Дүйнөдөгү эң жакшы адам!...
05.08.2022

Дүйнөдөгү эң жакшы адам!...

Көчө бойлоп теңселе кадам шилтеген мас аялды кичинекей кыз жетелеп келе жатты. Ал аялдын кийими кир, чачтары уйпаланган, ал аз келгенсип, улам бирөөгө сүйлөп коюп келе жатты. Жолуккандар аны айланып өтүп, иренжиген түр менен карап жатышты. Айрымдары:" Кандай акмакчылык! Уят эмеспи! Ушундан көрө ичпей эле койбойбу! Аракеч!" – деп сүйлөнүп бара жатышты. Ал сөздөрдү угуп ызаланган тестиер кыз көз жашын көлдөтүп: "Ал аракеч эмес, силер билбейсиңер, ал ... ал... дүйнөдөгү эң жакшы адам. Ал – менин АПАМ" – деп кыйкырып жатты...

Апа деген асмандагы Айга тең,
Апа деген гүлдөп турган гүлгө тең.
Апа деген чалкып жаткан деңиздей,
Жарык берген, жашоо берген Күнгө тең.  (Эл нускасы)

Ата-эненин ыраазычылын албаган, Алла Тааланы ыраазы кыла албайт. (Хадис)

Эне баарынан кымбат. Канчалык жакшы адам болбосун, канчалык кам көрбөсүн, эненин ордун эч ким алмаштыра албайт. (Саади)

Эне сүтүн актоо – өмүр бою кутулгус карыз. (Н. Островский)

Баарынан күчтүү, ыйык сүйүү – эненин сүйүүсү. Ал эч нерсеге багынбайт. (Т. Драйзер)

Турмуш сабактары китебинен