Куран окуу адептери
09.01.2022

Куран окуу адептери

1. Куран окууну ниет кылган адам даараттуу болуу керек.
2. Мүмкүн болсо таза жаңы кийинип алсын.
3. Куран окуу үчүн оозун тазалап жуусун.
4. Тоскоол берүүчү нерселерден алыс тынч жерде олтуруу.
5. Мүмкүн болсо кыбылага жүздөнүп окуу.
6. Олтуруп окуу.
7. Жат окугандан көрө Куранды карап окуу абзел, анткени окуу өзүнчө кароо өзүнчө ибадат.
8. Куранды жерге койбой өйдө көтөрүп окуу.
9. Кыраат башында 1-жолу Ауузуну окуу жана ар бир сүрө башында Бисмилланы окуу жетиштүү.
10. Ауузуну айткандан кийин саламга алик алса, азанга жооп берсе, зикир же тасбих айтса Ауузуну кайра айтуу шарт эмес. Ал эми тамактанса, көбүрөөк иш кылып келсе анда Ауузуну кайра окуп анан кыраат кылып баштайт.
11. Ауузудан кийин сүрөнүн башы болсо Бисмилланы да кошо окуган абзел бирок окубаса да дурус боло берет.
12. Куран окуп жаткан учурда маанисине ой жүгүртүп окусун эгер араб тилин билбесе жок дегенде мен Улуу Алла Тааланын сөзүн окуп жатам деген сезимде окусун.
13. Капилетке батып, ою башка жакта болуп окуса, оюн бир жерге топтоп кайра ошол аяттарды ой жүгүртүп окусун. Илимдүүлөр айтат: 1-аятты ой жүгүртүп окуу, бардык Куран китепти капилет ой менен окуп бүтүргөндөн жакшы.
14. Мүмкүн болушунча кооз үн менен окуу, ыр күүсүнө салбоо.
15. Аяттарды күлүп каткырып окубай тескерисинче келечектеги сыноолорго даяр эместигин эстеп ыйлап окууга аракет жасоо.
16. Тамгаларды даана чыга турган жеринен чыгарып окуу.
17. Артыкча кыйкырып окубоо.
18. Ырайым аяттары окулса ырайым сурап, азап аяттары окулса сактоо сураганга аракет кылуу.
19. Кээ бир татаал аяттарды мааниси чыкканча кайра-кайра окуу.
20. Бир жерге барып келүү керек болсо Куранды ачык калтырбоо.
21. Эстөө, жөтөлүү, чүчкүрүү учурунда кыраатты токтотуп туруу.
22. Башкалардан жакшы окуп жатам деп текеберлене окубоо.
23. Базарда жүргөндө, мазактоочулар алдында, наадандар топтолгон жерде үндү чыгарып окубоо.
24. Куран аяттарын же анда келген аттарды тамашага салбоо.
25. Куран катым кылган соң кайра башынан 50-аят окуп коюу, бул амал шайтанды кайгыртат, анан дуба кылуу анткени катымдан кийинки дуба кабыл боло турган учур.
26. Куранды оозеки, дааратсыз, жүргөн абалда, жанбаштап, кала берсе жатып окуу дурус, бирок жогорудагы адептерди карманып окуу сооптуураак. Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун) айтат: "Кимде ким Куранды намаздан сырткары турган абалда окуса ар бир тамгасына 100 сооп, олтуруп окуса 50 сооп даарат менен окуса 25 сооп, дааратсыз окуса 10 сооп" деген.
27. Куран үстүнө эч нерсе, жада калса башка китеп да коюлбайт.
28. Куранды белгилүү болгон 7 кырааттан каалаганын тандап окуса дурус бирок өз мекенинде көнүп калган кыраат менен окуган жакшы башкалар түшүнбөстүккө түшпөө үчүн.
29. Куранды түндөсү тынч убакта окууну адат кылуу. Анын пайдалары өтө көп.
30. Айыз, нипас, жунуптан гусул кылбагандар Куранды оозеки окуу жана кармоо арам. Дааратсыз адам кармабай окуй алат. Жогорудагылардын баары Куранды сырты менен кармоосу дурус эгер анын тышы Куранга жабышпаган абалда болсо.
31. Балагатка жете электер Куранды дааратсыз кармоого уруксат берилет анткени эринип Куран жаттоолоруна тоскоол болбоосу үчүн деп патпа берилген.
32. Ауузу бир гана Куран окуп башталганда окулат. Ал эми китеп окуу, дуба кылуу, сабак берген учурларда Бисмилла менен баштайт.
33. Тобо сүрөсүндө Анфал сүрөсүнөн үзбөй окуп өткөн учурда Бисмилла окулбайт. Эгер Тобо сүрөсүнүн өзүнөн баштап окуса Ауузунун артынан Бисмилланы окуса дурус.
34. Куранды башынан аяк жаттоо бардык мусульмандарга жеке парз эмес балким жетиштүү парз. Жетиштүү парз дегени - бир айылдан бир кары чыкса баарына жетиштүү болот. Ал эми жеке парз болгондо анда ар бир адам Куранды толук жатоо милдет болмок. Ал эми намаздагы кыраатка жараша аят жаттоо ар бирине жеке парз болот.
35. Таза эмес даараткана, гусулкана, таштанды бар жерлерде Куран окуу дурус эмес.
36. Диний китеп жазган, намаз окуган адамдын алдында ага угузуп үн чыгарып Куран окуу макүрөө.
37. Кабырда Куран окуу Абу Ханифанын (Алла ырайым кылсын) көз карашында макүрөө, ал эми шакирти имам Мухаммед бин Хасандын көз карашында макүрөө эмес балким кабыр эли үчүн бейпилдик болот. Мына ушуга патпа берилген.
38. Капыр, мушриктерге Курандан, фикхтен сабак берүүгө уруксат, анткени Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аларга Куран аяттарын окуп берчү. Бирок аларга гусулсуз Куран кармоо болбойт.
39. Курандан таалим берүү үчүн акы алуу дурус деп акыркы аалымдар патпа беришкен.
40. Жумуш кылып жатканда адашып кетпегидей болсо Куран окуса болот.
41. Куран окуп жатканда үйгө ата-энеси, устазы же бир аалым киши кирип келсе урматтап туруп коюу дурус бирок булардан башкаларга туруу дурус эмес.
42. Куранды өөп жүзүнө сүртүү сооптуу иш. Азирети Усман (Алла андан ыраазы болсун) ар таңда ушундай кылчу экен.
43. Окуп жүргөн Куран китебин сапарда жүргөндө алдырып коём деп корксо башынын астына коюп жатуу дурус.
44. Зарыл учурда Куран бар үйдө жыныстык катнаш кылууга уруксат берилет, анткени мусулмандын үйү Курансыз болуу кыйын.
45. Жыртылып окууга жараксыз болгон Куран аяттарын кездемеге ороп чукур көмүп салуу мүмкүн же өрттөп салса да болот анткени азирети Усман (Алла андан ыраазы болсун) бардык Куран аяттарын көчүрүп алган соң аларды өрттөп салууга буйрук берген деп кээ бир аалымдар далил келтиришет.
46. Жерге төшөлө турган нерселерге Куран аяттарын жазуу болбойт, дубалга окшогондорго мүмкүн деп кээ бир аалымдар айтышат.
47. Курани Карим 30 парадан, 114 сүрөдөн, 6236 аяттан турат.
48. Биздин өлкөбүздө окулуп адат болгон кыраат Асим кырааты.

Ыйман желеси