Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (7-бөлүм)
06.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (7-бөлүм)

Коомат жуп айтылабы же такпы?

Биздин журтта адатка айланган коомат айтаарда “коомат, коомат” деп баштоо бидаат болуп саналат. Мындай кылуу эч бир хадис же сахаба жана табиндердин окуяларында айтылган эмес. Бир гана азан менен кооматтын ортосунда “тасвиб” айтуу жакшы деп саналган. Азандан кийин коомат айтканга чейин “тасвиб” айтууну Куфа аалымдары негиздеген. Муну фикх китептерибизде жакшы көрүлгөн деп айтылат. Имам Абу Юсуф (Алла ырайым кылсын) зарыл иштер менен алек болгон адамдарга тасвиб айтылса зыяны жок деген. Маселен, муфтий-казы, амир-падыша сыяктууларга азандан кийин кооматтан мурун “намаз башталганы калды” деген мааниде бир чакыруу айтып коюлат, деген. Мына ушуну тасвиб, делинет. Кийинки аалымдарыбыз ар намазда тасвиб айтуу жакшы деп эсептешкен. Андыктан коомат айтаардын астында "коомат, коомат" деп айтуу туура эмес.

Коомат Ханафий мазхабы боюнча азандын сөздөрү менен айтылат. Бир гана «Хайя алал фалах»тан кийин эки жолу «Код кооматис-Солах» кошулат («Намаз турду» дегени).

Акыркы кезде калкынын дээрлик баары ханафий болгон биздин журтта деле кооматты куду башка мазхабдагылар сыяктуу, айтылуусун жуп-жуп эмес тескерисинче так-так айта тургандар учурап калууда. Аларга нааразылык билдирилсе «хадисте ушундай келген, биз хадиске амал кылып жатабыз» — деп жооп беришүүдө. Бул коомчулук арасында түрдүү суроо жана талашып-тартышууларды пайда кылууда. Кээ бир илими тайыз катмардагы адамдарда «биз илгери хадиске терс иш кылып жүргөн экенбиз, кооматты туура эмес айтып жүргөн экенбиз» деген шек-күмөн пайда болуп калууда. Андыктан бул маселени да болушунча карап чыгып, ушул орунда эки тараптын далилдерин келтирип, иликтеп жыйынтыгын айта кетүүнү туура көрдүк.

Суфян Саурий, Хасан бин Хайй жана Ханафий мазхабынын аалымдары азан да, коомат да бирдей деп айтышкан. Адегенде төрт жолу такбир, калган сөздөрдүн баары эки жолудан айтылат, аягында гана тахлил (лаа илааха иллаллох) бир жолу айтылат. Болгону кооматта «хаййа алал фалах»тан кийин эки жолу «Код кооматис-Солах» деген сөз эки жолу айтылат.

Калган үч мазхабдын негиздөөчүлөрү жана Лайс бин Саад азан менен коомат бирдей эмес, кооматтын сөздөрү бир жолудан эле айтылат, дешкен. Имам Шафий болсо жогоркулардан айырмаланып “Код кооматис-Солах” калимасы эки жолу айтылат, башка калималар бир жолудан айтылат деген.

Имам Малик, Ахмад бин Ханбал жана Лайс бин Сааддын далилдери

Кооматтын калималарын так-так айтылат деген аалымдар төмөнкү хадистерге таянышат: Анас бин Малик (Алла андан ыраазы болсун) айткан:

أُمِرَ بِلَالٌ أَنْ يَشْفَعَ الْأَذَانَ وَ يُوتِرَ الْإِقَامَةَ

Билал азан калималарын жуп-жуп, кооматты болсо так-так айтууга буюрулган. (Имам Тахавий. Маани ул-асар: 783)

Анас бин Малик (Алла андан ыраазы болсун) айткан:

كَانُوا قَدْ أَرَادُوا أَنْ يَضْرِبُوا بِالنَّاقُوسِ وَ أَنْ يَرْفَعُوا نَارًا لِإِعْلَامِ الصَّلَاةِ حَتَّىٰ رَأَىٰ ذٰلِكَ الرَّجُلُ تِلْكَ الرُّؤْيَا فَأُمِرَ بِلَالٌ أَنْ يَشْفَعَ الْأَذَانَ وَ يُوتِرَ الْإِقَامَةَ

Намаз убактысын билдирүү үчүн коңгуроо кагуучу болушту, от да жакмакчы болушту. Акыры ошол киши азан жөнүндөгү түштү көрдү. Анан Билал (Алла андан ыраазы болсун) азан калималарын жуп-жуп, кооматтын калималарын болсо так-так айтууга буюрулду. (Имам Тахавий. Маани ул-асар: 783)

Анас бин Маликтин жогорудагы рабаяты түрдүү жолдор менен келип, анын негизинде Имам Лайс бин Саад, имам Шафий, имам Малик, имам Ахмад бин Ханбал (Алла аларга ырайым кылсын) бириккен абалда, кооматтын калималары азандан айырмаланып, так-так айтылат дешкен.

Имам Шафийдин далили

Имам Шафий болсо жогоркулардан айырмаланып “Код кооматис-Солах” калимасы эки жолу айтылат, башка калималар бир жолудан айтылат деген. Ал киши бул сөзүнө төмөнкү рабаяттарды далил кылат: Анас бин Малик (Алла андан ыраазы болсун) айтат:

عَنْ أَنَسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: أُمِرَ بِلاَلٌ أَنْ يَشْفَعَ الأَذَانَ وَيُوتِرَ الإِقَامَةَ إِلَّا الإِقَامَةَ. يَعْنِي: إِلَّا: قَدْ قَامَتِ الصَّلَاةُ؛ مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ

Азирети Анас (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: «Билалга (Алла андан ыраазы болсун) азанды жуп-жуп кылып, кооматты, "Код кооматис-Сола"дан башкасын так кылып айтууга буюрулду». (Имам Бухарий жана Имам Муслим рабаяты)

عَنِ بْنِ عُمَرَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ كَانَ الْأَذَانُ عَلَىٰ عَهْدِ النَّبِىِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ مَرَّتَيْنِ مَرَّتَيْنِ وَ الْإِقَامَةُ مَرَّةً مَرَّةً غَيْرَ أَنَّهُ إِذَا قَالَ «قَدْ قَامَتِ الصَّلَاةُ» قَالَهُ مَرَّتَيْنِ فَعَرِفْنَا أَنَّهَا الْإِقَامَةُ فَيَتَوَضَّأُ أَحَدُنَا ثُمَّ يَخْرُجُ

Бин Умардан (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) рабаят кылынат, ал айтты: Пайгамбардын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) доорунда азан эки жолудан, коомат болсо бир жолудан болгон. Бирок “Код кооматис-Солах” десе, аны эки жолу айтылчу, ошондон намаз убагы болуптур, деп билип алчу элек. Анан биздикилер даарат алып намазга чыкчу. (Имам Тахавий. Маани ул-асар:793)

Ханафийлердин далили

Ханафий мазхабынын аалымдары башка мазхабдар далил кылган жогорудагы хадистин каршысы да риваят кылынган деп айткан. Көңүл буруңуздар:

حَدَّثَنَا إِبْرَاهِيمُ بْنُ مَرْزُوقٍ قَالَ حَدَّثَنَا عَبْدُ اللهِ بْنُ دَاوُدَ عَنِ الْأَعْمَشِ عَنْ عَمْرِو بْنِ مُرَّةَ عَنْ عَبْدِ الرَّحْمٰنِ بْنِ أَبِى لَيْلَىٰ أَنَّ عَبْدَ اللهِ بْنِ زَيْدٍ رَأَىٰ رَجُلًا نَزَلَ مِنَ السَّمَاءِ عَلَيْهِ ثَوْبَانِ اَخْضَرَانِ أَوْ بَرْدَانِ اَخْضَرَانِ فَقَامَ عَلَىٰ جِذْمِ خَائِطٍ فَأَذَّنَ «اللهُ اَكْبَرُ اللهُ اَكْبَرُ…» ثُمَّ قَعَدَ ثُمَّ قَامَ فَأَقَامَ مِثْلَ ذٰلِكَ فَأَتَى النَّبِىَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ فَأَخْبَرَهُ فَقَالَ «نِعْمَ مَا رَأَيْتَ عَلِّمْهَا بِلَالًا»

Бизге Ибрахим бин Марзук хадис айтты, ал айтат: бизге Абдулла бин Давуд хадис айтты, ал Амашдан, ал Амр бин Муррадан, ал Абдурахман бин Абу Лайладан: Абдулла бин Зайд түшүндө асмандан түшкөн бир адамды көрөт. Ал эки жашыл кийим же эки жашыл чапан кийип алган. Анан ал киши бир дубалдын үстүндө Аллоху Акбар, Аллоху Акбар… (азанды аягына чейин) деп азан айтты. Анан бир аз олтуруп, кийин дагы ордунан турду да куду азандай кылып коомат айтты. Абдулла бин Зайд Пайгамбардын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жанына келди да көргөн түшүн айтып берди. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Сен көргөн нерсе түш кандай жакшы экен, аны Билалга үйрөт”—деди. (Имам Тахавий. Маани ул-асар: 794)

عَنْ عَبْدِ الرَّحْمٰنِ بْنِ لَيْلَىٰ قَالَ أَخْبَرَنِى أَصْحَابُ مُحَمَّدٍ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ أَنَّ عَبْدَ اللهِ بْنِ زَيْدٍ الْأَنْصَارِىِّ رَأَىٰ فِى الْمَنَامِ الْأَذَانَ فَأَتَى النَّبِىَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ فَأَخْبَرَهُ فَقَالَ «عَلِّمْهُ بِلَالًا» فَأَذَّنَ مَثْنَىٰ مَثْنَىٰ وَ أَقَامَ مَثْنَىٰ مَثْنَىٰ وَ قَعَدَ بَينَهُمَا قَعْدَةً

Абдурахман бин Абу Лайладан рабаят кылынат, ал айтты: Мага Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабалары кабар берген, Абдулла бин Зайд ансарий түшүндө азанды көргөн экен. Пайгамбардын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жанына келип, көргөн түшүн айтып берди. Алланын Элчиси: “аны Билалга үйрөт”—деди. Анан, Билал азан сөздөрүн эки жолудан кайталап азан жана коомат айтты. Арасында бир аз олтурду. (Имам Тахавий. Маани ул-асар: 795)

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ زَيْدٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّهُ قَالَ: كَانَ أَذَانُ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ شَفْعًا شَفْعًا فِى الْأَذَانِ وَالْإِقَامَةِ. رَوَاهُ التِّرْمْذْيُّ.

Абдулла бин Зайддан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) азаны да, кооматы да жуп-жуп болот эле». (Имам Тирмизий рабаяты)

Бул хадистерден маалым болуусуна караганда, Билал (Алла андан ыраазы болсун) азан айтууну Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) буйругу менен Абдулла бин Зайд ансарийден үйрөнгөн. Ал коомат сөздөрүн эки-экиден кайталап айткан экен. Андан сырткары, Билалдын (Алла андан ыраазы болсун) өзү Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин деле коомат сөздөрүн эки жолудан кайталап айткандыгы жөнүндө бир канча рабаяттар бар:

حَدَّثَنَا أَحْمَدُ بْنُ دَاوُدَ بْنُ مُوسَىٰ قَالَ حَدَّثَنَا يَعْقُوبُ بْنُ حُمَيْدِ بْنِ كَاسِبٍ قَالَ حَدَّثَنَا عَبْدُ الرَّزَّاقِ عَنْ مُعَمَّرٍ عَنْ حَمَّادٍ عَنْ إِبْرَاهِيمَ عَنِ الْأَسْوَدِ عَنْ بِلَالٍ أَنَّهُ كَانَ يُثَنِّى الْأَذَانَ وَ يُثَنِّى الْإِقَامَةَ

Бизге Ахмад бин Давуд бин Муса хадис айтты, ал айтты: бизге Якуб бин Хумайд бин Касиб хадис айтты, ал айтты: бизге Абдурраззак Муаммардан хадис айтты, ал Хаммаддан, ал Ибрахимден, ал Асваддан, ал Билалдан: Албетте, Билал азан жана коомат сөздөрүн эки жолудан айткан. (Имам Тахавий. Маани ул-асар: 797)

عَنْ سُوَيْدِ بْنِ غَفْلَةَ قَالَ سَمِعْتُ بِلَالَا يُؤَذِّنُ مَثْنَىٰ وَ يُقِيمُ مَثْنَىٰ

Сувайд бин Гафладан рабаят кылынат, ал айтты: Билалдын азан жана кооматты эки жолу эки жолудан айтканын укканмын. (Имам Тахавий. Маани ул-асар: 798)

Бул рабаяттарга караганда Билалдын (Алла андан ыраазы болсун) кооматты да куду азан сыяктуу калималарын эки жолудан кайталап айткандыгы маалым болууда. Жогорудагы Анас бин Маликтин (Алла ыраазы болсун) рабаятына терс таризде. Абу Махзуранын хадисинде айтылуусуна караганда, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ага кооматты эки жолудан айтууну үйрөткөн экен:

حَدَّثَنَا عَلِىُّ بْنُ مَعْبَدٍ وَ عَلِىُّ بْنُ شَيْبَةَ قَالَا حَدَّثَنَا رُوحُ بْنُ عُبَادَةَ قَالَ حَدَّثَنَا بْنُ جُرَيْجٍ قَالَ أَخْبَرَنِى عُثْمَانُ بْنُ السَّائِبِ عَنْ أَبِيهِ وَ أُمُّ عَبْدِ الْمَلِكِ بْنِ أَبِي مَحْذُورَةَ قَالَتْ سَمِعْتُ أَبَا مَحْذُورَةَ يَقُولُ عَلَّمَنِى رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ الْإِقَامَةَ مَثْنَىٰ مَثْنَىٰ

Бизге Али бин Мабад жана Али бин Шайба хадис айтты, алар айтты: бизге Рух бин Убада хадис айткан, ал айтты: бизге Бин Журайж хадис айтты, ал айтты: мага Усман бин Саиб атасы жана Умму Абдилмалик бин Аби Махзурадан кабар кылды, ал айтты: Абу Махзурадан укканмын, ал айтчу: “Мага Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кооматты эки жолу эки жолудан айтууну үйрөткөн…”. (Имам Тахавий. Маани ул-асар: 805)

Жогорудагы хадистерди жалпылаштырып жыйынтык чыгара турган болсок, кооматты да куду азан сыяктуу калималарын эки жолудан айтуу керек. Анткени Билалдын (Алла андан ыраазы болсун) өзү да башында коомат маселесинде экиленип калган. Кийинчерээк, эки жолудан кылып айтууга чечим кылып токтолгон. Себеби ал кишиге да кооматты эки жолудан айтуу буюрулганы кийин маалым болгон. Абу Махзуранын хадисинде да Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ага кооматты эки жолудан айтууну үйрөткөндүгү дайын болду.

Дагы, кооматтын калималарын куду азан сыяктуу эки жолудан айтылуусун бекемдөөчү далил катары бир канча сахабалардын иш-аракеттерин мисал келтирүүгө болот. Ишеничтүү сахих рабаяттарга карганда, Салама бин Аква, Савбан, Абу Махзура (Алла алардан ыраазы болсун) коомат калималарын эки жолудан айтышкан экен. Бул маселеде Мужахидден төмөнкү рабаят да бар:

“Кооматты бир жолудан айтуу жаңы пайда болгон. Негизинде анын калималары эки жолудан айтылат”. (Имам Тахавий. Маани ул-асар: 177)

Билал (Алла андан ыраазы болсун) коомат айтууну баштап: «Код кооматис-Солах» деди эле, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): Кооматтын башка сөздөрүн да азанга окшотту. (Абу Дауд рабаят кылган)

Демек, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Билал (Алла андан ыраазы болсун) коомат айтып жатканда азандагы сыяктуу сөздөрдү айтып турган, бир гана Билал (Алла андан ыраазы болсун): «Код кооматис-Солах - Намаз турду» дегенди айтканда Пайгамбар зат: «Алла аны тургузсун жана дайым кылсын», деп айткан.

Корутунду: Ханафийлер башка мазхабдардагыдай коомат маселесинде кур эле ойго эмес, хадистерге таянышкан! Ханафийлердин коомат маселесиндеги таянган далилдери башкалардыкына караганда күчтүү жана этияттуулук да этибарга алынган! Байыртан бабаларыбыз коомат калималарын эки жолудан айтып келген, өзү негизги сүннөт да ушул!

Дагы айта кетчү нерсе, көпчүлүгүбүз күбө болуп жүргөндөй, мечиттеги азанчылар сырттан азанды айтып, анан мечитке кирип эле босогодон кооматты жүрүп баратып айтат да сапка жеткенде бүтүрөт. Бул да туура эмес, макүрөө болуп саналат.

قَدْ اتَّفَقَ الْفُقَهَاءُ عَلَى اسْتِحْبَابِ وُقُوفِ الْمُقِيمِ حَالَ كَوْنِهِ يُقِيمُ الصَّلَاةَ وَكَرِهُوا مَشْيَهُ وَعَلَيْهِ فَالسُّنَّةُ لِلْمُقِيمِ أَلَّا يَتَحَرَّكَ حَالَ الْإِقَامَةِ. وَاللهُ أَعْلَمُ.
يُسْتَحَبُّ أَلَّا يَمْشِيَ فِي أَثْنَاءِ الْإِقَامَةِ؛ نَصَّ عَلَىٰ هٰذَا الْحَنَفِيَّةُ ((الدُّرُّ الْمُخْتَارِ وَحَاشِيَةُ ابْنِ عَابِدِينَ)) (1/396)، وينظر: ((الفتاوى الهندية)) (1/55).

Аалымдар коомат айтып жаткан адам турган жайынан жылбай айтуусу жакшы көрүлгөн экендигине бирдиктүү пикир айтышкан. Коомат айтып жаткан адам басып баратып айтуусу макүрөө болот. Демек кооматты ордунан жылбай айтуу сүннөт болуп саналат. Ханафийлер коомат айтуу учурунда ордунан жылбай айтуу мустахаб дешкен. (Дуррул мухтар, Хаашияту бин Аабидийн жана Фатавааи Хиндия)

عَنْ بِلَالٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قال أَمَرَنَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا أَذَّنَّا أَوْ أَقَمْنَا أَن لَّا نُزِيلَ أَقْدَامَنَا عَنْ مَوَاضِعِهَا. رَوَاهُ الدَّارُقُطْنِيُّ فِى أَفْرَادِهِ.

Билал (Алла андан ыраазы болсун) айтат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бизди азан айтканда жана коомат айтканда буттарыбызды ордунан жылдырбоого буюрган». (Имам Дарукутний рабаяты)

Ушул хадиске амал кылып биз да ушундай кылуубуз керек. Ким азан айтса кооматты да ошол адамдын өзү айтуу керек.

عن زِيَادِ بْنِ الْحَارِثِ الصُّدَائِيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ: أَمَرَنِي رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ أُؤَذِّنَ فِي صَلاةِ الْفَجْرِ، فَأَذَّنْتُ، فَأَرَادَ بِلالٌ أَنْ يُقِيمَ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: "إِنَّ أَخَا صُدَاءٍ أَذَّنَ، وَمَنْ أَذَّنَ فَهُوَ يُقِيمُ". رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ وَ أَبُو دَاوُدَ

Зияд бин ал-Харис ас-Судаийден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мага багымдат намазында азан айтууну буюрду. Мен азан айттым. Кийин Билал коомат айтмакчы болду эле, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Азанды Судалык айтты. Ким азан айтса ошол коомат айтат», деди». (Тирмизий жана Абу Дауд рабаят кылган)

Бул хадисти бардык аалымдар далил кылып алышкан жана ким азан айтса ошол коомат айтат дешкен. Кээ бир абалдарда башка адам айтса да болот. Бирок азанчынын өзү айтканы абзел.

Коомат мечитке же парз намаздарына жыйналып тургандарга парз намазын окуу башталып жаткандыгын билдирүү кызматын өтөйт. Жалгыз окуп жаткан адам коомат айтса да жакшы. Бардык абалдарда коомат айтуу бекемделген сүннөт. Азанды шашпай, кооматты тездедип айтуу да белгилүү.

Имам жана коом коомат айтуучу «хаййа алас солаах» дегенде орундарынан туруп намазга даярдана баштайт. Качан «Код кооматис-Солаату» дегенде намазга кирише баштайт. Андыктан аалымдарыбыз имам же коомдун коомат айтуучу “хаййа алас солаах” демейинче ордунан туруп алуусун макүрөө дешкен. “Код кооматис-Солаату” дегенде намазга кирише баштайт дегенди, ага чейин киришкен болбойт деп түшүнүү керек. Сөзсүз ошол учурдан кечиктирбей намазга киришүү керек экен деп түшүнүп албоо керек. Себеби Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) коомат айтылып бүткөндөн кийин намазга тургандардын сапка туруусун түздөө үчүн бир канча аракеттерди жасагандыгы жөнүндө рабаяттар бар. Маселен Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) саптын баш жагына туруп, кээ бир кишилерди бир аз артка же алдыга жылуусун буюрган. Демек мына ушул рабаяттардан түшүнсө болот, “Код кооматис-Солаату” дегенден кечиктирбей сөзсүз намазга киришүү шарт эместигин. Болгону жогоруда айтылгандай “Код кооматис-Солаату” дегенге чейин намазга киришүү болбойт деп гана түшүнүү керек.

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев