Жаңы жыл эч бир асман китептеринде айтылган эмес
27.12.2021

Жаңы жыл эч бир асман китептеринде айтылган эмес

Жаңы жылды майрамдоо деп эч бир асман китептеринде айтылган эмес. Бул майрам Тооратта да, Инжилде да, Забурда да, Куранда дагы жок! Эгер, бул майрам болгондо Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир жолу майрамдап коймок! Азыр 2022-жыл болсо Пайгамбарыбыз 571-жылы төрөлгөн. Макул деп 610-жылды же 611-жылды Жаңы жыл экен деп, оозуна да алган эмес, эсине да келген эмес! Адамдар бир күндү белгилеп майрамдагысы келет, ошону билип туруп Алла Таалам мусулмандарга бир эмес эки майрамды берди. Андан сырткары ар жума сайын жума майрам! Дегеле, мусулман болуп жаралып, Аллага гана кулчулук кылып, бүт денебиз сак, ырыскы кенен, ушунун өзү майрам эмеспи тууганым?! Жума бул - мусулмандар үчүн майрам! Мусулмандар намаз окуду - бул да майрам. Биз, Алла Таала айткан гана майрамдарды майрамдообуз керек!

Жаңы жылда канчалаган акчалар ысырап болот?! Ошодон көрө балдарыбызга же Алла жолуна садага кылып иштетсек сооп болмок! Борбордук аянтта миллион сарпталып, 
бир балаты тигилет. Асманга атылуучу жардырчактар үчүн миллиарддар сарпталат. Ошонун ордуна, кыйналып жүргөн бир туугандарга сууктун күнү жок дегенде көмүр алып бербейлиби, жок дегенде 2 күндүк тамак-ашын алып бербейлиби...?! Бул жөн гана ашыкча ысырап!

ЫЙМАН ЖОЛУ