Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (6-бөлүм)
04.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (6-бөлүм)

Тарассул деген эмне?

Фикх китептерибиздин азан бөлүмүндө «тарассул» деген сөз учурайт. 

وَعَنْ جَابِرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ لِبِلَالٍ: «إِذَا أَذَّنْتَ فَتَرَسَّلْ، وَإِذَا أَقَمْتَ فَاحْدُرْ، وَاجْعَلْ بَيْنَ أَذَانِكَ وَإِقَامَتِكَ قَدْرَ مَا يَفْرُغُ الْآكِلُ مِنْ أَكْلِهِ». رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ.

Жабир (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) азирети Билалга (Алла андан ыраазы болсун): “Качан азан айтсаң тарассул кылгын. Ал эми коомат айтканыңда тезирээк айткын. Азаның менен кооматыңдын ортосунда тамак жеп жаткан адам жеп бүтөрлүк мөөнөт койгун”, деп айтты. (Имам Тирмизий рабаяты)

Эл арасында бул сөз боюнча түрдүү пикирлер бар. Тарассул бир аз тыныгуу, шашпастык, күтүү маанилерин билдирет. Тарассул дегени азан сөздөрүнүн арасында азанды угуп жаткан адам ага жооп кайтарууга үлгүргүдөй мөөнөт тыныгуу.

وَكَيْفِيَّتُهُ أَيْ التَّرُسُلِ أَنْ يَقُولَ: اللهُ أَكْبَرُ، اللهُ أَكْبَرُ، وَأَنْ يَقِفَ ثُمَّ يَقُولَ مَرَّةً أُخْرَى، وَهَكَذَا بَيْنَ كُلِّ كَلِمَتَيْنِ.

Абулмакорим өзүнүн «Никая»га жазган шархында: «Тарассулдун мааниси, азанчы «Аллоху акбар, Аллоху акбар» деп, соң бир аз токтоп туруусу, андан кийин экинчи жолу «Аллоху акбар, Аллоху акбар» деп айтуусу» деген.

وَ فِي الْيَنَابِعِ: التَّرُسُلُ أَنْ يَقُولَ: اللهُ أَكْبَرُ، اللهُ أَكْبَرُ، وَأَنْ يَقِفَ ثُمَّ يَقُولَ مَرَّةً أُخْرَى مِثْلَهُ، وَكَذٰلِكَ يَقِفَ بَيْنَ كَلِمَتَيْنِ إِلَى آخِرِ الْأَذَانِ.

«Янаби» китебинде мындай делинген: «Тарассул деп азанчынын «Аллоху акбар, Аллоху акбар» деп, соң бир аз токтоп туруусу, андан кийин экинчи жолу «Аллоху акбар, Аллоху акбар» деп айтуусу жана азандын акырына чейин ар эки сөздүн ортосунда токтоону айтылат».

قَوْلُهُ: «وَيَتَرَسَّلُ» أَيْ: يَتَمَهَّلُ. قَوْلُهُ: «بِسَكْتَةٍ» أَيْ: تَسَعُ الْإِجَابَةَ. مَدَنِيٌّ عَنْ مُنْلَا عَلِيِّ الْقَارِيِّ، وَهٰذِهِ السَّكْتَةُ بَعْدَ كُلِّ تَكْبِيرَتَيْنِ لَا بَيْنَهُمَا، وَبِهِ صَرَّحَ فِي التَّاتَرْخَانِيَّةِ.

Мулла Али Кары азан ортосундагы жым туруу төрт такбирде ар эки такбирден кийин болот. Ар бир такбир ортосунда эмес» деген.

قَوْلُهُ: «بِتَرْبِيعِ تَكْبِيرِ» أَيْ: بِصَوْتَيْنِ، كُلُّ تَكْبِيرَتَيْنِ بِصَوْتٍ لَا بِأَرْبَعٍ.

«Татархания»да да бул нерсе ачык айкын баян кылынып, «Төрт такбир эки дем менен айтылат, төрт дем менен эмес» делинген.

عَنْ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا قَالَ الْمُؤَذِّنُ اللهُ أَكْبَر، اللهُ أَكْبَر، فَقَالَ أَحَدُكُمُ: اللهُ أَكْبَر، اللهُ أَكْبَر، ثُمَّ قَالَ: أَشْهَدُ أَنْ لَا إلٰهَ إِلَّا اللهُ، قَالَ: أَشْهَدُ أَنْ لَاَ إلٰهَ إِلَّا اللهُ، ثُمَّ قَالَ: أَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، قَالَ: أَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، ثُمَّ قَالَ: حَيَّ عَلَى الصَّلَاةِ، قَالَ: لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللهِ، ثُمَّ قَالَ: حَيَّ عَلَى الْفَلَاحِ، قَالَ: لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللهِ. ثُمَّ قَالَ: اللهُ أَكْبَر، اللهُ أَكْبَر، قَالَ: اللهُ أَكْبَر، اللهُ أَكْبَر، ثُمَّ قَالَ: لَا إلٰهَ إِلَّا اللهُ، قَالَ: لَا إلٰهَ إِلَّا اللهُ، مِنْ قَلْبِهِ دَخَلَ الْجَنَّةَ». رَوَاهُ مُسْلِمٌ وَ أَبُو دَاوُدَ ، وَالنَّسَائِيُّ، وَابْنُ خَزُيْمَةَ.

Умар бин Хаттаб (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деген: «Кайсы бириңер азанчы «Аллоху акбар, Аллоху акбар» дегенде «Аллоху акбар, Аллоху акбар» десе; «Аллоху акбар, Аллоху акбар» дегенде, «Аллоху акбар, Аллоху акбар» десе; «Ашхаду аллаа илааха иллаллох» дегенде «Ашхаду аллаа илааха иллаллох» десе; «Ашхаду анна Мухаммадан Расулуллох» дегенде «Ашхаду анна Мухаммадан Расулуллох» десе; соң «Хайя алас-солах» дегенде «Лаа хаула, ва лаа куввата иллаа биллах» десе; «Хайя алал фалах» дегенде «Лаа хаула, ва лаа куввата иллаа биллах» десе; соң «Аллоху акбар, Аллоху акбар» дегенде «Аллоху акбар, Аллоху акбар» десе; «Лаа илааха иллаллох» дегенде чын дилден «Лаа илааха иллаллох» десе, бейишке кирет». (Имам Муслим, Абу Давуд, Насаий жана Бин Хузайма рабаяты)

Ушул хадисте да азанчынын бир аз тыныгуусу эки такбирди айткандан соң экендиги ачык-айкын маалым болууда.

Ушул хадистерден алынуучу пайдалар:

1. Азанды шашпай, сөздөрүн даана-даана анык кылып жана созуп айтуу керектиги.
2. Кооматты тездетип айтуу керектиги.
3. Азан менен кооматтын ортосунда азанды уккан адам муктаждыгын бүтүрүп, даарат алып жетип келишинче убакыт болуу зарылдыгы.

Бир гана шам намазында азандан кийин тезинен, дароо коомат айтуу керек.

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев