Эне
25.12.2021

Эне

Уткир Хошимов, өзбек жазуучусу.

Балалыгымда апам көп уламыштарды айтып берчү. Бар экен, жок экен дүйнөдө бир аял болгон экен. Өзү аябай сонун аял экен, бирок бир кемчилиги өңү серт болгон экен байкуш. Күйөөсү болсо аябай сымбаттуу экен. Айдан-ай, жылдан-жыл өтүп эрди-катын уулдуу болуптур. Ошондо да эркектин турмуштан көңүлү толбоптур. Бир күнү аял жарым түндө баласын көтөрүп үйдөн чыгып кетиптир. Башка аргасы калбаптыр. Ал уулун көтөрүп кете бериптир, кете бериптир... акыры чоң бир дарактын түбүнө келип баласын бооруна басып уктап калыптыр. Кызыктай түш көрүптүр. Түшүндө аппак сакалдуу карыя ага кыпкызыл алма сунуп жаткан экен. Аял алманы алайын деп эми колун созгондо ойгонуп кетиптир. Караса таң атып калыптыр. Аял түндөсү астында уктап калган дарак - алма экен. Ойгонсо бут жагында кыпкызыл алма жаткан экен. Түшүндө карыя сунган алманын куду өзүндөй экен. Аял сүйүнүп кетиптир. Алманы кармаары менен асмандан: "Ушул алманы жесең дүйнөдөгү эң сулуу аял болосуң" - деген үн угулуптур. Аял алманы көкүрөгүнө басыптыр. Ошондо асмандан дагы үн келиптир: "Ушул алманы жесең эриң жакшы көрө турган болот". Аял ого бетер сүйүнүп кетиптир. Алманы эми оозуна алып барган экен, баягы үн дагы угулуптур: "Алманы жесең бардык ниетиңе жетесиң. Бирок балаң оорукчан болуп калат". Аял бул сөздү укканда коркуп кетиптир. Алманы ыргытып жибериптир да баласын бооруна кысып басып кетиптир. Байкуш аялга боорум ачыйт. Күйөөсүн жаман көрүп кетем. Апамдын колтугуна тыгылып "дагы жомок айтып бериңиз" деп кежирленем. Апам бир аз тим болот да жаңы жомокту баштайт. "Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир бай адам болгон экен. Анын үйүндө кызматчы аял иштейт экен. Байдын да, кызматчы аялдын да он жашар уулдары бар экен. Экөөсү тең бир мектепте окуйт экен. Байдын уулу аябай сулуу экен. Кызматчы аялдын уулу болсо серт, бир көзү сокур экен. Бир күнү бай кызматчы аялды сынамакчы болуптур. Аялдын колуна бир баш жүзүм бериптир да дайындаптыр: "Ушул жүзүмдү мектепке алып барып эң сулуу балага бересиң" - дептир. Кызматчы аял мектепке барыптыр да жүзүмдү өзүнүн уулуна бериптир. Аны көрүп байдын ачуусу келиптир. "Эмне үчүн жүзүмдү өзүңдүн уулуңа бердиң?" - деген экен, кызматчы аял мындай дептир: "Дүйнөдө менин уулумдан өткөн сулуу бала жок. Сага түрү суук көрүнсө көрүнөр. Мен үчүн эң сулуу бала ушул!" - дептир. Бир кездери жөнөкөй бир жомок болуп туюлган бул сөздөрдүн ичинде канчалык терең маани бар экендигин кийин түшүндүм. Бала кезде бирге өскөн Ахад аттуу досум болгон. Экөөбүз дарыянын боюнда биргеликте эчки бакчубуз. Ахаддардын үйүнө ар барганыбызда апасы дасторконго бир чыны сүт, бир загара нан коюп дайыма бир сөздү айтар эле: "Жеп алгыла, балапандарым. Менин курсагым ток, азыр эле тамактанып алдым". Анын эмне үчүн дайыма "азыр гана тамактанганын" эс тарткан соң түшүндүм. Көрсө ал оозундагысын бизге берип жүргөн экен. Жаш баланын кыялынан кең нерсе болбойт. Бир күнү Ахад экөөбүз чоңойсок эмнелерди жасай тургандыгыбыз тууралуу сүйлөшө кеттик. "Мен чоңойсом - деди Ахад, кооз үй курам. Апамды үйдүн төрүнө отургузуп коём. Апама күн сайын бир чыны каймак, анан май токоч алып келип берем". Андан бери канчалаган суулар акты. Ахад чоңойду, алдына адамдар уруксат сурап кире турган чоң кызматка отурду. Жакында кабылдамасындагы катчы кыздан уруксат алып алдына кирдим. Кучакташып учураштык. "Апам жакшы жүрөбү?" - дедим. Мен анын апасын "апа" дечүмүн. Кабар алып турасыңбы?". "Апам жакшы. Иним менен турат". Ахад наалый башын чайкады: "Чынын айтсам кабар алганга убакыт жок. Өзүң көрүп турасың, ишим чачымдан көп". Мен ага май токочту эсине салгым келди да унчукпадым. Эртеси күнү Ахаддын инисинин үйүнө бардым. Апам бир топ мүңкүрөп калыптыр. Чачтары аппак, көздөрү нурсуз. "Ахаджаным күн сайын келип турат" - деди ал күлүмсүрөп. "Байкуш балам куп мээримдүү чыкты..." Көзүмдөн жаш чыгып кетейин деди. Билем, Ахаддын ташпиши көп. Бирок, негедир ошо күндөрдү - загараны сүткө туурап жеген күндөрүбүздү эстедим. Ошондо дагы бир сөз көңүлүмө келди. Дүйнөдө чегара деген түшүнүк бар, максат деген түшүнүк бар... эркектер, аялдар деген түшүнүк бар. Мамлекеттер чегара менен ажыратылат. Адамзат ар түрдүү максаттар менен жашайт. Бири-биринен айырмалана турган эркектер, бири-биринен айырмалана турган аялдар бар. Бирок, дүйнөдө энелер деген түшүнүк болуусу мүмкүн эмес. Дүйнөдө ЭНЕ деген жалгыз түшүнүк бар. Аны эч качан экиге бөлүп болбойт. Ошон үчүн да инсан баласы тили чыкканда эң алгач "ЭНЕ" дейт. Дүйнөдөн көз жумуп жатканда да "ЭНЕ" дейт.

Кыргызчалаган: Каттабек Шамшиев