
Ким кандай адам? ...
Бир акылман ар дайым шакирттерине туура жол көргөзүп, накыл сөздөрүн айтып турат. Бир күнү да адаттагыдай шакирттерин чогултуп алып: "Силер ачууңар келгенде адамга кандай сөз айтасыңар?" – деп сурайт. Ар ким ар кандай жооп айтат: бири тилдейбиз дейт, экинчиси жазалайбыз дейт, дагы бири туура эмес экендигин сөз менен айтып жеткизебиз дейт. Ошондо акылман адам аларга кайрылып: "Бирөөгө жаман сөз айтып жатып бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: акмак адам гана башканы акмак деп тилдейт. Себеби, акылы кыска адам өзүнө тааныш мүнөздү башкага ыйгарат, өзүнө тааныш сөздөр менен гана тилдейт. Жөндөмсүз адам гана башканын жасаганына акылы жетпей аны жамандайт. Коркоктор гана өзүнүн коркоктугун билдирбөө үчүн колунан келген учурда башкаларга чоң сүйлөп калат. Көп нерсени билбеген адам өзүн көрсөтүү үчүн көптү көргөндөй сүйлөп, өз кемчилигин билдирбегенге аракет кылат да, башкаларга өйдөсүнүп сүйлөйт. Башкача айтканда, алар айткан сөздөрү менен өздөрүнүн ким экендигин билдирип коёт. Ошондуктан, адамга ар дайым бийик болгула жана жаман сөз айтпагыла" – деп насыйкат кебин айтат.
Пайдалуу иштерге шашылгыла. (Хадис)
Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң чыкканга оңой болот. (Макал)
Жамандардын талашынан чыр, жакшылардын талашынан сыр чыгат. (Макал)
Жакшы кылсаң да, жаман кылсаң да өзүңө. (Макал)
Кабышкан иттерге жарашат. (Макал)
Бөлмөнү кооз гүлдөр менен көрктөндүргөндөй эле жылуу сөздөр жана таамай айтылган ой пикирлер да, адамдын жай-дүйнөсүн көрктөндүрөт. (С. Жигитов)
Турмуш сабактары китебинен