Жаңы жыл биздин майрам эмес
30.12.2021

Жаңы жыл биздин майрам эмес

Майрамсыз жашоо кызыксыз. Ар бир инсан майрамдагысы келет. Мындайча айтканда бул дүйнөнүн улам кайталанып жаткан турмушунан алаксып бир аз да болсо маанайын ачкысы келет. Ар бир диндин майрамдары бар. Жөөттөр, христиандар ж.б. диндер өздөрүнүн мыйзамында көрсөтүлгөн майрамды гана өздөрүнчө майрамдашат. Мусулмандардын айт майрамдарын христиандар, жөөттөр, теңирчи, бутпарас, ар кандай кудайчаларга сыйынгандар майрамдабайт. Себеби, алардын мыйзамында жок. Ошондой эле биз да бөлөк диндин майрамын майрамдообуз акылга сыйбоо керек.


Ислам дининде Алла Таала мыйзамдаштырып берген 2 гана: Орозо айт жана Курман айт деген майрам бар, Жаны жыл деген майрам жок!!! 

Бул токой кудайына, Күн кудайына сыйынган бутпарастардын, андан кийин өздөрүнө майрам кылып алышкан христиандардын майрамы.

Жаңы жылды кудай жок деген атеисттик СССР зордуктап аң-сезимибизге киргизип бекем отурукташтырып, көркөмдөп майрамдаттырып салган.

Жаңы жыл Исламдын эн негизги өзөгү - "Лаа иллааха иллаЛлаах" (Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок) келмесин толук жокко чыгаруучу ширк майрам.

Исламдагы №1 Алла Таала кечирбей турган күнөө ширк амалы, Алла Таалага шерик кошуу болуп саналат. Алла Таала Куранда, Ниса сүрөөсү: 48-аятта: "Алла Өзүнө бир нерсени шерик кылуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллага ширк келтирген болсо, өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр" - деп эскертет.

Бир чоң ширк кылган мусулмандын бүт намаз, орозо, садага ж.б жакшы амалдарды өчүрүлөт. Капырчылыкка өтөт. Ал коромжу болгон адам!!!

Жаңы жылдагы чоң күнөөлөр

1. Алла Таала мусулмандарга жердеги биринчи үй болгон Каабаны гана айланууга уруксат берген. А шайтан ага каршы чыгып карагайды кол кармаштырып айландырып шылдыңдап койду.

2. Жаны жылдагы дагы бир чоң ширк, чоң жалган бул - аяз ата. Сезими таза жаш балдарыбызды өзүбүз алдамчылыкка үйрөтөбүз. Кызыл-тазыл кийинген, мурду кызыл, жасалма сакал тагынган «шайтан» тилегиңди, дубанды орундатат деп, ага кат жаздырабыз. Жаш баланын Алла Таалага болгон ишеним, акыйдасын бала чагынан талкалайбыз. Шайтанга ушул гана керек. Ал биринчи ширкке түртөт. Исламда ким Алла Тааладан башка бир нерседен жакшылык күтүп тилек, дуба кылса ал чоң ширк кылган болот. Исламдан чыгат, Алланын динине капыр болот.

3. Алла Таалам Каабанын жанынан чыккан касиеттүү замзам суусун ичип жатып дуба кылгыла, ал кылган дубаңар кабыл болот деген. А шайтан колубузга шампанский, спирт ичимдиктерин карматып: "Жаңы жыл менен жаңы болсун, жаман эски жылда калсын" - деп ишенүү менен ширк сөздөрүн айтышат. Ошону ишеним кылып алышкан. Кандай тоссоң калган жыл ошондой болот деп төлгө кылып шаңдуу тосконго аракет кылышат – бул шаманизмге таандык. Бул жөн гана ырым-жырым. Исламда ырым-жырымга орун жок. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айткан: "Ким ырым-жырымга ишенсе ал Исламдан чыгат, мушрик-капыр болот" - деген.

4. Алланын каргышында болгон спирт ичимдиктери эң көп ичилген майрам. Ар түрдүү оюн-зооктор, түнкү клубдарда, ресторан-кафелерде, корпоративдерде, кечелерде, эркекеги менен аялы аралашкан масчылык, бирөөнүн аялын бирөө кармалап ойноштукка чакырган майрам. 

5. Ысырапкорчулук. Бир эле мисал: жарым саатта асманга атылган Кытайдын фейрверктерин алууга гана Кыргызстан эли 30 миллион сомдон ашык каражат кетирет.

6. Алла Таала арам кылган музыканы өздөрүнө адал кылып алган ырчы-чоорчулардын бизнес мезгили гүлдөгөн убак.

Ислам аалымдарынын эскертүүсүндө, мусулманмын дегендер бул майрамды майрамдамак тургай ага күбө болбообуз керек. Себеби, Алла Таалага каршы - ширк майрамдалган жерге Алланын каргышы түшүп турат.

Мусулмандардын жыл санагы болгон хижра жыл эсеби боюнча да жаңы жыл тосуу деген майрам жок.

Астагфиралла, Кыяматтын белгисинин бири: "Мусулманмын дегендер капырлар менен майрамдап жыргашат" - делет. Аллага каршы болгон коомду ээрчибейли...

Эгерде ушул айтылган Куран, хадистен алынган жүйөөлөр сизди ынандырбаса, эмне болмок эле майрамдайм эле айта берет...деген ой көкүрөгүңүздө турса анда – Сиздин ыйманыңызда чоң күмөн бар.

А эгер, Жаңы жыл христиандардын ширк майрамы экенин толук сезип билип туруп, текеберленип: «Биз светский, демократиялык өлкөдө жашайбыз, майрамдаймын эле, эч нерсе болбойт, Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам, "Чын жүрөктөн баары бир" - деп майрамдаган болсо ал Алланын буйругуна каршы чыгып, аны жокко чыгарган абалда болот. Ким Алланын бир буйругун толук билип сезип туруп текеберленип жокко чыгарса ал Ислам динден чыгат, Ислам динине капыр болот.

Алланын каргышынан корколу, адашкан, Аллага каршы адашкан коомду ээрчибейли… Кыяматтагы абалыбызды эстейли….

Же биз адашкан, акыретте тозокко түшүүчү христианбызбы??? Алла Таала мусулмандардын абалын бийик коёт. Кыямат күнү дин катары Ислам динин гана кабыл кылат, калганын кайтарат.

Өзүбүздү мусулман десек анда, Аллага чексиз мактоо-шүгурлөрдү айтып, Куран-сүннөттү бекем карманып, илим алалы, ага амал кылалы, динибиз менен сыймыктаналы, сыйлайлы, ойгонолу, ой жүгүртөлү…

Калем ээси: Нурмухаммад кары