Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (11-бөлүм)
08.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (11-бөлүм)

Жума күнүндөгү экинчи азан

Адатта жума күнү жума намазы үчүн эки азан айтылуусу баарыбызга маалым. Бул кайдан пайда болгон, буга шарияттан далилдер барбы, дегеле бир намазга эки жолу азан айтуу канчалык туура, деген суроолор коомчулукта учурап турат.

عن السائب بن يزيد رضي الله عنه قال: "كَانَ النِّدَاءُ يَوْمَ الْجُمُعَةِ أَوَّلُهُ إِذَا جَلَسَ الإِمَامُ عَلَى الْمِنْبَرِ عَلَى عَهْدِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وآله وسلم وَأَبِي بَكْرٍ وَعُمَرَ رضي الله عنهما فَلَمَّا كَانَ عُثْمَانُ رضي الله عنه (خَلِيفَةً) وَكَثُرَ النَّاسُ (وتباعدت المنازل) زَادَ النِّدَاءَ الثَّالِثَ عَلَى الزَّوْرَاءِ أي الأراضي البعيدة، فثبت الأمر على ذلك ". رواه: البخاري. وسماه البخاري الثالث؛ لأنه يُسمِّي الإقامة أذانًا.

Имам Бухарий, Тирмизий, Насаий жана Абу Давуддар Саиб бин Язидден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: «Жума күнүнүн оболку чакырыгы Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), Абу Бакир жана Умардын доорунда имам минбарга олтурганда айтылчу. Качан Усман (Алла андан ыраазы болсун) калыйпа болгондо адамдар көбөйүп кетип, алыстан келүүчүлөр да көбөйгөндүктөн Завраа деген бийик жердин үстүндө үчүнчү азанды айтуу киргизилди. Иш ушундай болуп бекемделди», делинген. Бул хадистеги чакырык дегенден максат - азан. Үчүнчү азан делинип жаткандыгы кооматты да эсепке алынгандыктан.

Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана эки калыйпа – азирети Абу Бакир Сиддик жана азирети Умар (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) доорунда имам минбарга чыкканда азан айтылчу. Кутпаны окуп болуп, минбардан түшкөндө коомат айтылып, анан намаз окулчу. Бирок азирети Усман (Алла андан ыраазы болсун) калыйпа болгондо Ислам аймактары кеңейип, мусулмандардын саны бир топко ашкан болчу. Имам минбарга чыккандан кийин азан айтып, кутпа кылып, андан соң жума намазы окулчу болсо, алысыраактагы адамдар азанды уккандан соң аракет кылып, мечитке келишсе, намазга кечигип кала турган болушту. Себеби, ал учурда сааттар жок болгон. Азирети Усмандын (Алла андан ыраазы болсун) доорунда адамдар намазга кечигип жаткандыгы талкуу кылынгандан соң аларды мурдараак кабардар кылуу үчүн жума намазынын убагы киргендиги менен бир кошумча азан айтуу жолго коюлду. Бул азан Нурдуу Мединанын базарынын ичиндеги «Завро» деп аталган жайда, бир үйдүн там башында айтыла баштады. Базарда соода-сатык жана башка иштер менен алек болуп жүргөн адамдар ошол биринчи азанды угуп, жума намазынын убагы киргенинен кабардар болуп, иштерин жыйыштырып, даарат алып мечитке чогула турган болушту. Бешим намазынын окула турган убагы болгондо имам минбарга чыгып, анан азанчы Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), азирети Абу Бакир жана азирети Умар (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) доорундагыдай азан айтат жана андан ары адаттагыдай улантып кете бериле турган болду.

Кээ бир мазхабдарда жума намазынын биринчи азаны күн оогонго чейин эле, бешим намазынын убагы кире электе айтылат. Экинчи азан болсо бешимдин убагы кирээри менен минбардын тушунда айтылат. Биздин ханафий мазхабында болсо азан намаздын убагы кире электе айтылбагандыктан, биринчи азан да күн оогондон кийинки убакыт болгондо айтылат, анан жума намазынын парзынан мурунку төрт рекет сүннөтү окулуп бүткөндөн соң имам минбарга чыгып олтурат, анан азанчы анын тушунда туруп экинчи азанды айтат. Андан соң имам эки кутпа окуп болгондон кийин коомат айтылат да намазга турулат.

Бул амал баарына макул келип, жума намазына эки жолу азан айтуу бардык жайда жолго коюлуп, дайымдык иш болуп калды. Бул нерсеге азыркы күнгө чейин бардык жерде жана мазхабдарда амал кылынып келе жатат. Эч ким “Эмне үчүн мындай?” деп нааразылык билдирбейт. Ушундай болуусу да керек.

وقد اختلف الفقهاء في هذه المسألة على قولين:
الأول: ما ذهب إليه جمهور الفقهاء، وهو أن الأخذ بالأذان الثاني سنة مستحبة، واستدلوا بقول النبي صلى الله عليه وسلم: "فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ الْمَهْدِيِّينَ، تَمَسَّكُوا بِهَا، وَعَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ". رواه :أحمد.
واستدلوا أيضًا بالإجماع السكوتي للصحابة الكرام رضي الله عنهم، حيث لم يرد إنكار أحد من الصحابة على عثمان، فكان إجماعا سكوتيًّا.
والقول الثاني: إن للجمعة أذانًا واحدًا، قال الشافعي رضي الله عنه: وأحب أن يؤذن للجمعة أذانًا واحدًا عند المنبر، وأحب ما كان يفعل على عهد رسول الله صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وأبي بكر وعمر. البيان في مذهب الإمام الشافعي: 2/88.
والله تعالى أعلم

Аалымдар бул маселе боюнча эки түрдүү пикирде болушкан:

Биринчиси – Ханафий мазхабынан бөлөк үч мазхабда жума күнүндөгү экинчи азанды айтуу жакшы көрүлгөн сүннөт дешкен. Ага далил катары Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Менин жана менин адилеттүү калыйпаларымдын сүннөтүн өзүңөргө бекем туткула. Аны азуу тишиңер менен кармагандай бекем кармангыла”. (Имам Ахмад рабаяты)”, деген сөзүн карманышкан.

Экинчиден сахабалардын унчукпоо бирикмеси болгон. Сахаабалардан эч ким азирети Усманга (Алла андан ыраазы болсун) нааразылык билдирген эмес. Демек бул унчукпоо бирикмеси болуп калды.

Экинчиси – жума намазына башка намаздар сыяктуу эле бир азан айтылат. Имам Шафий (Алла ага ырайым кылсын): “Жума намазына имам минбарга чыканда бир жолу гана азан айтылуусу мага жагат. Себеби, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), Абу Бакир жана Умар (Алла ад экөөнөн ыраазы болсун) доорунда ушундай кылынган, андыктан мага ушул жагат”, деп айткан. (Имам Шафийдин мазхабы жөнүндө баян: 2/88)

Туурасын Алла Таала Билүүчү!

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев