Айтка чейин чач, тырмак алуунун өкүмү
04.07.2022

Айтка чейин чач, тырмак алуунун өкүмү

Суроо:

Айт күнү курмандык чалам деген адамга чачын жана тырмагын алганга болбойбу, бул анын аялы, бала-чакасына да тийиштүүбү?

Жооп:

Курман айтта мал соём деген адамга чачын, тырмагын жана денесиндеги (б.а. колтуктагы, жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы) түктөрдү алууга болбойт. Андыктан мал соём деген адам Зулхижжа айы кире электен алдын чачын, тырмагын жана денесиндеги түктөрүн алып тазалануусу зарыл. Умму Салама (Алла андан ыраазы болсун) энебиз рабаят кылган хадисте Алланын Элчиси ﷺ айткан:

«Кимде-ким курмандыкка мал соё турган болсо, анда Зулхижжа айы жаңыргандан баштап курмандык чалганга чейин чачын кыркпасын жана тырмактарын албасын». (Сахих Муслим: 1977)

Бул өкүм курмандык чалган адамдын жеке өзүнө гана тийиштүү, анын аялы, бала-чакасына тийиштүү эмес. Ал эми ким чачын же тырмагын билбестен алып алган болсо, анда сойгон курмандыгынын сообу азайбайт жана күнөө болбойт. Ханафи мазхабы боюнча айтка чейин чач менен тырмак албастан кечиктиргени мустахаб деп айтылган.

Курмандык чалган адамга чачы менен тырмагын албасын деген буйруктун негизги сыры – курмандык чалган адам ажылык кылган адамга окшош ибадаттарды кылуусу, мисалы, ажылыкка барган адам курмандык соёт, ошондой эле ал ажылыкта ихрам кийгенден баштап ага чачын, тырмагын, денесиндеги түктөрүн алууга тыюу салынган. Ошол сыяктуу курмандык чалган адам да ушул ибадаттарды кылуу менен ажылык кылган адамга окшошот, аларды аткаруу менен Аллага жакындайт.

Быйыл 2022-жылы Зулхижжа айы 30-июнда башталат.
Арапа күн 8-июнь.
Курман айт 9-июнь.

https://t.me/tilmech