Эне мээрими
03.08.2022

Эне мээрими

Күндөрдүн биринде сыртта ойноп жүргөн балдар жарыша апасынын жанына чуркап келишет. Алардын талашкан бир маселеси бар эле: Апасы кимисин баарынан жакшы көрөт?

Алардын талашын уккан апасы унчукпастан, бир шамды алып, аны күйгүзүп коёт да, балдарына кайрылат: "Мына бул шам – мен. Ал эми анын жарыгы – менин силерге болгон сүйүүм. Ал баарыңарга бирдей тийип жатабы? Балдары бир ооздон "ооба" деп жооп беришет. Андан кийин апасы биринчи шамдын жалыны менен экинчи шамды күйгүзүп, туң уулуна берет да, мындай дейт: "Мына, алгач мен туң уулума мээрим төгүп, сүйүүмдү бөлүштүм. Андан менин сүйүүм кемип калдыбы? Албетте, жок."

Ошентип, ал ар бир баласына бирден шам күйгүзүп берет. Бирок апасынын шамы ошол бойдон жарык чачып, балдарына "мээримин төгүп", жанып тура берет.

Алла жер менен асманды жаратканда жүз ырайым жараткан. Ал жүз ырайымдын бири гана жерге түшкөн. Ал – эненин балага болгон ырайымы. (Хадис)

Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт. (Макал)

Балалуу үй – базар. (Макал)

Энелик наамын актап, балтыр бешик
Баласын боорго кыскан эне кандай!
Балага, баласынын атасына
Ал эне ырыс чачып аткан таңдай! (Т.Г. Шевченко)

Балдар – жердин жандуу гүлдөрү. (М. Горький)

Турмуш сабактары китебинен