Мен мусулманмын дегендерге эскертүү
30.12.2021

Мен мусулманмын дегендерге эскертүү

Көңүл буруңуздар! 31-Декабрь күнү милиция, МАИ кызматы, тез жардам кызматы, өрт өчүрүү тикесинен-тик туруп күчөтүлгөн калыпта иштешет.

31-Декабрь күнү бул кызматтар эмне үчүн мындай күчөтүлгөн таризде иштешет? Албетте, баарыбыз билебиз себебин. Анткени, бул күн — жыл ичиндеги кылмыш иши эң көп катталган күн: Мас абалында коомдук тартипти бузуу, мушташуу, уурулук, зордуктоо, адам өлтүрүү, Алла Өзү сактасын, мас абалында унаа айдагандыктын кесепетинен жол кырсыктары. Ал эми ооруканаларда дарыгерлер таң аткыча кирпик какпай иштешет, уулангандар, колу-буту сынгандар ж.б көптөгөн кырсыктар катталат.

Бул эмне деген майрам?! Мусулмандарда ушундай майрам барбы? Мусулман баласы ушинтип майрамдайбы?!

Бул майрамдын мусулмандарга эч кандай тиешеси жок! Бул күндүн биздин ыйманыбызга жана жашообузга зыяны аябай эле көп: 

1-Бул жаны жыл Григориан жыл санагы күн эсеби боюнча насранийлер Иса пайгамбардын туулган күнүнөн баштап эсептешет. 

Ал эми мусулмандардын жаңы жылы Мухарам айынан башталат. Ай эсеби боюнча жыл санак Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Меккеден Мединага көчүп барганынан баштап эсептелет.

Бирок, бул жаны жылдын келип чыгуу тарыхы Христиан динине чейин бутпарастардын ар кандай айкелдерге: Отко, күнгө, сууга ж.б. нерселерге сыйынгандардан калган майрам. Демек. ошондой көп кудайларга сыйынган караңгы доордогулардан калган майрамды чоң шаан-шөкөт менен майрамдоо - бул чоң адашкандык! Бул, Исламга каршы келет. Бутпарастардын каада-салттарын христиандардын ээрчүусүнө Инжилде да тыюу салынган.

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзүнүн куттуу хадисинде: "Ким кайсы коомду ээрчисе, ал ошолордон жана Кыямат күнү алардын арасында тирилет" - деп айткан. (Абу Дауд)

Демек, бул мындай майрамдардын мусулмандарга эч кандай тиешеси жок!

2-Шариятта ашыкча ысырапкерчиликке катуу тыюу салынат.

Бул күнү керексиз нерселерге көп акча сарпталат. Дастаркондун кандай жасаларын баарыбыз билебиз. Мас кылуучу ичимдиктерди сатып алуу, салюттарды алуу ж.б. жардыруучу заттар. Канчалаган акчалар заматта асманга учуп кетет. Ошонун ордуна ошол акчаларды ачка олтурган жетимдерге берсе сооп алат эмеспи. Канчалаган жардамга муктаж адамдар ачка олтурушат.

"...Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла! Анткени, Алла Таала ысырапкорлорду сүйбөйт". (Аараф сүрөөсү: 270-аят)

3-Мас кылуучу каражаттарды колдонуу - арам. Бул күнү спирттик ичимдиктер суудай ичилерин баарыбыз билебиз.

Алла Таала айтты: "Оо, момундар! Арак, кумар, айкелдерге табынуу жана төлгө ачуу шайтандын амалдарынан болгон иштер. Демек, тозоктон кутулууңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула! Ичкилик жана кумар себептүү шайтан араңарга жек көрүү, душмандык салат. Ошондой эле силерди Алланы эске алуудан жана намаз тургузуудан тосууну гана каалайт! Эми тыйылбайсыңарбы?!". (Маида сүрөөсү: 90-91-аяттар)

4-Ширк. Аллага шерик кошуу. Жылдыздар төлгөсүнө ишенуу, жаңы жылдан, аяз атадан, жакшылык үмүт кылып тиленүү, балатыны айлануу - булар ширк, Кудай Өзү сактасын. Алла Таалага шерик кошуу - эң чоң, кечирилгис күнөө. Мусулмандар ыйык Каабаны гана айланса болот.

- "Жаңы жылды кандай тоссоң, жыл бою ошондой болот" - деген түшүнүк, төлгөчүлөргө ишенүү: "Бул жыл мындай болот экен" - дегендерге. Бир жылдын ичинде эмес, бир күн же бир сааттан кийин эмне болуусун бир гана Алла Таала билет.

- Уктабай күтүп олтуруп саат 12 де бири-бирин куттуктап, каалоо айтуу. Эгерде Алла Тааладан жакшылыкты кааласаңыз, тахажуд намазына туруп, анан сураганыңыз туура болот.

- Алла Тааладан жакшылыкты 31-декабрда эмес, миң айга тете болгон ыйык Кадыр түндө уктабастан ибадат кылып, дуба кылып сурасак, сөзсүз берет. Ин шаа Алла! Анткени, Кадыр түндө инсандын бир жылдык тагдыры жазылат.

- Спирттик ичимдиктерди кармап алып, каалоо-тилек айтуу. Кудай кечирсин! Арам нерсе аралашкан жерде эч качан дуба кабыл болбойт, береке болбойт, периштелер болбойт, мындай жерлерде шайтандан башка эч нерсе болбойт.

- Музыка, ызы-чуу, уруш-жаңжал, жардыруучу заттарды колдонуу.

5-Балдарга туура эмес тарбия берүү. Алардын аң-сезими бул күнөө иштерди туура нерсе катары кабыл алып, туура эмес түшүнүктө калыптанат. Ата-энелер балдарына аяз ата аркылуу белек беришип, аларды аяз атага ишендиришип жатат. Натыйжада балдар белек алууну эңсеп, жыл сайын жаңы жылды күтүшөт. Бул балдардын ишеничин, акыйдасын Исламга тескери калыптандырат.

Эгерде сиз чыныгы мусулман болсоңуз:

- Намаз тургузуп жатасызбы? 
- Балдарыңызга Исламий тарбия берип жатасызбы? 
- Алланын биз үчүн майрам кылган Орозо айт, Курман айт жана куттуу жума күндөрү балдарыңызга белек берип жатасызбы? 
- Алар ушул майрамдарды эңсеп күтүшөбү?

Мусулман бир тууганым биз балдарыбызга Курман айтта, Орозо айтта жана жума күндөрү белек берүүбүз керек. Алар 31-декабрды эмес, Алланын куттуу күндөрүн эңсеп, күтүүлөрү керек!

Ар бир ата-энеге балдарына туура тарбия берүүсү, Алла Тааланы таанытуусу, Ислам дини менен тарбиялоосу негизги милдет! Ар бир ата-эне балдарынын тарбиясы үчүн Кыямат күнү Алланын алдында жооп берет! Ата-эне бул дүйнөдөн өткөндөн кийин балдары күнөө иштерди кыла турган болсо анын азабын тартат. Ал эми эгерде балдары Алла Тааланы таанып, Ислам жолунда тарбия алса бул ата-энени бул дүйнөдө да акыретте да Алла Тааланын алдында даражасын көтөрөт. Алар дүйнөдөн өткөндө балдарынын соопчулук иштери, дубалары аларга жетип турат.

Албетте: "Канча жылдардан бери майрамдап эле жүрбөйбүзбү, дагы деле майрамдасак эмне болот эле" - дейсиз. Мусулман бир тууганым, мурда Советтер Союзунун убагындагы атеисттик идеология динибизди, каада-салттарыбызды басмырлап, биздин жашообузга ушундай нерселерди киргизишти. Мурда билбестиктен майрамдап жүрдүк, Кудай Өзү кечирсин, анткени, бизге эч ким эскерткен эмес. Билбестиктен жасалган күнөөлөрдү Алла Таала кечирет. А бирок билип туруп, бирөөлөр эскерткенден кийин дагы ушундай күнөөлөрдү жасоо эң чоң катачылык!

Чыныгы мусулман болсок, саат он экиде чыгып алып салют атпай, аракты кармап алып тост сүйлөбөй, ал күндү кадимки жөнөкөй күндөй гана кылып өткөрүп, маалында уктоо керек.

Элибизде: "Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста" - деген накыл сөзү бар. Албетте, бул майрамды бир күндө эле токтото албайбыз, бирок, жалпы аракет кыла берсек акырындык менен токтойт. Кудайым буйруса!

Ыйман желеси