Ийгилик сырлары
07.01.2022

Ийгилик сырлары

1. Бакыттын сыры: Азыраак ойлонуп, көбүрөөк кубануу, айланадагы баардык нерсени сүйүү. Керексиз ойлор менен мээге күч келтирбей, бош коюу.

2. Эркиндиктин сыры: Башкалар эмне дейт деген ойдон алыс болуу. Ар бир адам өзгөчө. Башка бирөөнүн ою менен өз бактыбызды бузуп албайлы.

3. Сүйүүнүн сыры: Сүйүүңдү бере бил. Бирөөнүн сүйүүсүн мажбурлап албастан, сен сүйүүңдү берсең, Жараткан сага эки эселеп берет."Гүлдү сүйсөң - тикенеги менен кошо сүй" - дейт кыргыз элинде.

4. Чындыктын сыры: Ой - материалдашат. Биз эмнени кааласак, Кудай ошону аткарууга даяр. Жакшы ниет жарым ырыс дейт.

5. Достуктун сыры: Башка бирөөнү сындабоо. Кемчиликсиз адам болбойт. Бирөөнү өзгөрткүң келсе, өзгөрүүнү өзүңдөн башта.

6. Сулуулуктун сыры: Жараткан сени кандай жаратса, ошондой кабыл ал. Ошондой сүй өзүңдү.

7. Бакыттын сыры: Бирөөгө берүүнү үйрөнсөң, Жараткан он эселеп кайтарат. Жашоо - бул бумеранг. Эмне бересиң маанилүү эмес: материалдыкпы, акча, билим, сүйүүбү же кеңешпи ал маанилүү эмес. Баарысын жан дилиңден бер.

Ыйман желеси