Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар
24.12.2021

Азан жөнүндө кызыктуу маалыматтар

Азан сөздүктө “билдирүү” деген маанини билдирет. Шариятта болсо: «Парз намаздын убагын атайын сөздөр менен айтып билдирүүнү азан делинет». Азан Алланын Өзүнө, ибадатына жана хидаятына болгон чакыруу. Азан бул Алланын сүйүүсүнүн дене-бойго болгон чакыруусу, жүрөктөргө чагылуусу болот. Азан ички дүйнөдөн шайтанды кууп чыгаруу мүмкүнчүлүгү. “Азан” – Алланын сыйынуу жана ибадат кылууга татыктуу жалгыз Зат экендигин, Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) пайгамбардын бүт инсаниятка жиберилген акыркы пайгамбар экендигин, динибиздин бүт ааламда окшошу жок адилеттүүлүк дини экендигин билдирүү.

Алла Таала айткан:

وَأَذَانٌ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ إِلَى النَّاسِ ... ﴿٣﴾

Алладан жана Анын элчисинен билдирүү ... (Тобо сүрөсү: 3-аят)

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَىٰ ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ۚ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٩﴾

«Эй, ыймандуулар! Жума күнү жума намазга азан айтылса, Алланы эстөөгө шашылгыла. Бардык соода-сатык ишиңерди токтоткула! Эгер билген болсоңор бул силер үчүн эң жакшы!» (Жума сүрөсү: 9-аят).

Мурунку китеп ээлери болгон капырларды сыпааттап Алла Таала айтат:

وَإِذَا نَادَيْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ اتَّخَذُوهَا هُزُوًا وَلَعِبًا ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ ﴿٥٨﴾

«Аларды намазга чакырсаңар аны оюн көрүп, келекелешет. Алардын мындай кылуусу – өздөрүнүн акыл калчабаган эл экендигинен улам» (Маида сүрөсү: 58-аят).

Ушул эки аяттагы «нида»дан максат азан экени ачык-айкын көрүнүп турат. Демек, азан Куранда айтылган нерсе экен.

Азан Куранда зикир кылынганын жогоруда билдик, хадистерде кандай зикир кылынганын Алла кааласа эми карап көрөбүз.

БИРИНЧИ АЗАН ТАРЫХЫ

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) насаат кылды, бүт сахабалар менен көрүштү, алардын диний жана коомдук көйгөйлөрүн чечти. Исламдан мурда арабдардын маданий жашоосу, илимий деңгээли бир канча төмөн болчу. Алар бардык нерсенин чечимин Исламдан күтүшчү, Пайгамбардын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) баяндарынан издешчү. Андыктан Пайгамбарыбыздын мечити жалаң ибадат үчүн гана эмес, ошол эле учурда мусулмандар чогула турган, кеңеш өткөрчү жай, адилеттүүлүк мекемеси, сабак өтүүчү мектеп жана маданият борборунун милдетин аткарып турган.

Мечит курулушу бүттү. Жамаат менен намаз окула баштады. Намаз убагы болгондо Билал Хабаший (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) буйругу менен "Намазга, намазга!" же "Намазга чогулгула!" деп чакырат эле.

Мединанын жакынында жашаган мусулмандар мечитке эрте келип, намаз убагын күтүп, иштери да калып кетчү, алыс тургандар болсо намазга кеч калышат эле. Мындай көрүнүш жамаатка оорлук кыла баштады. Күнүмдүк намаздардын өз убагын билдире турган кандайдыр бир белгиге муктаждык сезилди. Кеңеш өткөрүлдү. Көбүнчө асман кабары келбесе Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабалар менен кеңеш өткөрчү. Намаз убакыттарын билдирүү үчүн "коңгуроо чалуу" сунуш кылынды. Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Христиандар ушундай кылышат", деп бул сунушту кабыл кылбады. "Сурнай чалынуусун" жактап чыккандарга Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Бул жөөттөрдүн адаты" деди. "Бийик дөбөдө от жаксак", делинди. Алланын Элчиси: "Бул отпарастардыкы" деп аны да четке какты. "Намаз убагы болгондо бир жерге байрак тигели. Адамдар аны көрүп бир-бирине кабар берет", дегендер да болду. Бирок бул сунуш да макул көрүлбөдү. Кеңешме бир чечимге токтоло албай тарап кетти. Баарынын маанайы суз эле...

Абу Давуд, Бин Маажа жана Даримийлер келтирген рабаятта Абдулла бин Зайд бин Абду Раббих (Алла андан ыраазы болсун) төмөнкүлөрдү айтат: «Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) адамдарды намазга чогултуу үчүн коңгуроо кагууга буйрук кылган түндө түш көрдүм. Менин жаныма коңгуроо көтөргөн бир адам келди. Мен ага: «Эй, Алланын пендеси, коңгурооңду сатасыңбы?», дедим. «Муну менен эмне кыласың?» деди ал. «Аны менен намазга чакырабыз», дедим. «Мындан жакшыраак нерсени сага айтып берейинби?» деди. «Ооба», дедим. «Аллоху Акбар» дейсиң, деп азанды акырына чейин айтып берди. Ошондой эле, кооматты да айтып берди. Таң атаары менен Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жанына келип, көргөн түшүмдү айтып бердим. Ал зат: «Ин шаа Алла, бул түш акыйкат. Билалдын жанында туруп, көргөнүңдү айтып берип тур, азанды ал айтсын, анын добушу сеникине караганда күчтүүрөөк», деди. Мен Билал менен жанаша туруп ага түшүмдө көргөн сөздөрдү айтып берип турдум, ал азан айтты. Муну үйүндө туруп уккан Умар бин Хаттаб (Алла андан ыраазы болсун) чапанын сүйрөгөн бойдон чуркап чыкты да: «Эй, Алланын Элчиси, сизди ак дин менен жиберген Затка ант ичемин, мен да дал ушундай сөздөрдү түшүмдө көрдүм», деди. Ал эми ошол учурда асман кабары да келип жеткен болчу. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Аллага алкыш-мактоолор болсун!» деди. Билал Хабаший Мединанын эң бийик бир жерине чыгып, Абдулла бин Зайддан үйрөнгөн азанды бийик үн менен айтып жүрдү. Азан Мединанын бүт тарабына угулат эле. Ошентип, Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана мусулмандардын алгачкы азанчысы Билал Хабаший (Алла андан ыраазы болсун) болду. Азандын шариятталуусу түш менен гана эмес, Пайгамбарыбыздын макул болуу сүннөтү жана Кудайлык кабар менен бекемделген. Мединада күнүгө беш жолу азан чакырылуусу дилдерди толкунга салды. Ошол эле учурда мусулмандардын ишеничтерин дагы да арттырды.

Уландысы бар

Абибилла Кадырбердиев