
Китеп ээлеринин аялдарына үйлөнсө болобу?
Китеп түшкөн христиан, жөөт коомдордогу аялдарга үйлөнсө болобу жана алардын сойгон курмандыктары мусулмандар үчүн адалбы?
Ассалам алейкум, урматтуу мусулман бир туугандар, Ханафи Мектеби жамаатына келген күнүмдүк суроолордун арасында, жогорудагы темада берилген суроого кыскача жооп берилген эле, бирок тилекке каршы карапайым коомчулуктун арасында ар кандай шектенүүлөр болуп, жеке катка бир нече тактоо ирээтинде берилген суроолор болгондугунан улам, бул маселени Кыргызстандагы бардык диний иштер, деги эле дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк мамлекеттер карманган Ханафий мазхабындагы үлкөн орду бар, тандалма аалымдардын, бараандуу эмгектерине таянуу менен, эч кандай шек туудурбагыдай, жетиштүү далилдерди жазып чыгарууну ылайык көрдүк. Талап кылгандардын көптүгүнөн улам, тездетүү менен жазылган бул макалабызда, кандайдыр бир мүчүлүштүктөр кеткен болсо, эскертип коюуңуздарды өтүнөбүз.
1. Алла Таала Куранда айтат: «Бүгүн силерге жакшы нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин тамактары силер үчүн адал. Өзүн арамдан таза туткан момун аялдар жана силерден мурун келген китеп ээлеринен болгон абийири таза аялдар менен үйлөнүү адал кылынды». (Маида сүрөсү: 5-аят)
Ханафий мазхабында эң тандалма төрт өзөктүк китеп болсо, ошол төрт китептин бири «Канзу Дакооик» китебинин ээси Абулбаракат Ан-Насафи жогорудагы аятты мындай чечмелейт:
«Жакшы нерселер адал кылынды»: Мындан максат китеп ээлеринин сойгон курмандыктары адал, анткени башка тамак-аштардын адал болуусу бир динге чектелбейт.
«Силерден мурун келген китеп ээлеринен болгон абийири таза аялдар менен үйлөнүү адал кылынды»: мындан максат китеп түшкөн коомдордогу абийири таза аялдар же эркин аялдарга үйлөнүү адал – деп эскерет. (Тафсир Ан-Насафий 1: 428)
2. Эсиңде болсун, китеп түшкөн коомдордогу эркин аялдарга үйлөнүү мусулмандарга адал болуп саналат, бул боюнча Умар бин Хаттаб, Усман бин Аффан, Талха, Хузайфа, Салман, Жаабир жана башка сахабалардан (Алла алардан ыраазы болгон болсун) кабарлар келген. (Табйин Хакооик Шарху Канз Дакооик/ Зайлаий 2:109)
3. Китеп ээлери деп саналган аялдарга үйлөнсө болот. Эгерде алар пайгамбарга ишенип, китеп түшкөнүн тастыктаган абалда болсо. Азат христиан жана жөөт аялдарга үйлөнүү дурус экендигине төрт мазхаб бирдей уруксат берет. (Биная шарху Хидая/ Бадруддин Айний 5:43)
4. Далилдерге маани берип көрсөк, аларга үйлөнүү жана чалган курмандыгын жеөө адал деп табылат. (Хашияту Ибн Аабидин 3:45)
5. Мусулмандар үчүн китеп түшкөн коомдордун аялдарына үйлөнсө - адал, анткени алар Исламдагы шарият өкүмдөрүнө окшош өкүмдөрдү карманышат. Мына ушундан улам, Исламдагы шарият өкүмдөрүнө ылайык нике жүрүүсү дурус экендиги зарыл болуп саналат. (Бухус фи Кодоя Фикхиййа Муасиро: 442 б, Такий Усманий)
6. Мусулман адамга, китеп түшкөн коомдордун аялдарына үйлөнүүсү дурус, китеп түшкөн коомдон максат: Алла Тааладан келген, китеп түшкөн динге ишенүү, мисалы Ибрахим жана Шиис (Алланын саламы ал экөөнө болсун) барактары, Давуд (Алланын саламы болсун) Забуру, Муса пайгамбарга (Алланын саламы болсун) түшкөн Тооратка жана Иса пайгамбарга (Алланын саламы болсун) жиберилген Инжил китептерине ишенгендер болуп саналат. (Субулулу Вафак фи Ахкам Аз-Заваж ва Толак 1: 129, Шейх Салах Абулхааж Аль -Ханафий)
7. Исламга кирүү үмүтү бар болгондуктан, китеп түшкөн коомдордун аялдарына үйлөнүү дурус, анткени алар жалпы жонунан алганда пайгамбарлар жана китептерге ишенип жатышат. (Бадаиу Ас-Сонаи / Имам Касани 2:270)
8. Ханафий мазхабында эң үлкөн аалымдардан болуп эсептелинген, көлөмдүү «Аль – Мабсут» аттуу отуз томдук чыгарманын ээси Имам Сарахси мындай деп айтат: «Христиандардын сойгон малы эч бир талашсыз адал, мейли алар үч кудай бар деп ишенеби же жокпу, анткени Алла Таала Куранда «Китеп ээлери» деп эч кандай бөлбөстөн эле айткан». (Дурор Хуккам / Мулла Хисру 1:332)
Жогорудагы далилдер, ар бир мусулман бир тууганыбызды канааттандырат деп ишенем. Себеби жогоруда төрт мазхабдын бир пикирин, Исламдагы этибардуу аалымдардын эмгектеринен жана бүгүнкү күндө дүйнөлүк ханафий эксперттер, деги эле Ислам ааламында орду бийик, Шейх Такий Усманий Ханафий, Шейх Салах Абулхааж Ханафий сыяктуу аалымдардын жазган изилдемелеринен которуп берүүгө аракет жасадык.
Даярдаган: Абдулазиз Калмурза уулу
https://chat.whatsapp.com/KKqjNLcHpci64O5NWc5Puj