Эркиндик
01.12.2021

Эркиндик

1955-жыл. Америка Кошмо штаттарында Роза Паркс аттуу кара терилүү тигүүчү аял жумуштан чыгып автобуска түшүп, бош орундукка олтурду. Бир аздан соң ак терилүү эркек киши келди да андан жай берүүсүн талап кылды. Ал кезде АКШнын мыйзамы боюнча коомдук жайларда кара терилүү адамдар ак терилүү жарандарга орундукту бошотуп берүүгө милдеттүү болчу.

Роза бул мыйзамга баш ийгиси келген жок, орундукту бошотподу. Анын ушул кадамы миллиондогон кара терилүү адамдардын кыйынчылыктан кутулуусуна себеп болду. Автобуста ак терилүү адамдар жаңжал чыгарды. Айдоочу автобусту токтотууга мажбур болду. Роза Парксты полиция кармап кетип, айып пул салды. Ал төлөөдөн баш тартты. Ошентип аны камакка киргизишти.

Ушул окуядан кийин кара терилүү жарандар коомдук транспортко түшүүдөн жапырт баш тартты. 381 күн бир да кара терилүү адам транспортко түшкөн жок. Натыйжада 1956-жылы Вашингтон соту коомдук транспорттордо расалык кемсинтүүгө тыюу салган чечим чыгарат. 1964-жылы болсо расалык бөлүнүүгө таптакыр тыюу салынды. Ошентип жалгыз аял өзүнүн бекемдиги, өжөрлүгү менен тарыхтын багытын башка нукка буруп жиберди.

2005-жылы Роза Паркс каза болгондо Американын Президенти Билл Клинтон ушундай деген эле: "Ал жөн гана орун бербей койгондугу менен бизге эркиндик эмне экендигин үйрөтүп кетти".

Каттабек Шамшиев