Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (13-бөлүм)
11.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (13-бөлүм)

Коомат айтуунун тартиби

Жогоруда маалым болгондой кооматты азанга караганда тезирээк жана акырыныраак үн менен айтылат. Тезирээк айтуу дегенде араб тилинин өзгөчөлүктөрүнө маани берүү керек. Мисалы, вакф жана васл эрежелерине амал кылуу көздө тутулат.

Вакф дегени сөздүктө токтоо деген маанини билдирет. Тажвид эрежеси боюнча бир сөздү айтканда же окуганда аны менен сөз бүтө турган болсо өзүнө таандык эреже менен токтоо керек.

Васл дегени сөздүктө улап кетүү дегенди билдирет. Тажвид эрежеси боюнча бир сөздү айтканда же окуганда токтобой кийинки сөзгө өтүп кетүү керек болсо өзүнө таандык эреже менен улап окуп кетет.

Коомат да азан сыяктуу эле башында төрт жолу такбир, калган сөздөрү жуп-жуптан, эң аягында тахлил гана бир жолу айтылаары баарыбызга маалым. Башындагы такбирдин айтылуусунда “Акбар” сөзү жазылганда “Акбару” (أَكْبَرُ) болуп жазылат. Тажвид эрежеси боюнча бул сөздү окуганда токточу болсо араб тилинде “у” тыбышын берүүчү “зомма” деп аталчу аракетти түшүрүп, “р” тамгасын сукун менен токтоп окулат. Маселен; “Аллоху Акбар” (اَللهُ أَكْبَرْ). Азанда да, кооматта да төрт такбирдин экөөсүн бири-бирине улап айтуу туура болот. Биринчи такбирдин “акбару” сөзүнүн аягындагы “у” менен экинчи такбирдеги “Аллах” сөзүнүн “л” тыбышын берүүчү “лаам” тамгасына улап окулат. Ошондо экинчи такбирдеги “Аллах” сөзүнүн башындагы “А” тыбышы түшүп калат да Аллоху акбаруЛлоху акбар, деп айтылат.

(اَللهُ أَكْبَرُ اللهُ أَكْبَرْ).

Ушундай тартип менен төрт такбирдин биринчисин экинчисине, үчүнчүсүн төртүнчүсүнө улап окулат.

Эки күбөлүк сөздөрүнө келсек, аларды да бир-бирине улап айтылат. “Ашхаду аллаа илааха иллаллох” сөзүнүн аягындагы сөз “иллаллоху” болуп жазылат. Эми азан айтаарда бул күбөлүк сөзүнүн экөө тең токтоп айтылгандыктан, токтогондо “иллаллох” болуп эле токтолот. Ал эми кооматта болсо биринчи күбөлүк сөзүнүн аягындагы “Аллах” сөзүнүн аягындагы “х” тамгасынын үстүндөгү “у” тыбышын берүүчү “зомма”ны билдирип экинчисине улап, экинчисинин аягында токтоо эрежеси менен “Аллах” сөзүнүн аягындагы “х” тыбышын сукун менен токтоп төмөнкүдөй тартипте айтылат:

“Ашхаду аллаа илааха иллаллоху ашхаду алла илааха иллаллооох”.

(أَشْهَدُ أَنْ لَا إلٰهَ إلَّا اللهُ أَشْهَدُ أَنْ لَا إلٰهَ إلَّا اللهْ ).

Ошондой эле экинчи күбөлүк сөзүнүн акыркы сөзү болгон “Аллох” сөзү жазылганда “Аллохи” болот. Андыктан кошкондо ошол “и” тыбышын берүүчү касраны билдирип окуйбуз.

“Ашхаду анна Мухаммадр росуулуллоохи ашхаду анна Мухаммадар росуулуллооох”

(أَشْهَدُ أنَّ مُحَمَّدًا رَّسُولُ اللهِ أَشْهَدُ أنَّ مُحَمَّدًا رَّسُولُ اللهْ )

Эми кезектеги “Хаййа ала…” сөздөрүнүн кооматта айтылуу тартиби төмөнкүдөй болот:

“Алаа” сөзү араб грамматикасында “харфу жар” – өзүнөн кийинки келген сөздү касралуу кылуучу милдетин аткарат. Ошондуктан андан кийин келген “солат” сөзү “солати” болуп окулат. “Солат” сөзү вакф болгондо тажвид эрежеси боюнча сөздүн аягындагы “т” тыбышы “х” тыбышына алмаштырылып окулат. Андыктан азанда ар бир сөз токтоп айтылгандыгынан “... алас солааах» болуп окулат. Демек кооматта бул сөздөр төмөнкүдөй тартип менен айтылат:

“Хаййа алас солаати хаййа алас солаах"

(حَيَّ عَلَى الصَّلّاةِ حَيَّ عَلَى الصَّلَاهْ)

“Хаййа алал фалаахи хаййа алал фалаах”

(حَيَّ عَلَى الْفَلَاحِ حَيَّ عَلَى الْفَلَاحْ)

Кооматтын өзгөчө сөзү болгон “код кооматис солаах” сөзүндөгү акыркы сөз “солаат” сөзүн улаганда “солаату” болуп “у” тыбышын берүүчү “зомма”ны билдирип окулат. Себеби араб тилинде “коомат” сөзү этиш, ал эми солаат” сөзү болсо “аткаруучу” болуп саналат. Араб грамматикасынын эрежеси боюнча сукун менен бүткөн “коомат” сөзү өзүнөн кийинки келген “алиф лам” менен башталган “ас-солаат” сөзүнө “шамсия” эрежеси менен уланганда сукундун ордуна “и” тыбышын берүүчү “касра” менен окулат. Натыйжада өзүнөн кийинки “ас-солат” сөзүнө васл кылынганда “...кооматис солаат” болот. Ошондой эле жогоруда айтылгандай этиштин аткаруучусу болгон “ас-солат” сөзүнүн аягында “у” тыбышын берүүчү “зомма”сы билдирип окулат. Демек “... кооматис солаату” болуп жазылат. Эми коомат айтканда бул сөздүн биринчисин улоо менен экинчисине улап окуйбуз да экинчисин вакф эрежеси менен токтойбуз. “Солат” сөзү вакф кылынганда “т” тыбышы “х” тыбышына алмашып окулат.

“Код кооматис солаату код кооматис солааах”

(قَدْ قَامَتِ الصَّلَاةُ قَدْ قَامَتِ الصَلَاهْ)

Андан кийинки такбирлердин айтылуу тартиби жогоруда айтылды. Ал эми эң акыркы сөз “Лаа илааха иллаллооох” сөзү азанда да, кооматта да акыркы тамгасы болгон “х” тыбышы менен токтоп айтылат.

Азан айтууда эки күбөлүк, эки хаййа ала жана акыркы тахлил сөздөрүндө токтогондо тажвид илиминдеги «мад аариз» эрежеси менен эки алифтен төрт алифке чейин созуп токтоо керек. Ал эми багымдат намазындагы “Ассолаату хойрум минан наум” сөзүндө болсо тажвид илиминдеги “мад лин аариз” эрежеси менен “наум” сөзүндөгү “уа” тыбышын эки алифтен төрт алифке чейин кармап айтабыз.

Маселен, “Ассолаату хойрум минан наууум”.

Ошондой эле коомат айтууда жогоруда айтылган эки күбөлүк, эки хаййа ала сөздөрүнүн экинчисинде, акыркы тахлил сөзүндө жана “код кооматис солаах” сөзүндө токтогондо “мад аариз” эрежеси менен бир аз созуп токтоо керек.

Төмөндө кооматтын баштан аяк айтылуу тартиби жазуу менен:

Аллооху акбаруллооху акбар. Аллооху акбаруллооху акбар.

Ашхаду аллаа илааха иллаллооху ашхаду алла илааха иллаллооох.

Ашхаду анна Мухаммадар росуулуллоохи ашхаду анна Мухаммадар росуулуллооох.

Хаййа алас солаати хаййа алас солааах.

Хаййа алал фалаахи хаййа алал фалааах.

Код кооматис солаату код кооматис солааах.

Аллоху акбаруллоху акбар.

Лаа илааха иллаллооох.

Уландысы бар

Даярдаган: Абибилла Кадырбердиев