Жаңы жылдагы ширктер жана күнөөлөр
27.12.2021

Жаңы жылдагы ширктер жана күнөөлөр

Алла Таала мусулмандарга жердеги биринчи үй болгон Каабаны гана айланууга уруксат берген. А шайтан ага каршы чыгып карагайды кол кармаштырып айландырып шылдыңдап койду.

Жаны жылдагы дагы бир чоң ширк, чоң жалган бул - аяз ата. Сезими таза жаш балдарыбызды өзүбүз алдамчылыкка үйрөтөбүз. Кызыл-тазыл кийинген, мурду кызыл, жасалма сакал тагынган «шайтан» тилегиңди, дубанды орундатат деп, ага кат жаздырабыз. Жаш баланын Алла Таалага болгон ишеним, акыйдасын бала чагынан талкалайбыз. Шайтанга ушул гана керек. Ал биринчи ширкке түртөт. Исламда ким Алла Тааладан башка бир нерседен жакшылык күтүп тилек, дуба кылса ал чоң ширк кылган болот. Исламдан чыгат, Алланын динине капыр болот.

Алла Таала Каабанын жанынан чыккан касиеттүү замзам суусун ичип жатып дуба кылгыла, ал кылган дубаңар кабыл болот деген. А шайтан колубузга шампанский, спирт ичимдиктерин карматып: "Жаңы жыл менен жаңы болсун, жаман эски жылда калсын" - деп ишенүү менен ширк сөздөрүн айтышат.

Алланын каргышында болгон спирт ичимдиктери эң көп ичилген майрам. Ар түрдүү оюн-зооктор, түнкү клубдарда, ресторан-кафелерде, корпоративдерде, кечелерде, эркеги менен аялы аралашкан масчылык, бирөөнүн аялын бирөө кармалап ойноштукка чакырган майрам.

Бир эле мисал: жарым саатта асманга атылган Кытайдын фейрверктерин алууга гана Кыргызстан эли 30 миллион сомдон ашык каражат кетирет.

Алла Таала арам кылган музыканын күнү тууп, мезгили гүлдөгөн убак.

Ислам аалымдарынын эскертүүсүндө, мусулманмын дегендер бул майрамды майрамдамак тургай ага күбө болбообуз керек. Себеби, Алла Таалага каршы - ширк майрамдалган жерге Алланын каргышы түшүп турат.

Эгерде ушул айтылган Куран, хадистен алынган жүйөөлөр сизди ынандырбаса, эмне болмок эле майрамдайм эле айта берет... деген ой көкүрөгүңүздө турса анда – Сиздин ыйманыңызда чоң күмөн бар.

ЫЙМАН ЖОЛУ