Чыныгы жеңиш
22.01.2023

Чыныгы жеңиш

Бир нече жыл илгери Сиетлде өзгөчө олимпиадалык оюн болуп өткөн. Кыска аралыкка чуркоо боюнча өткөрүлгөн бул оюндун өзгөчөлүгү – олимпиадалык жарышка майыптардан турган спортчулардын тобу катышканы болгон. Ошентип, жарыш башталат. Старттык белги берилгенде тогуз спортчунун баары чуркай алган эмес, бирок, баарынын каалоосу жарышта биринчиликти жеңүү эле. Башкалар менен кошо чуркаган бир жаш бала көп узабай кулап түшөт да, жаны ачыганынан улам ыйлап жиберет. Алдыдагы чуркап бараткан сегизи ошол замат чуркаганын токтотуп, артын карап калат. Жанагы ызаланып ыйлаган баланы көргөндө алардын баары кайра артын көздөй чуркайт. Бир жагынан сылтып баскан кыз баарынан мурун келип баланын башын көтөрүп, бетинен өөп: "Баары жакшыбы? Бир жериң ооруп калган жокпу?" деп турууга жардам берет. Ошентип, марага майып спортчулардын тогузу тең кучакташып алып, чогуу келишет. Стадиондогу көрөрмандардын баары бул көрүнүшкө таасирленип, көпкө кол чабат. Бул өзгөчөлөнгөн жарыш кийин көпкө чейин эл оозунан түшпөй айтылып жүргөн. Эмнеге? Себеби, майып адамдар турмуштагы жеңиш – жеке кызыкчылык эмес, жакынына жардам берип, башкалардын кубанычына ортоктош болуу, турмуштун кыйынчылыгын биргелешип жеңүү экенин жакшы билет.

Мээрими жокко мээрим төгүлбөйт. (Хадис)

Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот. (Кыргыз эл макалы)

Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт. (Кыргыз эл макалы)

Кишини даража жогорулатпайт, даражаны киши жогорулатат. (Жами)

Көпчүлүктүн камын көргөн киши – адилет киши. (Гельвеций)

Турмуш сабактары китебинен