Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (4-бөлүм)
01.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (4-бөлүм)

Азанды кимдер айтпайт:

Азан жана кооматты жунуб, акылдан азган, дини тайкы, мас, даараты жок адам, акылын тааный элек жаш бала жана аялдардын айтуусу макүрөө.

Дааратсыз адам азан айтса макүрөө болбойт деген сөздөр фикх китептерибизде айтылган. Себеби, дааратсыз адам азан айтып коюп, намаз башталганга чейин даарат алып алса болот, бирок ошентсе да даарат менен айткан абзел. Ал эми дааратсыз адамдын коомат айтуусу макүрөө болот. Анткени, ал адам кооматты айтып, өзү даарат алууга баруусу керек. Өзү кылбаган амалга башкаларды чакыруу туура эмес. Ошентсе да анын айткан кооматы менен намаз окула берет, себеби кооматтын кайра-кайра айтылуусу шариятта жок. Макүрөөнүн кесепети ошол дааратсыз коомат айткан адамдын өзүнө болот, коомго зыяны жок.

Жунуб абалда азан айтуу макүрөө. Бул жөнүндө башка рабаят жок. Дааратсыз абалда азан айтуу жана жунуб абалда азан айтуунун ортосундагы айырма, азан чындыгында намаз болбостугу менен бирге кээ бир жааттарынан намазга окшогону үчүн, жунубдукта анын намазга окшогон тарабы назарда тутулган. Дааратсыздык болсо, жунубдукка караганда жеңилирээк, андыктан анда азандын чындыгында намаз эместик тарабы каралган. Жамиус-сагир китебинде айтылуусуна караганда: “Эгер азан менен кооматты дааратсыз айтса кайталап айтпайт. Жунуб адамдын азанын кайтып айтуу мен үчүн жакшыраак". Анткени дааратсыз айтылган азандын кайра айтылуусу жөнүндө эч бир рабаят жок, жунуб абалда айтылган азандын болсо кайра айтылуусу жөнүндө эки рабаят бар. Ошентсе да, жунуб абалда айтылган азан кайра айтылат, кооматы кайтарылбайт, себеби азан жума намаздарында болгонундай кээде кайталанат. Кооматтын кайталануусу болсо, эч жерде жок.

رَوَاهُ الْبَيْهَقِيُّ عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا، أَنَّهُ قَالَ: (لَيْسَ عَلَى النِّسَاءِ أَذَانٌ وَلَا إِقَامَةٌ).

Абдулла бин Умар (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) айтат: “Аялдарга өздөрү намаз окуганда да башка учурда да азан жана коомат айтуу шарт эмес”. (Имам Байхакий рабаяты)

Аялдын азан айтуусу макүрөө болгондугунун себеби, аялдын үнү абийир болгондуктан. Аялдын үнүн бийик көтөрүп азан айтуусунда көбүрөөк питна болуусу мүмкүн. Эгер аял азан айтып койсо, азаны кайталап айтылат.

إِقَامَةُ الْمَرْأَةِ لِلصَّلَاةِ لِجَمَاعَةِ الرِّجَالِ اتَّفَقَ الْعُلَمَاءُ عَلَىٰ أنَّهُ لَا يَجُوزُ لِلْمَرْأَةِ أَنْ تُقِيمَ الصَّلَاةَ لِجَمَاعَةِ الرِّجَالِ؛ وَذٰلِكَ لِأنَّهُ لَا يُشْرَعُ لَهَا الْأَذَانُ، وَهُوَ مَا يَحْتَاجُ لِرَفْعِ الصَّوْتِ وَعُلُوِّهِ، وَكَذٰلِكَ الْإِقَامَةُ فَلَا تُشْرَعُ لَهَا لِحَاجَتِهَا لِرَفْعِ الصَّوْتِ وَعُلُوِّهِ.

Аялдардын эркектердин жамаатына коомат айтуусун аалымдар дурус эместигине бирдиктүү – келишим кылышкан. Анткени аял киши азан жана коомат айтканда үнүн көтөрүү керек болот. Мындай кылуу аял кишиге туура келбейт. Кээ бир аалымдар аял кишинин эркектердин жамаатына коомат айтуусун арам деп айтышкан.

Мас адам менен акылын тааный элек жаш баланын азан айтуусу макүрөө болгондугунун себеби, көбүнчө алар эмне айтып жаткандыгынын айырмасын билишпейт. Андыктан булардын айткан азаны да кайталап айтылат.

Уандысы бар

Абибилла Кадырбердиев