Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (12-бөлүм)
09.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (12-бөлүм)

Жаңы төрөлгөн наристенин кулагына азан айтуу

Ысым коюлганда наристенин оң кулагына азан айтуу, сол кулагына коомат айтуу жана Алла Тааладан аны коргоосун сурап дуба кылуу жакшы көрүлгөн амалдардан болуп саналат. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

" مَنْ وُلِدَ لَهُ مَوْلُودٌ فَلْيُؤَذِّنْ فِى أُذُنِهِ الْيُمْنَى بِأَذَانِ الصَّلَاةِ، وَلْيَقُمْ فِي أٌذُنِهِ الْيُسْرَى، فَإِنَّهَا عِصْمَةٌ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ"

«Жаңы перзент көргөн адам анын оң кулагына намаздагыдай азан айтсын, ал эми сол кулагына болсо коомат айтсын. Мына ушундай кылуу Алланын уруксаты менен шайтандын жамандыгынан сактайт», деп айткан. Мына ушул хадиске караганда жаңы төрөлгөн наристенин оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтуу сүннөт. Алланын зикири жаңы төрөлгөн баланын кулагына кирген биринчи нерсе болгону кандай жакшы...

Жаңы төрөлгөн перзент ак чүпүрөккө оролот, анткени динибизде чүпүрөктөрдүн эң абзели ак түстүүсү экени айтылган. Тезирээк оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтуу, Алла Тааладан перзентине ыкылас жана ишеним менен дүйнө жана акырет жакшылыктарын суроо зарыл. Бул тууралуу төмөнкү хадисте айтылган.

عَنْ أَبِى رَافِعٍ أَنَّهُ قَالَ: رَأَيْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَهُ أَذَّنَ فِى أُذُنِ الْحَسَنِ بْنِ عَلِيٍّ حِيْنَ وَلَدَتْهُ فَاطِمَةُ. رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ

Абу Рофиден рабаят кылынат: «Мен Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Фатима жана Алинин уулу Хасан төрөлгөндө кулактарына азан жана коомат айтканын көрдүм». (Имам Тирмизий рабаяты)

Башка хадисте мындай деп айтылат:

عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِىَ اللهُ عَنْهُمَا أًنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَذَّنَ فِى أُذُنِ الْحَسَنِ ابْنِ عَلِيٍّ يَوْمَ وُلِدَ وَأَقَامَ فِى أُذُنِهِ اليُسْرَى. رَوَاهُ الْبَيْهَقيُّ

Бин Аббастан (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Хасан бин Али төрөлгөндө оң кулагына азан айтып, сол кулагына коомат айтты». (Имам Байхакий рабаяты)

عَنِ الْحَسَنِ بْنِ عَلِىٍّ عَنِ النَّبِىِّ صَلَّى اللهِ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَنْ وُلِدَ لَهُ مَوْلُودٌ فَأَذَّنَ فِى أُذُنِهِ الْيُمْنَى وَأَقَامَ فِى أٌذُنِهِ الْيُسْرَى، لَمْ تَضُرَّهُ أُمُّ الصِّبْيَانِ. رَوَاهُ أَبُو يَعْلَى فِي مُسْنَدِهِ.

Хасан бин Алиден (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) рабаят: Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ким балалуу болгондо, анын оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтса, ага умму сибян зыян жеткире албайт», деп айткан. (Абу Яла рабаяты)

Хадистеги «умму сибян» шайтан болуп, ал балдарга зыян же оору келтирүүсү мүмкүндүгүн хадис аалымдар айтышкан. Наристенин кулагына азан менен коомат айтуудан максат, бала дүйнөдө биринчи уккан үн жана сөз Алла Тааланын берекелүү ысымы болуусу. Ошондой эле, ушул азан жана коомат себебинен бала түрдүү балээ жана оорулардан саламатта болот, ага шайтан коркунуч салбайт. Анткени шайтан азандын үнүнөн унчукпай качат. Ар бир инсан балалуу болгондо оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтылат. Мунун себебин кээ бир адамдар: «Бул азан инсан баласынын көз жумганда жаназасы үчүн айтылат, наристеге азан айтуу менен анын өлүмүнүн арасында Алла Таалага ибадат, пенделик болуусу үчүн айтылат», деген түшүнүктө болушат. Инсан баласы да төрөлгөндө азан айтылуусунда анын жашоосу ушул убакыттын арасына салыштырылат. Бул сөздөр туура эмес. Жаңы төрөлгөн наристенин кулагына азан жана коомат айтуу ата-эненин милдети, баланын акысы. Азан бул Кудайлык сөздөр экендиги баарыбызга маалым. Бул иштин артыкчылыгы канчалык улуу экендигин баары жакшы билет. Азан айтылган жайда береке болот, азан айтылган жайдан шайтан качат. Андыктан Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү жаңы төрөлгөн наристенин оң кулагына азан, сол кулагына коомат айткан жана үммөттөрүнө да ушундай кылууну осуят кылган. Жаңы төрөлгөн баланын кулагына азан жана коомат айтууда кооз даанышмандык жана олуттуу маани бар. Анда, бул наристе жаңы төрөлдү, али кулагына эч кандай добуш угула элек. Анын кулагына алгач угулуучу добуш «Аллоху Акбар!» болсун, Кудайлык сөздөр болсун, бул бала дайыма жакшы үндөрдү, улуу сөздөрдү угуп жүрсүн, деген арзуу-үмүт бар.

Жогорудагы хадистерде Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү наристелердин кулагына азан айткандыгы белгилүү болду. Күбө болгонубуздай Пайгамбырыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) эч бир хадисте жогоркудай кээ бир адамдардын түшүнүгүндөгүдөй маанилерди айткан эмес. Жаңы төрөлгөн наристенин кулагына кирген биринчи нерсе Алланын зикири болуусу канчалык жакшы. Албетте бул улуу нерсенин өзүнө жараша берекеси болот. Мындан сырткары, баланын кулагына азан жана коомат айтуунун дагы бир даанышмандыгы жогорудагы хадистерде айтылуусуна караганда шайтан, жиндер балага зыян жеткире албайт. Анын үстүнө, азан жана коомат баланын дилине, бүт дене-рухуна жакшы таасир кылуусунан үмүт да бар. Бала төрөлөөр замат, мүмкүн болушунча тезирээк анын кулагына азан айтуу керек. Ысым коюу, жентек той берүүнү жетинчи күнгө чейин кечиктирсе болот. Бирок азан айтууну кечиктирилбейт.

Баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтылат. Маалым болгондой намаз үчүн азан бийик үн менен айтылат. Бирок наристенин кулагына аста, орточо үн менен айтуу керек. Наристенин кулагына азанды мечиттин имамы айтуусу шарт эмес. Арабча тамгаларды туура айта алган ар кандай адам айтса боло берет. Бирок андай киши таппаса, мечиттин имамын чакырып, ага азан айттыруу абзел. Азан айтылгандан соң наристенин таңдайы курма же бир шириндик менен оозандырылат, наристенин акысына жакшылыктар сурап дуба кылынат.

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев