Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) энесине алып келинүүсү
01.12.2022

Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) энесине алып келинүүсү

Баккан аялдардын эмизген наристелерин кайра кайтарып берүү убактысы да келип жетти. Ошону менен бирге аны багып чоңойткон, өз уулдарынан да артыгыраак сүйгөн Халиманын көңүлүн кайгы-капа каптады. Себеби, баланы энесине кайтарып берүү убактысы келген эле да. Халима да эми өзү баккан баланын бейиш жыттанган жыпар жытынан алыс калат болчу. Бирок убада боюнча баланы Меккеге алып келип, энесине тапшыргандан башка чарасы жок болчу.

Өз денесиндеги сүтүн эмизген экинчи энесинин көңүлү суз тартып, ал эми өз энесинин дүйнөсү сүйүнүчкө толгон эле! Бири өз уулун алганына сүйүнүп, экинчиси андан айрылганына күйүп-жанып турду. Ошол убакта сүт энеси Халиманын оюна бир илхам келип, чын дили менен мындайча сунуш кылды: "Мага уулуңарды дагы бир нече ай жанымда калтыра аласыңарбы? Мен бул ысык Меккенин ар кандай жугуштуу ооруларынан коркуп жатам!".

Бул сунуш жана сураныч чын дилден эле. Анын сөздөрү оозунан эмес, чын дилинен чыккан болчу. Азиз эне Амина бул жароокер жана ыкыластуу өтүнүчкө каршы тура албай, Халиманын сунушуна макул болду.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен