Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (2-бөлүм)
25.12.2021

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (2-бөлүм)

Имам ал-Баззар кылган рабаятта Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) азанды Исра кечесинде көрсөтүлгөнү жана жети асмандын үстүнөн уккандыгы жөнүндө сөз барат. Бул рабаяттагы окуялардан миң төрт жүз жыл өтүп айга кадам баскан Америкалык косманавт да айда туруп, азанды укту. Бул үндү үн жазуучу аппаратына жаздырып алды. Жылдар өтүп, косманавт Мисирге келип азанды укканда, көпчүлүк катышкан жыйында, бул үндү айда укканмын, деп тан калды.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ –رَضِيَ اللهُ عَنْهُ- قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ -صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ-: «إِذَا نُودِيَ بالصَّلاَةِ، أدْبَرَ الشَّيْطَانُ، وَلَهُ ضُرَاطٌ حَتَّى لاَ يَسْمَعَ التَّأذِينَ، فَإذَا قُضِيَ النِّدَاءُ أقْبَلَ، حَتَّى إِذَا ثُوِّبَ للصَّلاةِ أدْبَرَ، حَتَّى إِذَا قُضِيَ التَّثْوِيبُ أقْبَلَ، حَتَّى يَخْطِرَ بَيْنَ المَرْءِ وَنَفْسِهِ، يَقُولُ: اذْكُرْ كَذَا واذكر كَذَا - لِمَا لَمْ يَذْكُر مِنْ قَبْلُ - حَتَّى يَظَلَّ الرَّجُلُ مَا يَدْرِي كَمْ صَلَّى. مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ.
Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: «Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Качан намазга азан айтылса, шайтан азанды укпас үчүн артынан жел чыгарып артка качат. Азан айтылып бүтсө, кайтып келет. Качан коомат айтылса, дагы артка кетет. Коомат айтылып бүтсө, адамдардын дилине азгырык салуу үчүн кайтып келет. Ал мурда эстей албай жүргөн нерселерин айтып, аны эсте, муну эсте, дейт. Жадагалса, адам канча рекет намаз окуганын да билбей калат», деди». (Имам Бухарий жана Имам Муслим рабаяты)
حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ، وَعُثْمَانُ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ، وَإِسْحَاقُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ، قَالَ إِسْحَاقُ أَخْبَرَنَا وَقَالَ الآخَرَانِ، حَدَّثَنَا جَرِيرٌ، عَنِ الأَعْمَشِ، عَنْ أَبِي سُفْيَانَ، عَنْ جَابِرٍ قَالَ سَمِعْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ ‏ "‏ إِنَّ الشَّيْطَانَ إِذَا سَمِعَ النِّدَاءَ بِالصَّلاَةِ ذَهَبَ حَتَّى يَكُونَ مَكَانَ الرَّوْحَاءِ ‏"‏ ‏.‏ قَالَ سُلَيْمَانُ (الأَعْمَشِ) فَسَأَلْتُهُ عَنِ الرَّوْحَاءِ ‏.‏ فَقَالَ هِيَ مِنَ الْمَدِينَةِ سِتَّةٌ وَثَلاَثُونَ مِيلاً". رَوَاهُ مُسْلِمٌ ‏
Имам Муслим кылган рабаятта: «Качан шайтан намазга азан айтылганын укса, Равхага чейин болгон аралыкка качат», деген». «Равха» Мадинадан отуз-кырк чакырым чамалуу алыстыктагы жайдын аты. Ушул хадистерде азан жана кооматтын канчалык пазилеттүү нерсе экени жөнүндө сөз барууда. Дүйнөдөгү бар жамандык, капырлык жана азгырыктын белгиси болгон шайтанды ушунчалык коркуткан нерселер пазилеттүү болбой, эмне пазилеттүү болмок эле...? Азан айтылганда катуу качкандыгынан шайтандын аркасынан жел чыгып кетүүсүнөн, ага Алланын улуулоо менен көтөрүлгөн үн канчалык катуу таасир кылуусун көрсөтүп турат. Ошондой эле отуз же кырк чакырым алыстыкка качуу да жеңил иш эмес. Бул дегени Алланын улуулугун көтөрүлүп азан айтылган жайда жана коомат айтылган жайда да шайтан болбойт, дегени. Аны менен бирге, азан жана коомат айтуучу азанчылардын да артыкчылыгы бар эккендигин билип алабыз. Шайтан инсанды намазда кантип азгыруусу ушул хадисте ажайып усул менен ачыктап берилди. Демек, намаз окуган учуруда ошол азгырыктан алыс болуу жолун издөө керек болот.
حَدَّثَنَا عَبْدُ اللهِ بْنُ يُوسُفَ، قَالَ أَخْبَرَنَا مَالِكٌ، عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ أَبِي صَعْصَعَةَ الأَنْصَارِيِّ، ثُمَّ الْمَازِنِيِّ عَنْ أَبِيهِ، أَنَّهُ أَخْبَرَهُ أَنَّ أَبَا سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ قَالَ لَهُ ‏ "‏ إِنِّي أَرَاكَ تُحِبُّ الْغَنَمَ وَالْبَادِيَةَ، فَإِذَا كُنْتَ فِي غَنَمِكَ أَوْ بَادِيَتِكَ فَأَذَّنْتَ بِالصَّلاَةِ فَارْفَعْ صَوْتَكَ بِالنِّدَاءِ، فَإِنَّهُ لاَ يَسْمَعُ مَدَى صَوْتِ الْمُؤَذِّنِ جِنٌّ وَلاَ إِنْسٌ وَلاَ شَىْءٌ إِلاَّ شَهِدَ لَهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ‏"‏‏.‏ قَالَ أَبُو سَعِيدٍ سَمِعْتُهُ مِنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ‏.‏
Абдулла бин Абдурахман бин Абу Сосоа (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: Ал кишиге Абу Саид ал-Худрий (Алла андан ыраазы болсун): «Мен сенин койду жана чөлдү жакшы көрүүңдү билемин. Качан, койлоруңдун арасында же чөлүңдө болсоң да намазга азан айта турган болсоң, үнүңдү бийик көтөр. Анткени жин болсун же инсан болсун же башка бир нерсе азанчынын үнүн укса, албетте, Кыямат Күнү ага күбөлүк берет. Муну Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) укканмын», деген экен. (Имам Бухарий жана Насаий рабаят кылган) Ушул шарапаттуу хадисте азандын жана азан айтуучу кишинин артыкчылыгы дагы да ашырылууда. Аны менен бирге азанды болушунча алыска жеткидей кылып айтууга кызыктырылууда. Азирети Билал (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мечитинин айланасындагы эң бийик үй болгон Бани Нажжар уруусунан болгон бир аялдын үйүнүн үстүнө чыгып алып азан айтчу. Бул хадистен жалгыз адам чөлдө болсо да азан айтып намаз окуусу жакшы экендиги белгилүү болду.
عَنْ مُعَاوِيَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «الْمُؤَذِّنُونَ أَطْوَلُ النَّاسِ أَعْنَاقاً يَوْمَ الْقِيَامَةِ». رَوَاهُ مُسْلِمٌ.

Муавия (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: «Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Азан айтуучулар Кыямат Күнү моюну эң узун адамдар болушат», деди». (Муслим жана Ахмад рабаят кылган). Бул хадисте азан айтучулардын артыкчылыгы Кыямат Күнү жогорку даражада болуусу тууралуу сөз болуп жатат. Алар бардык адамдардын ичинен артыкчылыгы менен өзгөчөлөнүп турат экен. Арабдарда асылзат, улуу кишилерди моюну узун деп сыпаттоо адаты бар.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الإِمَامُ ضَامِنٌ وَالْمُؤَذِّنُ مُؤْتَمَنٌ اللَّهُمَّ أَرْشِدِ الْأَئِمَّةَ وَاغْفِرْ لِلْمُؤَذِّنِينَ. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ وَالشَّافِعِيُّ وَالتِّرْمِذِيُّ
Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: «Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Имам жоопкерчиликтүү, азанчы аманаткөй. Эй, Аллахым! Имамдарды туура жолго баштап, азанчыларды кечиргин” деди. (Абу Дауд, Шафий жана Тирмизий рабаят кылган). Бул шарапаттуу хадистен имам жана азанчылардын жоопкерчиликтүүлүгү баян кылынып жатат. Имам өз коомунун намазы үчүн жооптуу. Ал намазды кемчиликсиз аткарса, коомунун да намазы кемчиликсиз болот. Эгер имамдын намазы орточо болсо, бүт коомдун намазы да орточо болот. Имам өзүн таза тутуп, намазды жогорку дражада окуп турса, өзү да, коому да сооп жана жогорку даражага жетишет. Ал эми кемчиликке жол койсо, күнөөсү өзүнө болот. Ошондой эле, азанчы да өз коомунун аманатчысы. Анын мойнуна бүтүн баштуу бир коомдун намазы өз убагында окулуусу, орозонун убагында бекилип, убагында ачылуусу жүктөлгөн. Эгер азанчы такыбаа болуп, өзүнө жүктөлгөн аманатты сыймыктануу менен аткарган болсо чоң даражаларга жетишет. Бирок аманатка кыянат кылса, иши шерменде болот. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аларга дуба кылып: “Эй, Аллахым! Имамдарды туура жолго баштап, азанчыларды кечиргин” деди.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: الْمُؤَذِّنُ يُغْفَرُ لَهُ مَدَى صَوْتِهِ، وَيَسْتَغْفِرُ لَهُ كُلُّ رَطْبٍ وَيَابِسٍ. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Азанчы үнү жеткен жерине чейин кечирилет жана ага ным жана кургактын баары күбөлүк берет” деди. (Абу Дауд рабаят кылган). Насаийдин өз рабаятында: «Азанчыга азан менен намаз окугандардын сообунча сооп берилет», деген текст ашыкча кылынган. Азан айтуу өтө жоопкерчиликтүү иш болуусу менен биргеликте өтө сыймыктануучу иш дагы болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Азанчы үнү жеткен жерине чейин кечирилет», деп айткан сөзү өтө улук сөз. Бул анын күнөөлөрү жыйналып, ар тарапка жайылса, анын азан айткандагы үнү кай жерге жетсе, ошол жерге чейинки болгон күнөөлөрү кечирилет дегени болуп саналат. Анын үстүнө Кыямат Күнү ага азаны жеткен жерлердеги бардык ным жана кургак нерселердин баары жакшылык менен күбөлүк берүүсү өтө чоң жогорку даража болуп эсептелет. Эң таң калыштуусу, азанчынын азанын угуп, жамаат намазына келген бардык намаз окуучулардын канча сообу болсо, азанчынын өзүнө да ошончо сооп болуусу.

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев