Караңгы доор
27.09.2022

Караңгы доор

Экинчи бөлүм

СҮЙҮКТҮҮ ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (АЛЛАНЫН ТЫНЧТЫГЫ ЖАНА САЛАМЫ БОЛСУН) ДҮЙНӨГӨ КЕЛҮҮСҮ ЖАНА БАЛА ЧАГЫ

Жер жүзүн ыймансыздыктын караңгылыгы каптап турган чак.
Адамзат тарыхында зулум, мыкаачылык өкүм сүргөн убак. Көз жашын төгүп ыйлаган көздөр эмес, адамзаттын жан дүйнөсү эле. Көз жаштар көлдөй төгүлгөн кайгыдан аалам кандайдыр бир кутулуу жолун күтүп, чукуранып турган...

Жер жүзү сүйүнүч, кубаныч жана эркиндиктин булагы болгон жалгыз Алла Таалага ишенүү акыйдасынан алыс калган болчу. Ишенимсиздик, карайлаган адашуудан адамдардын айласы куруп, бир Алланын ордуна бир топ жасалма кудайлар көңүлдөрдү көр кылып ээлеп алган, чыныгы эгесин издеген жандардын үнү кудайга жеткен болчу!

Караңгы доор

Бул доордун аты – жахилия, башкача айтканда, караңгы доор. Бирок илимдин терси болгон караңгылык эмес, ыймандын терси болгон ыймансыздыктын караңгылыгы өкүм сүрүп турган доор эле...

Адамдар, бири-бирин жеген жырткычтардай, мээрим, боорукерликтин ордуна, бузукулуктун, караңгылыктын, зулумдуктун сазына белчесинен батышкан кез.

Залимдердин зулум камчысы алдында, бей-бечаранын көз жашы тыйылар түрү жок эле...

Таухид акыйдасы кыйраган ар бир доор караңгылыкка батат. Анткени асмандар менен жердин нуру болгон Алла Таалага ишенүү адамдардын көңүлдөрүнө орнобосо, адамдардын рухтары булганып, абийирлери карарып, бузулууга бет алат.

Дин жана динге тиешелүү бардык туура негиздер кыйраган бул доордо, бир Алла Таалага ишенгендер анча-мынча бар болсо да, өтө аз жана анык багытсыз болгондуктан, эч кимдин көңүлүн өзүнө бурган эмес.

Жахилияда бутпарастык

Бутпарастар ыйык Каабанын ичин ар кандай буттар менен толтуруп, аларга сыйынып, ошону менен сыймыктанышчу. Айрым сабаттуулары буттарды Аллага жакындатуучу ортомчу катары кабыл кылышчу. Бир аятта бул абал төмөнкүчө берилген:

“Биз ошол кудайларыбызга алар бизди Аллага ого бетер жакын кылышса деп гана сыйынабыз дешет”. (Зумар сүрөсү: 3-аят)

Муну менен, адамдын жаратылышына маанилүү аманат катары берилген кулчулук сезими туура эмес колдонулуп, кыянатка дуушар болгон. Адамдар даракка, ташка, отко-сууга, Ай-күнгө, жылдыздарга сыйынып калышкан, ал тургай, талкан, быштак сыяктуу желе турган нерселерден өз колдору менен жасашкан буттарга сыйынып жүрүп, анан курсактары ачканда аларды жеп салышчу.

Бул тантык ой-пикир менен беймаани түшүнүктү Куран төмөнкүчө баяндап айтат:
“Алар Алланы коюп, өздөрүнө зыян да, пайда да жеткизе албай турган нерселерге кулчулук кылышат жана: “Ошол нерселер Алланын алдында биздин колдоочуларыбыз” дешет. Айткын: “Аллага асмандардагы жана Жердеги Ал билбей турган шериктерди билдирип коймокчусуңарбы?!” Алла бутпарастардын шериктеринен таза жана жогору турат”. (Юнус сүрөсү: 18-аят)

Алар бул акылга сыйгыс пикирлерин жакшы деп эсептешчү. Эң чоң себеп катары, ата-бабаларыбыз ушундай кылып келген деп айтышар эле:
“(Бутпарастарга): “Алла түшүргөн өкүмдөргө баш ийгиле” деп айтылган кезде, алар: “Жок, биз аталарыбызды кандай жолдо тапкан болсок, ошого ээрчийбиз” дешет. Эгерде аталары эч нерсеге акылдары жетпеген, Туура жолду таба алышпаган болушса да ушинтеби?”. (Бакара сүрөсү: 170-аят)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен