Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (8-бөлүм)
06.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (8-бөлүм)

Азандын мустахабдары

Усман бин Абул Аастан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат:
عَنْ عُثْمَانَ بْنِ أَبِي الْعَاصِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ: قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ، اجعْلَنِي إِمَامَ قَوْمِي، قَالَ: أَنْتَ إِمَامُهُمْ، وَاقْتَدِ بِضَعِيفِهِمْ، وَاتِّخذْ مُؤَذِّنًا لَا يَأْخُذُ عَلَى الْأَذَانِ أَجْرًا. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ، وَالنَّسَائِيُّ ، وَأَحْمَدُ
Ал киши: «Эй, Алланын Элчиси, мени өз коомума имам кылып коюңуз», деди. Ал зат: «Сен аларга имамсың. Сен алардын эң алсызына ээрчи жана иш акы албай турган азанчы ал», деди. (Имам Абу Давуд, Насаий жана Ахмад рабаяты)

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул хадисте: «алардын эң алсызына ээрчи» дегени намазды ошолордун абалдарына карап жеңилдетип оку дегени.

Ушул хадистен алынуучу пайдалар:

1. Башчыдан коомго имам кылып коюуну суроо уруксат экени.
2. Башчы тарабынан коомго имам дайындалуусу.
3. Имам коом ичиндеги алсыз адамдарды көңүлгө алып намазды жеңилдетүү керек экени.
4. Коомдун имамы болгондой эле азанчысы да болуусу керек экени.
5. Азанчыны имам тандоосу.
6. Азанчы иш акы албай азанчылык кылуусу жакшы экени.

Мына ушунусу абзел жана толук. Бирок шариятка карап иш акы алууга уруксат бергендер да бар.
عَنِ امْرَأَةٍ مِنْ بَنِي النَّجَّارِ قَالَتْ كَانَ بَيْتِي مِنْ أَطْوَلِ بَيْتٍ حَوْلَ الْمَسْجِدِ وَكَانَ بِلَالٌ يُؤَذِّنُ عَلَيْهِ الْفَجْرَ. رَوَاهُ أّبُو دَاوُدَ
Бану Нажжардык бир аялдан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Менин үйүм мечиттин алдындагы эң бийик үй эле. Билал багымдатта азанды анын үстүнө чыгып айтат эле». (Абу Давуд рабаят кылган)

Мындан азанды мүмкүн болушунчча алыска жеткирүү үчүн аракет кылуу керек экендиги билинет. Ошондуктан мусулмандар ар дайым буга жараша чараларды көрүп келишкен. Мусулмандар ааламындагы сан-санаксыз бийик мунаралар ушул максатта курулган. Азыркы замандын жеңилдиктеринен да пайдаланып жатат. Чын мусулман адам азандын үнүнөн ыракат алат. Ал канча бийик болсо, алыска жетсе, ошончо кубанат.
عَنْ أَبِي جُحَيْفَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ رَأَيْتُ بِلَالًا يُؤَذِّنُ وَيَدُورُ وَيُتْبِعُ فَاهُ هَا هُنَا وَهَا هُنَا وَإصبعاه فِي أُذُنَيْهِ وَرَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي قُبَّةٍ لَهُ حَمْرَاءُ أَرَاهُ قَالَ مِن أَدَمٍ فَخَرَجَ بِلَالٌ بَيْنَ يَدَيْهْ بْالْعَنَزَةِ فَرَكَزَهَا بِالْبطحَاءِ فَصَلَّى إِلَيْهَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَمُرُّ بَيْنَ يَدَيْهِ الْكَلْبُ وَالْحِمَارُ وَعَلَيْهِ حِلَّةٌ حَمْرَاءُ كَأَنِّي أَنْظُرُ إِلَى بَرِيقِ سَاقَيْهِ. رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ
Абу Жухайфадан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Билалдын айланып жүрүп азан айтып жатканын көрдүм. Ал оозун ал жакка, бул жакка бурар эле, эки бармагы жана сөөмөйү кулагында болчу. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) болсо ашталган териден кылынган чатырда болчу. Билал ал заттын алдынан таякты көтөрүп чыгып жалаң жерге сайып койду. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ага карап, сутра кылып алып намаз окуду. Алардын алдынан ит, эшек өтүп турат эле. Ал заттын үстүндө кызыл кийим бар эле. Мен ал заттын эки балтырын көрүп турат элем». (Имам Тирмизий рабаяты)

Башка бир рабаятта: «Хайя алас солах, Хайя алал фалах»ка жеткенде мойнун оңго, солго бурду, айланбады», делинген. (Тирмизий рабаяты)

Рабаят кылуучунун «Билалдын айланып жүрүп азан айтып жатканын көрдүм» дегени, бир жайдан экинчи жайга жылып дегени. Анткени азан кыбылага карап айтылат, аркага айланып болбойт.

Ушул хадистен алынган пайдалар:

1. Азанды көпчүлүк угуусу үчүн бир жайдан экинчи жайга өтүп айтуу мүмкүндүгү.
2. Ушул максатта азанда оозун ал жак, бул жакка буруу мүмкүндүгү.
3. Азанчы үнү жакшы чыгуусу үчүн бармагын кулагына коюп алса жакшы болуусу.
4. Ашталган териден кылынган чатырда олтуруу мүмкүндүгү.
5. Азирети Билалдын (Алла андан ыраазы болсун) артыкчылыгы.
6. Жалаң жайда намаз окуганда имамдын алдында таяк же ушуга окшош нерсени тосмо кылып коюу керектиги.
7. Алдында тосмо бар намаз окуучунун алдынан өткөн нерсе анын намазын бузбоосу.
8. Кызыл түстүү кийим кийүү мүмкүндүгү.
9. Намазда балтырлар ачык болуусу мүмкүндүгү.
10. Азанчы «Хайя алас-солах»ка жеткенде мойнун оң тарапка, «Хайя алал фалах»ка жеткенде сол тарапка буруусу.
11. Азанчынын азан учурунда денесин айландырбоосу.

Азан жана коомат кыбылага жүздөнгөн абалда айтылат. Себеби, Абдулла бин Зайд бин Абду Раббих (Алла андан ыраазы болсун) түшүндө көргөн периште кыбылага карап азан айткан. Кыбылага карап айтпаса деле баары бир максат аткарылат, бирок сүннөткө терс болгондугу үчүн макүрөө болот.

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев