Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (5-бөлүм)
02.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (5-бөлүм)

Сапардагы азан жана каза намаздарга азан айтуу

Сапарда жүргөн мусапырлар азан жана кооматты айтуулары керек.

عَنْ مَالِكِ بْنِ الْحُوَيْرِثِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَدِمْتُ عَلَىٰ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَا وَابْنُ عَمٍّ لِي ، فَقَالَ لَنَا: إِذَا سَافَرْتُمَا فَأَذِّنَا وَأَقِيمَا ، وَلِيَؤُمَّكُمَا أَكْبرُكُمَا. رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ

Малик бин Хувайристен (Алла андан ыраазы болсун) рабаят: “Биз аталаш иним экөөбүз Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) келдик. Анан ал зат бизге: “Эгер сапарда болсоңор намаз окуганыңарда азан жана коомат айткыла, жашы улуурагыңар имам болсун”, деп айтты. (Имам Тирмизий рабаяты)

وَ يَأْتِي بِهِمَا الْمُسَافِرُ وَالْمُصَلِّي فِي الْمَسْجِدِ جَمَاعَةً وَ فِي بَيْتِهِ فِي مِصْرٍ وَ كُرِهَ تَرْكُهُمَا لِلْأُولَيَيْنِ لَا لِلثَّالِثِ أَيْ كُرِهَ تَرْكُ كُلِّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا لِلْمُسَافِرِ وَالْمُصَلِّي فِي الْمَسْجِدِ جَمَاعَةً أَمَّا تَرْكُ وَاحِدٍ مِنْهُمَا فَلَمْ يَذْكُرْهُ فَنَقُولَ أَمَّا الْمُصَلِّي فِي الْمَسْجِدِ جَمَاعَةً فَيُكْرَهُ لَهُ تَرْكُ وَاحِدٍ مِنْهُمَا وَ أَمَّا الْمُسَافِرُ فَيَجُوزُ لَهُ الْإِكْتِفَاءُ بِالْإِقَامَةِ وَالْمُصَلِّي فِي بَيْتِهِ فِي مِصْرٍ إِنْ تَرَكَ كِلَا مِنْهُمَا يَجُوزُ لِقَوْلِ ابْنِ مَسْعُودٍ رَضَيَ اللهُ عَنْهُ أَذَانُ الْحَيِّ يَكْفِينَا وَ هٰذَا إِذَا أُذِّنَ وَ أُقِيمَ فِي مَسْجِدِ حَيِّهِ وَ أَمَّا فِي الْقُرَىٰ فَإِنْ كَانَ فِيهَا مَسْجِدٌ فِيهِ أَذَانٌ وَ إِقَامَةٌ فَحُكْمُ الْمُصَلِّي فِيهَا كَمَا مَرَّ وَالْمُصَلِّي فِي بَيْتِهِ يَكْفِيهِ أَذَانُ الْمَسْجِدِ وَ إِقَامَتُهُ وَ إِنْ لَمْ يَكُنْ فِيهَا مَسْجِدٌ كَذَا فَمَنْ يُصَلِّي فِي بَيْتِهِ فَحُكْمُهُ حُكْمُ الْمُسَافِرِ

Мусапыр, жамаат мечитинде намаз окуган адам жана шаарда үйүндө намаз окуган адам үчөө тең намаз окуганда азанды да кооматты да айтып намаз окуйт. Алгачкы экөө азан менен кооматты таштап койсо макүрөө болот, үчүнчүсү таштап койсо макүрөө болбойт. Тагыраагы, мусапыр менен жамаат мечитинде намаз окуган адам азан жана кооматты айтпай таштап койсо макүрөө болот. Шаарда үйүндө намаз окуган адам айтпай таштап койсо макүрөө эмес. Ал эми экөөнөн бирөөсүн таштап койсо эмне болуусу жөнүндө айтылган эмес. Биз айтабыз: “Жамаат мечитинде намаз окуган адам азан же кооматтын бирөөсүн таштап койсо да макүрөө болот андыктан ал экөөн да айтуу керек. Мусапыр болсо азанды айтпай эле коомат менен чектелсе болот. Шаарда үйүндө намаз окуган адам болсо экөөн тең айтпай таштап койсо да боло берет. Себеби, Бин Масуд (Алла андан ыраазы болсун): “Айылдын азаны бизге жетиштүү”, деп айткан. Бул уруксат эгер айылдагы мечитте азан жана коомат айтылып турса болот. Ал эми кыштактарды айта турган болсок, ал жерде мечит болуп, анда азан жана коомат айтылып турса анда өкүм жогорудагыдай эле болот. Үйүндө намаз окуган адамга айылындагы мечиттин азаны жана кооматы жетиштүү. Эгер айылда мечит жок болсо анда анын азан жана коомат айтуудагы өкүмү мусапырдын өкүмүндөй болот. (Шархул викоя, 1-том, 155-бет)

Ханафий мазхабында каза намаздар үчүн да азан жана коомат айтылат.

رَوَىٰ مُحَمَّدُ بْنُ الْحَسَنِ فِي " كِتَابِهِ الْآثَارِ أَخْبَرَنَا أَبُو حَنِيفَةَ عَنْ حَمَّادِ بْنِ أَبِي سُلَيْمَانَ عَنْ إِبْرَاهِيمَ النَّخَعِيِّ ، قَالَ: أنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حِينَ قَفِلَ مِنْ غَزْوَةِ خَيْبَرَ ، فَسَارَ لَيْلَةً ، حَتَّىٰ إِذَا أَدْرَكَهُ الْكَرَىٰ عَرَّسَ (نَزَلُ آخِرَ اللَّيْلِ لِلاسْتِرَاحَةِ) رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ : مَنْ يَحْرُسَنَا اللَّيْلَةَ ؟ ، فَقَالَ رَجُلٌ مِنَ الْأَنْصَارِ شَابٌّ : أَنَا يَا رَسُولَ اللهِ أَحْرُسُكُمْ ، فَحَرِسَهُمْ ، حَتَّىٰ إِذَا كَانَ مِنَ الصُّبْحِ غَلَبَتْهُ عَيْنَاهُ فَمَا اسْتَيْقَظُوا إِلَّا بَحْرُ الشَّمْسِ ، فَقَامَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَتَوَضَّأَ ، وَتَوَضَّأَ أَصْحَابُهُ ، وَأَمَرَ الْمُؤَذِّنَ فَأَذَّنَ ، وَصَلَّىٰ رَكْعَتَيْنِ ، ثُمَّ أُقِيمَتْ الصَّلَاةُ ، فَصَلَّى الْفَجْرَ بِأَصْحَابِهِ ، وَجَهَرَ فِيهَا بِالْقِرَاءَةِ ، كَمَا كَانَ يُصَلِّي بِهَا فِي وَقْتِهَا

Имам Мухаммад бин Хасан (Алла ырайым кылсын) “Аасар” деген китебинде Абу Ханифадан (Алла ырайым кылсын) ал Хаммад бин Абу Сулаймандан рабаят кылат: “Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Хайбар казатынан келе жатып түнү жол жүрүштү, анан чарчашкандыктан түндүн акыркы бөлүгүндө бир аз эс алуу үчүн токтошту. “Бизге ким күзөтчү болот?”, деди. Ошондо ансарлардан болгон бир жаш жигит: “Мен күзөтчү болоюн эй Алланын Элчиси”, деп аларга күзөтчүлүк кылды. Таң жүргөндө күзөтчүнүн да көзү илинип кетти. Уктап жаткан коомду күндүн нуру ойготуп ийди. Натыйжада багымдат намазы каза болду Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) туруп даарат алды. Башка бир рабаятта: “Тез бул жерден жылып кетели, себеби бул жерде шайтан бар экен”, деп башка жакка жылып кетишкен. Сахабалар да даарат алышты. Анан Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Билалга азан айтууга буйрук берди, ал азан айтты. Анан багымдаттын эки рекет сүннөтүн окушту. Андан кийин коомат айтылды да багымдаттын эки рекет парзын окушту. Багымдаттын парзы өз убагындагыдай кырааты жарыя кылынып окулду.

Демек, ушул хадистен көрүнүп тургандай каза болгон намаздарды окууда да азан жана коомат айтылат. Дагы бир салыштырмалуу далил. Азандын айтылуусуна себеп намаздын убагы. Өз убагында окулуучу намаздардын убагынын кирип чыгуусу баарыбызга маалым. Кайсы бир намаздын убагы кирсе азан айтууга себеп табылды. Ал эми каза намаздын убагы болсо качан аны эстегенде.

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ النَّبِيُّ - صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ -: ((مَنْ نَسِيَ صَلَاةً، فَلْيُصَلِّهَا إِذَا ذَكَرَهَا، لَا كَفَّارَةَ لَهَا إِلَّا ذٰلِكَ، رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ (597)، وَمُسْلِمٌ (684)، وَأَبُو دَاوُدَ (442)، وَالتِّرْمِذِيُّ (178)، وَالنَّسَائِيُّ (1/ 293)، وَابْنُ مَاجَه (695). وَفِي رِوَايَةٍ: ((إِذَا رَقَدَ أَحَدُكُمْ عَنِ الصَّلَاةِ أَوْ غَفَلَ عَنْهَا، فَلْيُصَلِّهَا إِذَا ذَكَرَهَا))

Анас бин Маликтен (Алла андан ыраазы болсун) рабаят: “Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Ким намазын унутуп калса, качан аны эстегенде дароо окусун. Анын мындан башка капараты жок, деп айтты”. (Имам Бухарий, Муслим, Абу Давуд, Тирмизий, Насаий жана Бин Маажалар рабаяты) Башка бир рабаятта: “Ким намазынан уктап калса же капылетте калса, качан эстегенде дароо окусун”, делинген.

Ханафий аалымдары каза намаздын да убагы бар, ал эске түшкөн убакыт, азанга себеп табылды. Андыктан каза намаздарга да азан жана коомат айтылат, дешкен.

Эгер эки же андан ашык канчалык көп, бир нече күндүк болсо да каза намаздарды арасына эч кандай башка амал кошпой, катары менен окуй турган болсо, башындагысына азан айтып, калгандарын коомат менен окуй берсе болот.

عَنْ عَبْدِاللهِ بْنِ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ إنَّ الْمُشْرِكِينَ شَغَلُوا النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ أَرْبَعِ صَلَوَاتٍ يَوْمَ الْخَنْدَقِ فَأَمَرَ بِلَالًا فَأَذَّنَ ثُمَّ أَقَامَ فَصَلَّى الظُّهْرَ ثُمَّ أَقَامَ فَصَلَّى الْعَصْرَ ثُمَّ أَقَامَ فَصَلَّى الْمَغْرِبَ ، ثُمَّ أَقَامَ فَصَلَّى الْعِشَاءَ. رَوَاهُ النَّسَائِيُّ

Абдулла бин Масуддан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят: Ал айтат: “Хандак казатында мушриктер менен согуш катуу жүргөндүктөн Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана сахабаларды төрт намаздын убагында окулуусунан тосуп койду. Анан Билалга (Алла андан ыраазы болсун) азан жана коомат айтууга буйрук берип, бешим намазын окуду. Анан азирети Билал коомат айтты, асырды окуду, андан кийин коомат айтып шамды окуду, анан дагы коомат айтып куптанды окуду”. (Имам Насаий рабаяты)

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев