Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (3-бөлүм)
26.12.2021

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (3-бөлүм)

Азан жана кооматтын баяны

Азан айтуу беш убак парз намаздары жана жума намазы үчүн бекемделген сүннөт болуп саналат. Азан намаздын убагы киргенде айтылат. Эгер намаздын убагы кире электе айтылса, ал азанды убакыт киргенде кайрадан айтылат. Негизинде намаздын убагы кире электе азан айтуу арам болуп саналат. Андыктан азан айткан азанчы намаз убакыттарын так билүүсү шарт. Себеби бүт мусулмандар алардын азанына карап дүйнөлүк жана акыреттик иштерин тартиптештирет. Намаз убакыттарын так билбеген азанчынын азан айтуусунда сооп жок. “Фатаваи Казыхан”да жана “Фатаваи Хания”да ушундай делинген.

Имам Абу Давуд Абдулла бин Зайддан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылган хадисте, ал киши түшүндө көргөн, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) тастыктаган азан азыр бардык жерде айтылып жаткан азан, жалаң араб тилинде айтылуусу керек. Парсча же башка тилде айтылган азан жарабай калат.
«Аллоху Акбар, Аллоху Акбар, Аллоху Акбар, Аллоху Акбар, Ашхаду аллаа илаха иллаллох, Ашхаду аллаа илаха иллаллох, Ашхаду анна Мухаммадар Расуулуллох, Ашхаду анна Мухаммадар Расуулуллох, Хаййа алас солах, Хаййа алас солах, Хаййа алал фалах, Хаййа алал фалах, Аллоху Акбар, Аллоху Акбар, Лаа илаха Иллаллох».

Ушул сөздөрдүн маанилери төмөнкүчө:
«Аллоху Акбар» Алла Улук. Алла ар бир нерседен Улуу. Ал Зат өзүнө таандык кылынган ылайыксыз нерселерден Улуу.
«Ашхаду аллаа илаха иллаллох» Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок деп күбөлүк берем.
«Ашхаду анна Мухаммадар Расуулуллох» Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Алланын Элчиси экенине күбөлүк берем.
«Хаййа алас солах» Намазга келиңиздер, шашылыңыздар.
«Хаййа алал фалах» Жеңишке, кутулууга келиңиздер, шашылыңыздар.

Калган сөздөрдүн маанилери ин шаа Алла баарыбызга белгилүү. Бир гана багымдат намазынын азанында “Хаййа алал фалах”дан кийин эки жолу “Ассолаату хойрум минан наум – намаз уйкудан жакшыраак” деп кошуп айтылат.

Төмөнкү хадисте Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Билалга (Алла андан ыраазы болсун) мындай деп айткан:

رَوَاهُ الطَّبَرَانِيُّ فِي " مُعْجَمِهِ الْكَبِيرِ "حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ عَلِيِّ الصَّائِغِ الْمَكِّيِّ حَدَّثَنَا يَعْقُوبُ بْنُ حُمَيْدٍ حَدَّثَنَا عَبْدُ اللهِ بْنُ وَهْبٍ عَنْ يُونُسِ بْنِ يَزِيدٍ عَنِ الزَّهْرِيِّ عَنْ حَفْصِ بْنِ عُمَرَ { عَنْ بِلَالٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّهُ أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُؤذِنُهُ بِالصُّبْحِ فَوَجَدَهُ رَاقِدًا ، فَقَالَ : الصَّلَاةُ خَيْرٌ مِنَ النَّوْمِ مَرَّتَيْنِ ، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : مَا أَحْسَنُ هٰذَا يَا بِلَالُ ، اجْعَلْهُ فِي أَذَانِكَ}

Хафс бин Умар рабаят кылат: «Азирети Билал (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) багымдатттын убагы болгондугун билдиргени келгенде ал зат уктап жаткан болот. Ошондо Билал (Алла андан ыраазы болсун): “Ассолаату хойрум минан наум – намаз уйкудан жакшыраак”, деп эки жолу айтты. Анан Пайгамбарыбыз Билалга: “Эй, Билал! Бул айткан сөзүң кандай жакшы экен. Ушуну багымдаттагы азаныңа кошуп кой”, деди. (Имам Табараний рабаяты)

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев