Балаңыз бактылуубу?
24.12.2022

Балаңыз бактылуубу?

Бир күнү кезектеги семинардын алдында кагаздарымды иреттеп олтурсам, орто бойлуу киши кирип келди. Жайдары жүзүнөн бакыттын илеби сезилет. Келээри менен:

- Устат, колуңуздан өпсөм уруксатпы? - деди. Негизинде кишинин колумдан өпкөнүн мурдатан жактырчу эмесмин. Жигиттин көңүлүнө тийбейин деп:

– Кааласаң колумдан эмес, бетимден өп. Ал дароо капшыра кучактап бетимден өптү.

- "Ии, жигит, не үчүн колуман өпкүң келди?" Коногум агынан жарыла кетти.

– Устат, ушудан үч жыл мурун сиздин семинарыңызга катыштым. Билесизби? Менин өмүрүм дал ошол күндөн баштап толук өзгөрдү десем болот. Ошол семинардан кийин бактылуу үй бүлөм бар десем болот. Ошон үчүн сизге алкыш айтып, колуңуздан өпкүм келди.

– Ошончолук не айттым экен?

– Үч жыл мурун жумуш боюнча шаарга келип, сиздин семинарыңызга катышуу насип болду. Семинарды корутундулай келе: "Адам өмүрүнүн эң маңыздуу кези балалык чагы. Балалык чактын кызыгына тоюп өспөгөн наристенин алдыдагы өмүрүндө бактылуу болуусу бир топ. Кандай да бир ата-эненин эң башкы милдети, оюн баласынын оюнга каалаганча ойноосун билүүсүндө. Бул ар бир атанын эң башкы милдети" - деген элеңиз.

Бир аз үнсүз калып, эсине бир нерселерди түшүргөндөй:

– Ушул сөздөрүңүздү уккан кезде терең ойго чөмүлдүм. Ата болуп баламды кандай кубанычка бөлөдүм? Мындай суроого мурун баш катырып деле көрбөпмүн. Ойлоп көрсөм өмүрүмдө баламды кубантууга, ойнотууга же көңүл бөлүүгө эч аракет жасабапмын. Тогуз жаштагы уулум мени көрөөрү менен, кабагы түшүп, көзүмө көрүнбөөгө тырышат. Не үчүн менден алыстагысы келээрин билесизби, устат?

– Не үчүн?
– Анткени баламды көрөөрүм менен:

Үй тапшырмасын аткардыңбы? – деген суроодон баштачумун. Уулум кабагы түшүп, аткарбаган түр көрсөтөт. Мен ачууга буулуп, жаман сөздөр менен... Ар жагын айтууга оозум да барбайт. Терең күрсүндү. Семинар бүткөн соң жол бою ойлондум. Автобуста такыр уктай албадым. Ошодон үйгө келип, аялым менен акылдашууну жөн көрдүм. Кечкисин балам уктагандан кийин аялымды чакырып: "Бүгүн мен бир сонун семинарга катыштым. Бала тарбиясына катыштуу көп пайдалуу кеңештерди алдым. Түшүнгөнүм биз балдарыбызга жакшы ата-эне болбой жүргөн сыяктуубуз. Мейли сабагын окубаса окубай эле койсун. Эң башкысы балалык чактын кызык күндөрүнөн кур калбаса экен деймин. Кандай ойлойсуң?- дедим. Аялым:

– Сен не деп турганыңды билесиңби? Канча убактыңды кетирип баргандагы укканың ушу бош сөздөрбү? Окубаса окубасын дегениң не? Окуйт! Окууга милдеттүү! Башка балдардан кай жери кем мунун? - деп түшүнө албады. Бирок аялымды күнөөлөбөйм. Кандай эне өз баласынын жаман болгонун кааласын.

- Анан не болду?

- Аялымды үч күн жүрүп зорго көндүрдүм. Акырында не кылсаң да өзүң билчи деген жооп алдым. Кечинде жумуштан келген соң баламдан адаттагыдан башкача көңүл коюп: Бүгүн досторуң менен каалашыңча ойной алдыңбы?" - деп, сурадым. Ал жок дегендей ишарат билдирди. Ылдам кийимимди алмаштырдым да: “Андай болсо жүр ойногону” деп, баламды эшикке алып чыктым. Биздин сыртка чыкканыбызды көргөн баламдын достору да жыйнала калышты. Ошол күнү кечки алтыдан каш карайганга чейин көчөдө ойнодук. Жаңылбасам тогуздар чамасында үйгө кирдик. Бир сонун күн болду. Үстү-башыбыз чаңга малынган соң экөөбүз бирге душка түштүк. Жуунуп болгон соң баламды аарчынттым. Өмүрүмдө мурда кийин мындай сонун күн өткөзгөн эмесмин. Жумуштан келген соң дайым кечкисин экөөбүз оюнга чыгууну адатка айландырдык. Мурун балам менден качуучу эле, эми мени акыйып күтүп отура турган болду. Ушинтип ар күнүбүз улана берди. Жетинчи же сегизинчи күнү балам экөөбүз сырттан келип жуунуп, үстүн кургатып жатканымда, балам колуман кысып кармап: Ата, мен сизди өтө катуу жакшы көрөмүн! - деди. Тилим байланып сүйлөй албадым. Жүзүмдү жаш жууп кетти. Өксүк тамагымды бууп, үнсүз ыйлай бердим.

- Устат билесизби?

– Эмнени, айланайын?

– Менин кандай жаман ата болгонумду. Өмүрүмдө боор этим баламдан баягы сөздү алгач ирет уктум. Эгер өмүрдөн, баламдын жүрөгүнөн чыккан жылуу сөзүн уга албай өтүп кетсем не болоор эле?!

– Андай дебегин! Эң башкысы убактысында маселени узактырбай иреттей алыпсың. Кээ бир кишилер али күнгө чейин катаал болуп, бала көңүлүн карашпайт. Сөзүңдү бөлүп жибердим таарынба, ары карай не болду?

– Бир күнү баламдын класс жетекчиси чогулушка чакырды. Аялымды бирге барууга канчалык көндүрүүгө тырышсам да, аныман эч нерсе чыкпады. Мугалимдердин, анан калса башка ата-энелердин арызданганынан абдан чарчаса керек. Жалгыз барууга туура келди. Жыйналышка кечигип келдим. Не болсо да угайын деп, эң арткы катардагы орундукка олтурдум. Чогулуш бүттү, ата-энелер класс жетекчиси менен өз-өзүнчө жолугуп жатышат. Баары жумуштарын бүтүрүп кетти, кезек мага да келди. Алдыңкы партага жылдым. Класс жетекчиси бетиме карап жылмайып:

– Айтыңызчы, сиз балаңызга не кылдыңыз? – деди. Мен да шашкалактап:

– Окуусу такыр жаманбы? – дедим.

– Сиз айтыңызчы сыр болбосо, ырасы менен балаңызга не кылдыңыз?

– Не болду? Ата-энелерден арыз түштүбү? Же такыр сабактарга үлгүрбөй атабы?

– Жооок! Такыр андай эмес. Терсинче аз убакыттын ичинде балаңыздын сабакка үлгүргөнү, тартиби, керек болсо мүнөзүнө чейин такыр өзгөрдү. Мурун сабагына көңүлкош карап, досторун таарынтып, кечке эскертүү алчы эле. Айтыңызчы, ушунун баарын өзгөртүүгө кандай амалга бардыңыз?

Мен ыйлаган бойдон ордуман козголбой отуруп калдым. Колуман келгени ошол болду. Кудайым ай, балапанымды өз колум менен кор кылып жүргөн экемин го. Ошо бойдон үйгө келдим. Ыйлаганым көзүмөн билинет. Эшикти ачкан аялым түрүмдү көрүп:

– Не болду, такыр начарбы? - деп чочуй сураганда, аялымы кучактап дагы ыйладым.

– Устат, сизге алкышым чексиз. Мага бакытка жетүүнүн жолун сиз көрсөтпөгөндө бүгүнкү үй бүлөмдүн акыбалы кандай болоор эле? Ошол күндөн бери бактылуу өмүр сүрүп келебиз. Ошол себептүү салам берип, колуңуздан өөп кетүүнү туура көрдүм. Сизден Алла ыраазы болсун!

Которгон: Б. Дүйшөбаева