылып сарайдан чыгып кетет.
Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан ошондой мамиле көрөсүң. (Хадис)
Ата-энесине наалат келтиргенге, Алла наалат келтирет. (Хадис)
Колунан жакшылык келбеген адам бийликке келгенде бир, кеткенде бир кордук көрөт. (Саади)
Көйрөңдөр алтын менен сырдалган аспап сыяктуу, алардын ички кудурети сырткы келбетине ылайык келбейт. (Пифагор)
Адамдын эң жаманы гана өзүнө – өзү курсант болот. (Ф.Шаллер)
Турмуш сабактары китебинен