Ибн Умардын түшүнө тозок кирген
14.02.2017

Ибн Умардын түшүнө тозок кирген

Ибн Умар бир ирет көргөн түшүн минтип айтып берген: «Түшүмдө мага эки периште келди. Экөөсүндө тең окшош темир чокморлору бар экен. Экөө мени тозокту карай алып жөнөштү. Алар мага карап: “Сен коркпогун, эгер намаз окусаң, жакшы адамсың” – деп айтышты. Анан мени тозоктун жээгине алып барып токтошту. Ал жерден дагы бир колунда чокмору бар периште жолукту. Тозок кудук сыяктуу оролгон, анын кудуктан суу тартып алчуу аркандар сыяктуу мүйүздөрү бар экен. Мүйүздөрдүн ортосунда колунда темирден чокмору бар периште турат. Тозокто баштары ылдый карап, чынжырлар менен илинип турган адамдарды көрдүм. Алардын арасында Курайш уруусундагы адамдарды да көрдүм. Анан мени оң тарапка алып кетишти. Ошентип ойгонуп кеттим. Андан кийин окуяны Хафсага айтып бердим, Хафса болсо пайгамбарыбызга айтып берген экен, пайгамбарыбыз “Абдуллах жакшы адам” – деп айтыптыр». (Бухари, 7027-хадис, Муслим, 2479-хадис). Кыямат болгонго чейин кимдир бирөө тозокту көрө алабы? Биз билгенден пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) бул жашоосунда бейишти да, тозокту да көргөн. Ибн Аббас риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) күн тутулгандагы намазга чогулганда: «Мен бейишти көрдүм жана анда өскөн жемиштерди алуу үчүн колумду сундум, эгерде мен аны үзүүгө үлгүргөнүмдө, анда силер шек күмөнсүз ал жемиштерди бул жашоонун соңуна чейин жемексиңер. Мындан сырткары мага тозоктун жалыны да көрсөтүлдү. Мен бүгүнкү көргөнүмдөн да коркунучтуу нерсени эч көргөн эмесмин. Баса, тозок элинин көбү аялдар болот экен» - деп айткан. (Бухари, 1052-хадис, Муслим, 907-хадис). Асма риваят кылган хадисте, пайгамбар (ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Мага (азыр эле) бейиш ушунчалык жакын көрүндү, эгер мен ага (кол сунууга) аракет кылганымда, силерге анын мөмөлөрүнөн бирди алып бермекмин. Ошондой эле тозок да мага ушунчалык жакын көрсөтүлдү, атүгүл: «Оо, Раббим, мен да ошолор менен бирге боломунбу?» - деп жибердим. Ошол жерде мен кокусунан бир аялды көрүп калдым да: «Ал кайсы күнөөсү үчүн мында келди эле?» - деп сурадым. (Мага жооп кылып): «Ал мышыгына тамак да бербей, өз тамагын өзү таап жеш үчүн чыгарып да жибербей, ачкадан өлгүчө камап койгон - деп айтышты». (Бухари, 745-хадис)

Бейиш гезити