Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун)
16.02.2017

Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун)

Мухаммад пайгамбардын (ага Алланын салам-салаваты болсун) тууганы, күйөө баласы жана сахабасы, момундардын үчүнчү халифи. Толук аты-жөнү – Усман ибн Афван ибн Абул-Ас ибн Умейя ибн Абду Шамс ибн Абду Манаф ал-Курайши. Энеси Арва бинт Курайз бинт Рабия бинт Хабиб бинт Абду Шамс.

Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) динди алгачкылардан болуп кабыл алган. Исламга чейинки доордо Азирети Усманды (ага Алланын салам-салаваты болсун) «Абу Амир» деп аташчу. Ал эми исламда Абу Абдулла деп аталган. Себеби аялы Рукуя уул төрөп, аны Абдулла деп аташкан болчу. Бирок, Абдулла 6 айында эле чарчап калат. Ошондой эле Азирети Усманды (ага Алланын салам-салаваты болсун) «Зун-нуурайын (Эки нурлуу)» деп да аташкан. Анткени ал, пайгамбарыбыздын эки кызына үйлөнгөн.

Ал алгач пайгамбарыбыздын кызы Рукуяга үйлөнөт. Бадр согушу болуп жаткан учурда Рукуя каза болот. Дал ушул убакта аялы оорулуу болуп, Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) Бадр согушуна катыша албай калат. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) аны, аялына кам көрүп, аны карап, ошол себептүү үзүрлүү болуп, а бирок жихадга катышууга ак ниетте болгондуктан, жихадга катышкандай соопко ээ болду деп айткан. Ошондон кийин пайгамбарыбыздын (ага Алланын салам-салаваты болсун) дагы бир кызы Умму Кулсумга үйлөнөт. Умму Кулсум да пайгамбарыбыздын (ага Алланын салам-салаваты болсун) көзү тирүүсүндө каза болот.

Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) 575-жылы Таиф шаарында төрөлгөн. Орто бойлуу, кең далылуу, нур жүздүү адам болгон. Денеси түктүү, сакалдары абдан коюу эле.

Атасы Аффан бай соодагер болчу. Ал Шам тарапта соода кылып жүрүп каза болот. Баласына көп байлык мурас калат. Ата кесибин улантып, Усман (ага Алла ыраазы болсун) дагы соода менен шугулданат. Тапкан кирешесинин көбүн кедей-кембагалдарга бөлүштүрүп бергендиктен, адамдар аны абдан жакшы көрчү. Уруу ичинде гана эмес, жалпы курайш уруулары арасында кадыр-барктуу адам болгон.

Пайгамбарыбызга (ага Алланын салам-салаваты болсун) алгачкы вахий келе баштаганда Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) 34 жаш куракта эле. Бир күнү Усманга (ага Алла ыраазы болсун) тайэжеси Сууба бинт Кариз келип, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) Исламга чакырып жаткандыгы жөнүндө айтат. Анын сөзүнө таасирленген Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) Азирети Абу Бакрга (ага Алла ыраазы болсун) барып, аны менен дин туурасында сүйлөшөт. Азирети Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) аны динге чакырып, даават кылат. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) ага макул болот. Дал ушул учурда Азирети Алини (ага Алла ыраазы болсун) ээрчитип, пайгамбарыбыз алардын жанынан өтүп калат. Азирети Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын кулагына шыбырап, Усман (ага Алла ыраазы болсун) тууралуу айтат. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): "Усман! Алланын бейишке чакыруусуна жооп бер! Мен чындап эле сага жана бүткүл адамзатка жиберилген элчи-пайгамбармын" – дейт. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) ошол жерде динди кабыл кылат. Анын динге кирүүсү курайштарга чоң таасир берет. Анткени ал уруудагы кадыр-барктуу адам эле. Аны динден кайтарууга көптөгөн аракеттерди жасашат. Атасынын иниси Хакам бин Абул Аас, энеси катуу каршы чыгат. Бирок, ыйман даамын татып, чындыкты түшүнүп калган Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) туура жолдон кайра тартпайт.

Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) Эфиопияга биринчилерден болуп хижрат кылат. Ал жерде жергиликтүү тургундар аларды жакшы тосуп алышат. Бирок, Мекке каапырлары динге кирип, мусулмандарга каршылык көрсөтүлбөй калды деген сөз угулуп, Меккеге кайра келет. Бул жалган сөз болот. Ошентип, Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) аялы Урукуя менен экинчи жолу кайра Эфиопияга кетүүгө аргасыз болот. Кийин мусулмандар Мединага көчүшкөндө да, Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) менен аялы биринчилерден болуп жолго чыгышат.

Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) ар дайым пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) менен бирге болгон. Аны менен бирге бир канча согуштарга катышкан. Коштошуу ажылыгында да ал пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) менен бирге болгон.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин, Азирети Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) жана Азирети Умардын (ага Алла ыраазы болсун) халифалыгында Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) Исламдын жана ислам мамлекетинин өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. 644-жылы Азирети Умарга кол салуу болуп, ал катуу жаракат алганда, өзүнөн кийин халифалыкка ылайыктуу 6 адамды атап кетет. Алар: Азирети Усман ибн Аффан, Али ибн Абу Талиб, Талха ибн Убайдулла, Зубайр ибн Аввам, Абдурахман ибн Ауф, Саад ибн Абу Ваккас (аларга Алла ыраазы болсун). Буларга 3 күндүн ичинде халифаны дайындоо сунушталган. Алар бир ооздон Азирети Усман ибн Аффанды (ага Алла ыраазы болсун) колдоп, халифалыкка көрсөтүшкөн.

Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) халифалык доорунда өлкөнүн аймагы бир топ кеңейген. Мусулмандар Түндүк Африка, Шам, Кипр аралын каратып алышкан. Византиянын армиясы мусулмандардан бир канча жолу жеңилүүгө аргасыз болушкан. Бирок Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) халифлыгынын акыркы айларында өлкөнүн ички саясий абалы оорлоп кеткен. Атайын мусулмандарын ынтымагын бузуу жана Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) халифалыгын кыйратуу максатында дин душмандары тарабынан ар түрдүү иш аракеттер жүргүзүлө баштаган.

Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) шейит болуусу

Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) халифалык доорунун аяк ченинде Мединада Абдулла бин Саба аттуу жөөт пайда болот. Ал өзүн өтө ыймандуу мусулман сыяктуу көрсөтүп, мусулмандардын коюн-колтугуна кирип жашай баштайт. Бир канча убакыт мусулмандар менен чогуу болгон соң Абдулла бин Саба сапарга чыгат. Ал алгач Хижазга барат. Андан ары Басра, Куфа жана Шам өлкөлөрүнө чейин жетет. Анын негизги максаты мусулмандарды бири-бири менен душмандаштыруу жана Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) халифалыгын жок кылуу болчу. Ар бир токтогон жеринде ар кандай жалган ушак-айыңдарды таратып жүрүп олтуруп, акыры Мисирге чейин барат. Мисирдеги мусулмандарга өзүн пайгамбардын үй-бүлөөсүнө жакын адам катары тааныштырат. Пайгамбар (ага Алланын салам-салаваты болсун) менен бирге жүргөндүгүн жарыя кылып чыгат. Ал, пайгамбар (ага Алланын салам-салаваты болсун) өзүнөн кийинки халифалыкты Азирети Алиге (ага Алла ыраазы болсун) осуят кылып кеткен болчу деп жалган маалымат таратып, адамдарды жана шаар башчыларын Азирети Усманга (ага Алла ыраазы болсун) каршы тукура баштайт. Мындай иш аракетин ал "жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу" деп түшүндүрөт. Анын тынымсыз аракетинин натыйжасында, ага ишенген бир топ адамдар пайда болот. Бул адамдардын арасында чындап эле чындыкты билбей, Абдулланын сөзүн чындык деп кабыл алган адамдар, чындыкты билип турса да, ушундай жол менен бийлик, байлыкка жетүүнү көздөгөн адамдар жана сыртында мусулман болуп көрүнгөн эки жүздүү адамдар чыга келишет.

Натыйжада, хижранын 35-жылы, "Халифага насыйкат айтабыз" деген шылтоо менен бир топ адам Мисирден Мединага келишет. Алардын негизги максаты халифага кирип, анын "кемчиликтери" тууралуу сүйлөшүү болгон. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) аларды жылуу маанай менен тосуп алып, алардын койгон талаптарына жеткиликтүү жооп берет. Бул сапардан эч кандай майнап чыгара албаган келгиндер кайра кайтышат. Бирок, ошол эле жылы Шаввал айында ажы амалын шылтоолоп кайра келүүгө убада кылышат. Бул жолу Абдулла бин Саба мисирликтер менен бирге куфалык жана басралык жан-жөкөрлөрүн да алып келүүгө жетишет. Мединага жакын айылдардын биринде Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) алар менен жолугат. Мисирликтердин талаптарын угуп, мен силердин талабыңарды аткарам, силер да мага баш ийгиле деген мааниде келишим кылат. Ал эми басралыктар менен куфалыктардын эч кандай жүйөөлүү себептери да жок болчу. Алар Мисирликтердин артынан өз шаарларына жолго чыгат. Бирок, ушул учурда абал такыр өзгөрүп кетет. Шаараларына кетип жаткан мисирликтердин жолунан бир адам жолугуп, аларга өзүн Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) чабарманымын деп тааныштырат да, Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) аны Мисирдеги валисине (акимине) жөнөткөнүн, ага төңкөрүш жасоону каалаган адамдарды жазалоону буйруганын айтат. Буга ачууланган мисирликтер кайра Мединага келишет да, Азирети Усманды (ага Алла ыраазы болсун) келишимди бузган адам катары күнөөлөй башташат. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) ал жөнүндө эч нерсе билбестигин айтып касам ичет. Ошол чабарманды таап келүүсүн сунуш кылат. Бирок, аны эч жерден таба алышпайт. Бул жалган жалаа экенин билип турушса да, Азирети Усманды (ага Алла ыраазы болсун) үйүнөн сыртка чыгарбастан курчап алышат. Зулкаада айынын аяк ченинен, Зулхиджанын 18-күнүнө чейин алар Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) үйүн акмалап курчап турушат. Ушундай абал сакталып турган күндөрдүн биринде Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) Куран окуп олтурган учурда бирөө келип кылыч менен сайып кетет. Күйөөсүн калкаламакчы богон аялына да кылыч шилтенип, анын манжалары кесилет. Ошентип, 12 жыл халифалык кылган сүйүктүү сахаба, 82 жаш курагында шейит кетип, анын сөөгү Бакиа көрүстөнүнө коюлган.

Азирети Усмандын артыкчылыктары

1. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) уяттуулук сыпаты абдан жогору адам болгон, атүгүл андан периштелер да уялып турчу. Айша энебиз айтат: "Алланын элчиси менин үйүмдө болчу. Бир убакта Азирети Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) келип, кирүүгө уруксат сурады. Ага уруксат берди. Андан соң Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) келип уруксат сурады. Ага да уруксат берди. Алар киргенде пайгамбарыбыз жамбаштап жаткан болчу жана анын тизесинен өйдө же ылдый жагы ачылып, көрүнүп турган. Аларды ошол абалында тосуп алды. Андан соң Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) келип, кирүүгө уруксат сурап калды. Ошондо Алланын элчиси (ага Алланын салам-салаваты болсун) ордунан туруп, кийимин түшүрүп, иретке келтирди да, кирүүгө уруксат берди. Алар кеткенден кийин, Алланын элчисинен: «Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) киргенде кийимдериңди иретке келтирдиң, а Азирети Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) менен Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) киргенде андай кылбадың, мунун себеби эмне?» – деп сурадым. Ал: "Азирети Усмандан периштелер да уялат, анан мен кантип уялбай коёюн?" - деп жооп берди" (Имам Муслим, 2402-катар сандагы хадис).

2. Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) шейит болуусун пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) алдын ала айтып өткөн. Анас бин Малик кабарлаган хадисте, Алланын элчиси (ага Алланын салам-салаваты болсун), Азирети Абу Бакр, Азирети Умар жана Азирети Усман (аларга Алла ыраазы болсун) төртөө Ухуд тоосуна чыгышат. Ошол мезгилде тоо титирей баштайт. Алланын элчиси (ага Алланын салам-салаваты болсун) тоого: "Оо, Ухуд! Тынчтангын! Сенин үстүңдө элчи, сыдык жана эки шейит турат" – дейт. Анан тоо титиребей калат (Имам Бухари, 3697-катар сандагы хадис).

3. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын эки кызына үйлөнгөн. Азирети Али бин Абу Талиб (ага Алла ыраазы болсун) Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) жөнүндө минтип айткан: "Периштелер аны "Эки нурдун ээси" деп чакырышат. Ал пайгамбардын эки кызына үйлөнгөн. Ага Бейиште бир ак сарай курулгандыгы убада кылынган".

4. Ал пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) менен бирге көптөгөн жихаддарга катышкан. Бир гана Бадр согушуна катыша алган эмес. Ислам тарыхында "Байат Ризван" деген ат менен белгилүү болуп калган сахабалардын келишими Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) үчүн болгон. Курайш каапырлары Азирети Усманды (ага Алла ыраазы болсун) өлтүрүштү деген кабар тараганда, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) сахабаларды чогултуп, артка чегинбөө үчүн ант беришет. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) сол колунун үстүнө оң колун коюп: "Бул Азирети Усмандын колу деп эсептегиле" деп айткан. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) колун өзүнүн колунан жогору койгон.

Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) берешендиги

1. Ислам тарыхындагы белгилүү казаттардын бири – Табук казаты. Бул казат күн абдан ысып турган учурда жана алыс аралыкка болгон. Ошондуктан бул казатты "Оор казат" деп аташкан. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) жалпы мусулмандарга кайрылып: "Кимде-ким оор казатка чыгуучуларга жардам көрсөтсө, ал үчүн бейиш бар" – деп айтат. Ошондо Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) элдин баарын таң калтырып 300 төө, 1000 динар алып келип аскерге бергени хадистерде айтылат (Сунан ат- Тирмизи, Манакиб, 5/625-626; Муснад Ахмад, 5/63).

2. Мусулмандар Меккеден Мединага жаңы көчүп келишкенде, суу маселеси абдан оор болгон. Гифар уруусундагы бир адамга тиешелүү Рума аттуу кудук бар эле. Бирок, ал бир чанач сууну бир ууч данга сатчу. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) ага кайрылып: "Кудугуңду бейиштин булагына алмаштырбайсыңбы?" – деп сурайт. Бирок тиги адам: - Менде үй-бүлөмдү бага турган мындан башка мүлкүм жок – деп макул болбойт. Бул окуяны угуп калган Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун), тиги кишиден кудуктун тең жарымын 12 000 дирхамга сатып алат б.а. бир күн тиги, бир күнү Усман (ага Алла ыраазы болсун) пайдалана турган болот. Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) кезеги келген күнү мусулмандарга суу бекер берилгендиктен, башка күндөрү тиги кишиден эч ким суу сатып албай калат. Натыйжада, тиги кудуктун калган бөлүгүн да сатууга аргасыз болуп, аны 8000 дирхамга Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) сатып алат. Анан пайгамбарыбызга (ага Алланын салам-салаваты болсун) келип: «Тиги кудук ээсине айткан сөздү мага да айтасыңбы?» – деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): «Ооба, ошол сөз сага да тиешелүү, кааласаң бул кудукту бейиш булагына алмаштырып ал», - дейт. Ошондо Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) бардык мусулмандарга кудук суусун бекер пайдалангыла деп жар салат.

3. Азирети Абу Бакр Сыддыктын (ага Алла ыраазы болсун) халифалык учурунда эл арасында каатчылык болуп калат. Адамдар арыз-арманын айтып халифага келишет. Азирети Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) аларга: "Бүгүн кечке сабыр кылып тургула, Алла кааласа, кечинде бизге ырыскы келет деп үмүт кылам" – деп көңүл жубатат.

Күн батарга жакындап калганда эл арасына Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) кербени келиптир деген сөз тарайт. Соодагермин дегендин баары, анын үйүн көздөй шашылышат. Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) Шамга кеткен кербени келген болот. Буудай, май, мейиз ж.б. азыктар артылган төөлөр каз катар тизилип, Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) эшик алдына токтоп турат. Үймөлөктөшкөн соодагерлер төө үстүнөн түшө элек азыктарды өз алдынча соода кыла башташат. Анткени, эл ачарчылыкка батып, кымбат болсо да азык алууга муктаж болуп турган. Мындай учурду соодагерлер колдон чыгарбайт эмеспи. Ошол убакта Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) чыгып: «Мен элдин азыкка муктаж болуп турганын жакшы билем, ошондой болсо да, ынсап менен арзан сатууга аракет кылам, силер мен алган баанын үстүнө канча кошуп бересиңер?» – деп сурайт. Соодагерлер бир ооздон: «Сен алган баага төрт эсе кошуп беребиз», - дешет. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун): «Силер өтө эле аз айтып жатасыңар, мага бирөө мындан көп убада берген эле», - дейт. Соодагерлер: «Анда беш эсе кошуп төлөйлү», - дешет. «Жок, силер дагы эле аз айтып жатасыңар», - дейт Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун). Анын сөзү баарын таң калтырат: «Мединадагы соодагердин баары бул жерде турат, мындан жогору бааны сага ким убада кылды?» – деп сурашат соодагерлер. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) аларга: «Силер Алла Тааланын бир жакшылыкты он эсе кылып кайтарам деген сөзүн билбейсиңер го, Алла Таала мага он эсе төлөймүн деп убада берген, бул жердеги азыктын баарын шаардагы кедей-кембагалдарга садака кылып таратамын, мен үчүн мындан өткөн кирешелүү соода жок», - деп сөзүн аягына чыгарат.

Куран нускасынын көбөйтүүсү

Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) халифалык доорунда мусулмандар үчүн көптөгөн эмгектерди жасаган. Алардын бири – анын Куранды жыйноосу. Куран 23 жылдын ичинде түшүп бүткөн. Сүрөлөр кээде толук түшсө, кээде аят-аят болуп түшүп турган. Түшкөн сүрө, аяттарды "Куттабул вахи" б.а., "Аян жазуучулар" деп аталган кырктан ашуун сахаба дарактын кабыгына, терилерге ж.б. жазууга ыңгайлуу болгон нерселерге жазып турушкан. Мындан сырткары, Куран аяттарын өз алдынча жазып алышкан жана аны жатка жаттаган сахабалар да болгон. Бул учурда пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) хадистерин жаздырган эмес, анткени адамдар Куран аяттары менен хадистерди аралаштырып алуусунан чочулаган. Ошондой эле пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) Куран аяттарын бир китеп кылып топтоого да буйруган эмес. Себеби ал учурда аяттардын түшүүсү уланып турган. Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) ар бир аятты сахабаларга окуп, анын маанисин түшүндүрүп берчү. Сахабалар ага амал кылып, көбү аяттарды толук жаттап алчу. Рамазан айында Жебрейил периште келип, түшкөн сүрөлөрдүн баарын пайгамбарыбызга (ага Алланын салам-салаваты болсун) дагы бир сыйра окутуп чыкчу. Эң акыркы Рамазан айында, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) Куранды Жабрейил периштеге эки жолу окуп берген. Аны сахабалар угуп турушкан. Мына ушунан улам сүрөлөрдүн тартиби өзгөргүс болуп, Курандын бир тамгасы да өзгөрбөй сакталып калган.

Азирети Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) халифа болуп турган учурда, Мусайлама аттуу өзүн пайгамбар атаган жалганчы менен болгон согушта Куранды жатка билген сахабалардан жетимиштен ашууну шейит болот. Ушул окуядан кийин Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) Азирети Абу Бакрга (ага Алла ыраазы болсун) Куранды бир китеп кылып топтоо сунушун айтат. Анткени, Куранды жатка билген каарылардын азаюсу менен келечекте Курандын кээ бир аяттары да унутулуп калат деген коркунуч туулган. Алгач Азирети Абу Бакр (ага Алла ыраазы болсун) ага көнбөйт. Бирок, Азирети Умардын (ага Алла ыраазы болсун) бир канча жолку түшүндүрүүсүнөн кийин гана макул болот. Экөө "Аян жазуучулар" деп аталган сахабалардын башчысы болгон Зайд бин Саабитке ойлорун айтышат. Анан кимде Куран аяты жазылган болсо, аны эки күбө менен алып келсин деп буйрук беришет. Ошентип, Куранды жатка билген сахабалар ар бир жазылган аятты кылдаттык менен окуп, Зайид бин Саабит (ага Алла ыраазы болсун) аны бир китеп кылып топтой баштайт. Курандын бул нускасы Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) өткөндөн кийин, анын кызы Хафсанын колунда сакталып калат.

Анас бин Маликтин (ага Алланын салам-салаваты болсун) айтымында, Хузайфа бин Яман (ага Алла ыраазы болсун) Шам жана Ирактык аскерлер менен бирге Армения, Азербайжан тарапка жортуулга чыгып келгенден кийин, Азирети Усманга (ага Алланын салам-салаваты) кирип: "Бул элдер Куранды ар түрдүү диалект менен окуп жатышат, жөөттөр менен христиандар сыяктуу бөлүнүп-жарылып кеткенче айласын көрүңүз" деген мааниде кайрылат. Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) Хафса энебиздеги жалгыз нускадагы Куран китепти алдырып, ошол эле Зайид бин Саабит, Абдуллах бин Зубайр, Саьид бин Аас, Абдурахман бин Хаарис бин Хишаам (аларга Алла ыраазы болсун) аттуу Куранды жатка билген сахабалардан бир топ түзүп, Куранды дал түшкөндөгүдөй негизги курайш тилинде жазууга буйруйт. Булар окууну, жазууну жакшы билген, такыба жана кылдат сахабалар болгон. Даяр болгон эмгектерди Азирети Усман (ага Алла ыраазы болсун) менен Зайид (ага Алла ыраазы болсун) бир канча жолу окуп, текшерип чыгышкан. Анан бир канча нуска жазышып, аны ислам борборлору болгон негизги шаарларга жөнөтүшкөн. Хафсадан (ага Алла ыраазы болсун) алган түп нусканы ага кайтарып берип, башка Куран аяттары жазылган бардык нускаларды өрттөтүп жиберген. (Имам Бухари, Фазаил Куран бөлүмү, 4987-хадис).

Бул Азирети Усмандын (ага Алла ыраазы болсун) доорундагы эң чоң эмгек болгон. Ошентип, ыйык Куран мусулмандардын жүрөгүндө жана текчелеринде сакталып калды. Алла Таала Куранды кыяматка чейин Өзү сактоого убада берген жана Ал - убадасын аткаруучу.

Алайчы Сейитбеков