Кадыр сүрөсү
25.04.2022

Кадыр сүрөсү

Түшүүсү: Меккеде түшкөн.

Аят саны: Беш аяттан турат.

إِنَّا أَنزَلْنَاهُ فِي لَيْلَةِ الْقَدْر - Иннааа анзалнааху фии лайлатил кодр: "Чындыгында Биз аны кадыр кечесинде түшүрдүк".

Бул аятта Алла Таала Куранды кадыр кечесинде түшүргөндүгүн кабарлап жатат. Алла Таала башка аятта айткандай ал берекелүү түн “Чындыгында Биз аны берекелүү түндө түшүрдүк” (Духан сүрөөсү: 3-аят). Берекелүү түн - ал кадыр кечеси, ал Рамазан айында Алла Таала айтканындай “Рамазан айы, анда Куран түшүрүлгөн” (Бакара сүрөөсү: 185-аят). Бин Аббас жана башка тапсирчилер айтышат: Алла Таала Лаухул-Махфуздан дүнүйө асманына Куранды бүтүн кылып кадыр кечесинде түшүргөн, кийин окуяга жараша жыйырма үч жылдын ичинде Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бөлүк-бөлүк болуп түшүп турган.

وَمَا أَدْرَاكَ مَا لَيْلَةُ الْقَدْرِ - Уамаа адроока маа лайлатул кодр: “Кадыр кечеси эмне экенин сага ким билдирди?!”.

Ал кечени Куран түшүрүү менен өзгөчөлөгөн. Кадыр кечесинин баркын улуулап Алла Таала ой жүгүртүшсүн деген мааниде: "Кадыр кечеси эмне экенин сага ким билдирди?!" - деп кайрылууда.

لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ - Лайлатул кодри хойрум мин алфи шахр: “Кадыр кечеси миң түндөн артык”.

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Исраил уулдарында бир адам Алланын жолунда миң ай согушкандыгы тууралуу окуяны айтып бергенде мусулмандар таң калышат. Биздин өмүрлөрүбүз кыска, анча соопту кайдан табабыз деп кейиген сахабалардын көңүлдөрүн жубатып бул аят түшкөн “Кадыр кечеси миң түндөн артык”. (Муслим)

Ал эми башка кабарда Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат: “Исраил уулдарында бир адам болгон, миң ай түнү менен уктабастан намазда туруп, күнү менен Алла жолунда согушкан” - бул кабар сахабаларга оор келет, себеби, алар өмүрдүн кыскалыгына, Алла жолунда күрөшүү мүмкүнчүлүгү аз экендигине кейишет, анан алардын көңүлдөрүн жубатып бул аят түшөт “Кадыр кечеси миң түндөн артык”. (Муслим)

Башка хадисте Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат: “Исраил уулдарында төрт адам болгон, алардын ар бири көз ирмемчелик Аллага күнөө кылбастан сексен жыл ибадат кылышкан, алар Аюб, Закарийа, Хазкыл бин Ажууз, Йууша бин Нуун, бул кабар сахабаларды таң калтырат, кийин Жебирейил периште келип: Оо, Мухаммад! Сен жана сенин үммөтүң алардын ибадатына таң калабы? Алла Таала силерге Кадыр кечесин берген, ал түндөгү ибадат сексен жылдык ибадаттан артык”. (Муслим)

Суфйан Саурий Мужахиддин айтканын айтат: Кадыр түндөгү ибадат миң айлык орозо, намазга толо ибадаттан жакшы.

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) айтат: Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: ”Кимде-ким Кадыр кечесин ишеним жана үмүт кылуу менен өткөрсө, анда, өткөн күнөөлөрү кечирилет” (Бухари, Муслим)

تَنَزَّلُ الْمَلَائِكَةُ وَالرُّوحُ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمْرٍ - Таназзалул малааикату уаррууху фиихаа би'изни роббихим мин кулли амр: “Периштелер жана Рух ал түндө Кудайдын уруксаты менен ар бир буйрукту алып түшүшөт”.

Бул түндүн берекесинин көптүгүнөн периштелер дагы көп болот. Куран окулганда периштелер түшкөндөй бул түндө дагы ар бир береке, кут менен кошо периштелер түшөт. Бул аяттагы Рух дегендин мааниси - Жебирейил периште.

سَلَامٌ هِيَ حَتَّىٰ مَطْلَعِ الْفَجْرِ - Салаамун хийа хаттаа матула'ил фажр: “Ал түн таң атканга чейин тынчтык-бейпилдик болот”.

Имам Шаабий айтат: Ал түнү периштелер мечит элине салам бергендиктен таң атканча тынчтык болот деп айтылып жатат аятта.

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) айтат: Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: ”Кадыр кечеси жыйырма жетинчи же жыйырма тогузунсу түн, себеби, ал түндө периштелер кумдун санынан көп болот”.

Убада бин Самит (Алла андан ыраазы болсун) айтат: Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: ”Кадыр кече Рамазандын акыркы он күндүгүндө, ким ошол түндөрдү издеп өткөрсө ал баарына жетишет, Алла Таала анын өткөн күнөөлөрүн кечирет, келерки күнөөлөрдөн сактайт, ал так түндөрдө болот: жыйырманын бири, үчү, беши, жетиси, тогузу же акыркы түнү”.

Мазаахирул Хак китебинде жазылган: "Кадыр кечеси периштелердин пайда болгон күнү, Адам (Алланын саламы болсун) жараткандагы мүчөлөрү чогулган күн. Ушул кечеде бейишке дарак тигилген. Дуба жана башка нерселер кабыл боло турган күн экендиги тууралуу көптөгөн хадистерде келген. Дурру Мансур китебинин бир рабаятында айтылат: Иса пайгамбар ушул кечеде асманга көтөрүлүп кеткен жана ушул кечеде Исраил уулдарынын тобосу кабыл болгон.

Бин Касир тапсири