Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (9-бөлүм)
07.01.2022

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар (9-бөлүм)

Азан угуучуга мустахаб болгон нерселер

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللّهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ: "إِذَا سَمِعْتُمُ النِّدَاءَ فَقُولُوا مِثْلَ مَا يَقُولُ الْمُؤَذِّنُ". أَخْرَجَهُ الْبُخَارِيُّ (611)، وَمُسْلِمٌ (383)

Абу Саид ал-Худрийден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Качан азанды уксаңар, азанчы айтып жаткан нерсени кайталагыла», деди». (Имам Бухарий жана Муслим рабаяты)

Бухарий: «Соң мага салават айткыла. Анткени, ким мага бир салават айтса, Алла ага он ырайымын жаадырат. Кийин мага василаны сурагыла. Ал бейиштеги бир орун болуп Алланын пенделеринен бир пендеге гана берилет. Ошол мен болуумду каалайм. Ким мага васила сураса ага шапаатым важиб болот» деген тексти кошумчалаган.

Ушул хадистен алынуучу пайдалар:

1. Азанды угуучу азанчы кайсы сөздөрдү айтса, ошону кайталап айтып туруусу керектиги.

2. Азандан кийин Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) салават айтуу керектиги. Кайсы салават менен болсо да боло берет. Бир гана ал затка салават жана салам мааниси болуусу зарыл.

3. Ким Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир салават айтса Алла Таала ага он ырайымын жаадырат.

4. Азандан жана салаваттан кийин Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) василаны суроо керек экендиги. Аны кандай кылып суроо кийинки рабаятта келет.

5. «Васила» бейиштеги бир орун экендиги.

6. Алла Таала тарабынан «Васила»нын бир гана пендеге берилүүсү.

7. «Васила»га жетишүүчү эң жакын зат Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) экендиги.

8. Ким Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Васила»ны сураса, ал заттын шапаатына жетишет.

Демек азанды укканыбызда азанчы эмне десе ошону кайталап туруубуз керек. «Хайя алас-солах» жана «Хайя алал фалах»да эмне айтылуусу кийин баян кылынат.
Азан айтылып бүткөн соң Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) салават айтуубуз жана андан кийин Алла Тааладан ал затка «Васила»ны сурообуз керек.

عَنْ جَابِرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ: ((مَنْ قَالَ حِينَ يَسْمَعُ النِّدَاءَ: اللَّهُمَّ رَبَّ هٰذِهِ الدَّعْوَةِ التَّامَّةِ، وَالصَّلَاةِ الْقَائِمَةِ، آتِ مُحَمَّدًا الْوَسِيلَةَ وَالْفَضِيلَةَ، وَابْعَثْهُ مَقَامًا مَحْمُودًا الَّذِي وَعَدْتَهُ - حَلَّتْ لَهُ شَفَاعَتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ))؛ أَخْرَجَهُ الْبُخَارِيُّ (614)، وَالنَّسَائِيُّ (680)، وَأَحْمَدُ (14817) بِاخْتِلَافٍ يَسِيرٍ، وَأَبُو دَاوُدَ (529)، وَالتِّرْمِذِيُّ (211)، وَابْنُ مَاجَه (722) وَاللَّفْظُ لَهُمْ

Жабирден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ким азанды уккандан кийин «Аллохумма, Робба хаазихид дааватит тааммати вас солатил кооимати аати Мухаммаданил василата вал фазилата вабасху макоомам махмуудан аллази вааттах» десе, Кыямат Күнү ага шапаатым важиб болот», деди». (Имам Бухарий, Насаий, Ахмад, Абу Давуд, Тирмизий жана Бин Маажа рабаяты)

Бул шарапаттуу хадисте келген дубанын мааниси төмөнкүчө: «Эй, Аллахым! Бул толук чакырыктын жана окулуучу намаздын Роббиси! Мухаммедге (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Васила жайын бер, артыкчылык бер. Аны макталынган даңазалуу жайга жеткир. Аны Өзүң убада кылгансың. Албетте убаданы Сен эч качан бузбайсың». «Васила» бейиштеги бийик орун экендиги хадисте айтылып өттү. «Маком махмуд» - "Макталган орун" болсо, Алла Тааланын:

عَسَىٰ أَن يَبْعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامًا مَّحْمُودًا

«Мүмкүн, Роббиң сени макталган орунда тирилтээр» деген аяты менен Алла Таала тарабынан Мухаммедге (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) убада кылынган "Макталган орун" бийик шапаат оруну. Демек, Кыямат Күнү Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) шапаатына ээ бололу десек азандан кийин ушул дубаны окуп жүрүүбүз керек болот.

عَنْ سَعْدِ بْنِ أَبِي وَقَّاصٍ رَضِيَ اللهُ عَنْه، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَنْ قَالَ حِينَ يَسْمَعُ الْمُؤَذِّنَ أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، وَأنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَ رَسُولُهُ، رَضِيتُ بِاللهِ رَبًّا، وَ بِمُحَمَّدٍ رَسُولًا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا؛ غُفِرَ لَهُ ذَنْبُهُ. رَوَاهُ مُسْلِمٌ

Саад бин Абу Ваккастан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) рабаят кылынат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ким азанчыны укканда, «Ашхаду аллаа илаха иллаллоху вахдаху лаа шарика лаху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расуулуху, родыйту биллахи Роббан ва би Мухаммадин Расуулан ва бил Ислами дийнан» десе, анын күнөөлөрү кечирилет», деди». (Имам Муслим рабаяты)

Абу Давуддун рабаятында: «Ким чын жүрөгүнөн азанчы айткан нерсени айтып турса, «Хайя ала» ларда «Лаа хаула ва лаа куввата» десе бейишке кирет», деп айткан. Ушул рабаятта кылынган дубанын мааниси:

«Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал Жалгыз, Анын шериги жок жана албетте Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Анын пендеси жана Элчиси деп күбөлүк берем. Алланын Робби, Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) пайгамбар жана Исламдын дин экенине ыраазы болдум».

Ким азандан кийин ушул дубаны окуса күнөөсү кечирилүүсү убада кылынып жатат. Абу Дауддун рабаятында болсо, азанчы эмне десе, ошону кайталап туруу, бир гана эки «Хайя ала»ларды айтканда «Лаа хаула ва лаа куввата иллаа биллахи» деп айтуу үйрөтүлүп жатат. Ким бул нерселерди чын жүрөктөн айтса бейишке кирүүсү убада кылынып жатат.

Азан жана коомат ортосунда дуба кылуу

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: الدُّعَاءُ لَا يُرَدُّ بَيْنَ الْأَذَانِ وَالْإِقَامَةِ رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ وَ أَبُو دَاوُدَ،

Анас ибн Маликтен (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынган хадисте Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Азан жана коомат ортосундагы дуба кайтарылбайт», деген. (Имам Тирмизий жана Абу Давуд рабаяты)

فَقَدْ أَخْرَجَ أَبُو دَاوُدَ وَالنَّسَائِيُّ بِسَنَدٍ حَسَنٍ عَنْ عَبْدِاللهِ بْنِ عَمْرٍو -رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا-، أَنَّ رَجُلًا قَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّ الْمُؤَذِنِينَ يَفْضُلُونَنَا فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: " قُلْ كَمَا يَقُولُونَ، فَإِذَا انْتَهَيْتَ فَسَلْ تُعْطِهُ"؛ (صَحِيحُ التَّرْغِيبِ وَالتَّرْهِيبِ:256) (صَحِيحُ الْجَامِعِ:4403)

Абдулла бин Амрдан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынат: «Бир киши: «Эй, Алланын Элчиси, азанчылар артыкчылыкта бизден озуп кетишүүдө», деди. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Азанчылар айтканын алардын аркасынан кайталап айт. Азанды аркасынан кайталап айтып болгонуңдан соң Алладан дуба кылып сура, сураганың берилет», деп айтты. (Имам Абу Давуд жана Насаий рабаяты)

Чындыгында булар өтө эле жеңил иштер. Сооп табуу, күнөөлөрдү жуу жана бейишке кирүү ыктымалын ашыруу үчүн зарыл нерселер. Бирок жалкоолугубуз, көңүлкоштугубуз себебинен бул нерселерге көңүл бурбайбыз. Аларга амал кылбайбыз. Көпчүлүгүбүз бул нерселерди зарыл деп да билбейбиз. Мурда билбесек, эми билип алдык. Эми билгенибизге амал кылууга өтөлү.

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев