Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (10-бөлүм)
07.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (10-бөлүм)

Азандын каталары

Аалымдарыбыз азан айтууда бир канча каталарды белгилеп кетишкен. Аларды да айта кетели:

يَقَعُ في الأذانِ كَثيرٌ مِنَ الأَخطاءِ؛ فَمِن أَخطَاءِ المُؤذِّنِين:
مَدُّ البَاءِ مِن (أَكبَر) فَينقَلِبُ المَعنَى إِلَى مَعنَى الطَّبل. فَعِندَمَا يَقُولُ: اللهُ (آكبَار) فَهَذا مَعنَى الطَّبل.

1- “Акбар” сөзүндөгү “баа”ны созуу. Мында “добулбас” деген маниге айланып калат. Ошондо “Аллооху акбаар” десе жогоркудай маани чыгып калгандыктан ката болуп эсептелинет.

مَدُّ الهَمزَةِ مِن (أَشهَدُ) فَيَخرُج إِلَى الاستِفهَام. بَعضُ المُؤذِّنِينَ يَمُدُّ الهَمزَةَ مِن (أَشهَدُ) فَيَخرُجُ إِلَى الاستِفهَام.

2- “Ашхаду” сөзүндөгү хамза-алифти созуу. Кээ бир азанчылар ушул “ашхаду” сөзүндөгү алифти созуп, “Ааашхаду” деп айтышат, бул ката болуп эсептелинет. Себеби сөздө суроо “күбөлүк берейинби” деген маани чыгып калат. Мында маани бузулгандыктан туура эмес болуп, ката болуп калат.

الوَقفُ علَى (إِلَه), وَيَبتَدِئُ بـ (إِلَّا الله) فَهَذا لَفظٌ كُفرِيٌّ ! فَيَقِفُ علَى (إِلَه) فَيَقُولُ: أَشهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ –ثم يقف- إِلَّا الله.

3- “Ашхаду аллаа Иллаах” деген сөздө токтоп, анан “иллаллох” деп айтуу да ката, бул сөздү мындай кылып айтуу капырлык болуп саналат.

عَدَمُ النُّطقِ بِالهَاءِ مِن (الصَّلَاةِ) يَجعَلُهُا (الصَّلَى) وَهُوَ دُعاءٌ إِلَى النَّارِ. فَإِذَا قَالَ (حَيِّ علَى الصَّلَى) أَيْ: أَقبِلُوا علَى النَّارِ, وَإِنَّمَا الدُّعَاءُ إِلَى الصَّلَاةِ.

4- “Ас-солаат” сөзүндө токтоо болгондо “ة” таа-ны “ه” хаа-га алмаштырып токтоо керек. Эгер аны айтпай калса “Ас-солаа” болуп калат да, мааниси “тозокко келгиле” деген чакыруу болуп калат. А чындыгында чакыруу намазга болуусу керек.

أنْ يُبدِلَ هَاءَ (الصَّلَاة) حَاءً. حَيِّ علَى الصَّلَاحِ!! لِأَنَّهُمَا قَرِيبَانِ فِي المَخرَجِ –الحَاءُ وَالهَاءُ-.

5- “Ас-солаат” сөзүндө токтоо болгондо кичинекей “таа”ны “хаа”га алмаштырып токтоо керек. Ошондо “ه” ны “ح” га алмаштырып айтса ката болот, анткени ал экөө тамакта чыга турган жери бир-бирине өтө жакын болгондуктан кээ бир азанчылар ката кетиришет.

إِخفَاؤُهُم الشَّهَادَتَين حَتَّى لَا تُسْمَع, وَهَذا إِخلَالٌ بِالمَقصُودِ مِن الأَذانِ الذِي هُوَ الإِسمَاعُ!! مِن أَخطَاءِ المُؤذِّنِين:

6- Эки күбөлүк сөздөрүн (Ашхаду) угулбагыдай деңгээлде купуя айтуу. Мындай кылуу, максаты башкаларга угузуу болгон азанга терс болот.

رَفعُ الصَّوتِ بِالصَّلَاةِ وَالسَّلَامِ علَى النَّبِيِّ –صلَّى اللهُ عَلَيهِ وَآلِهِ وَسَلَّمَ- بَعدَ الأَذان وَالذِي استَظهَرَهُ أَهلُ العِلمِ أَنَّ المُؤذِّنَ لَيسَ مُخَاطبًا بِالإِتيَانِ بِالصَّلَاةِ وَالسَّلَامِ علَى النَّبِيِّ –صلَّى اللهُ عَليهِ وَسلَّم- بعَقِبِ الأَذَانِ وَإِنَّمَا ذَلِكَ لِلسَّامِعِين؛(فَقُولُوا مِثلَ مَا يَقُولُ ثُمَّ صَلُّوا عَلَيهِ –صلَّى اللهُ عَلَيهِ وَعلَى آلِهِ وَسَلَّم-)) فَهَذا الأَمرُ لَيسَ لِلمُؤِّذن وَإِنَّمَا هُوَ لِلسَّامِع الذِي يَسمَعُ أَذانَ المُؤذِّن.

7- Азан бүткөндөн кийин Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтылуучу салават жана саламды бийик үн менен айтуу. Илимдүүлөр бизге ачыктап бергенине караганда азандан кийин салават жана салам айтууга азан айтуучулар эмес, балким азан угуучулар буюрулган.

التَّلحِينُ فِي الأَذانِ وَالتَّغَنِّي بِه بمَا يؤدِّي إِلَى تَغيِير حُروفِه وَحركَاتِه. فَبَعضُهم أَحيانًا يَمُدُّ مَدًّا عَارِضًا لِلسِّكُون - مَثلًا فِي (الصَّلاة) أَو (الفَلاح)-, وَينقَطِعُ نَفَسُهُ وَيَأتِي بِنَفَسٍ آخَر يَمُدُّ بِهِ!! حَتَّى إِنَّكَ تَذهَبُ تَتَوضَّأ ثُمَّ تَتَجَهَّزُ لِلصَّلَاة وَهُوَ لَم يَفرُغ بَعد مِن (حَيِّ علَى الصَّلاة)!!

8- Азандын сөздөрүнүн тамгалары жана аракеттери өзгөргүдөй деңгээлде интонация жана обонго салуу менен айтуу. Кээде эки тамга өлчөмүндө созула турган орундарды ушунчалык даражада көп созот, натыйжада деми жетпей калып, экинчи дем менен созот.

الزِّيَادَةِ فِيهِ وَالنُّقصَانُ كَذَلِك.

9- Ошондой эле созулмаларды созууда ашыкча же кем кылуу да ката болуп эсептелинет.

الأَذَانُ دَاخِلَ المَسجِد لَيسَ مِنَ السُّنَّةِ أَنْ يُؤذَّنَ دَاخِل المَسجِد, وَإِنَّمَا السُّنَّةُ أَنْ يُؤذَّنَ خَارِجَ المَسجِد؛ إِمَّا علَى بَابِ المَسجِد وَإِمَّا علَى سَطحِ المَسجِد.

10- Азанды мечиттин ичинен айтуу да сүннөткө кирбейт. Азанды мечиттин сыртында айтуу же мечиттин эшигинин босогосунан сыртта же үстүндө айтуу сүннөт болуп саналат. Бирок жума күнү жума намазы үчүн айтылган экинчи азан мечиттин ичинде айтылуусу макүрөө эмес.

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев