Жаңы жылдык күнөөлөр
31.12.2021

Жаңы жылдык күнөөлөр

Жаңы жыл күнү Алла Таалага карата кылынган кээ бир негиздүү чөң күнөөлөрдү айта турган болсок:

Ширк күнөөсү: Азыркы ата-энелер балдарын тили чыккандан баштап Алла Тааладан башкага тилек кылууга үйрөтөт. Мисалы, адамдар ойлоп тапкан аяз атага же санта клауска кат жаз же ичиңден тилек кылсаң, ал сага каалаган белегиңди алып келет деп жаштайынан ширк кылууга жана жалган айтууга үйрөтөт. Ушуга окшогон себептерден улам наристенин ыйманга негизделген табияты Аллага болгон ыйманга эмес, кичинесинен жалганга же бутпарастык ырым-жырымдарга толот. Көпчүлүк ата-энелер балдарын Алла Таалага ыйман келтирип, Ага гана ибадат кылууну, чынчыл жана ыймандуу болууну үйрөткөндүн ордуна, кайдагы жомокко айланган, жонуна кап артынган кызыл мурун аяз аталарын айтып алдашат. Ал эми мектептерде жана бала бакчаларда болсо алардан мажбурлуу түрдө чогулткан акчага белектер алынып, ошол эле акчага аяз ата, аяз кыз жалдашып, жаш балдарды балатыны айлантып “Аяз ата келиңиз, бизге белек бериңиз!” - деп кыйкыргыла деп тилек айттырат. Эгерде жаш наристени чындык менен жалганды айырмалабаган курагынан күнөө кылууга үйрөтсөк, анда, келечекте андан кандай адамды күтүүгө болот?!

Каабадан башканы тегеренүү: Жаш балдардын Жаңы жылдык балатыны айланып ырдаганы, бийлегени жана тилек кылганы – аны тооп кылганга барабар. Мындай кылуу мурдагы бутпарас диндерден калган ырым-жырымга жатат жана Алла Таала жаман көргөн иштерден болуп саналат. Ислам дининде Каабаны гана тооп кылууга уруксат берилген. Каабадан башка нерсени тооп кылуу чоң күнөөлөрдөн. Каабадан башка кабыр болобу же дарак болобу же балаты болобу тооп кылуу ширк болуп саналат.

Алкоголь, тамеки жана баңгизат: Кээ бир үй-бүлөлөр Жаңы жылды тосуу үчүн жашиктеп арак алышат. Жаңы жылга карата арак-шарапты өндүрүү эселеп көбөйөт. Ушул сыяктуу эле тамекинин, маңзаттын сатыгы да күч алат. Мына ушуга окшогон арам нерселерге дасторкондор толуп, арак-шараптар суудай куюлат. Жадагалса балдарына да шампан, пиводон ооз тийдирип, алардын көзүнчө арак ичип, аларды тырнактайынан “Маданияттуу алкаш” болууга даярдайт. Үй ичи тамакенин, арактын жытына толот. Ал жерде олтурган ата-энесинин, коноктордун, туугандарынын, коңшуларынын аракка кызып алып кылган иштерин, сүйлөгөн сөздөрүн, жүрүм-турумун көргөн балдары – бул көрүнүштү адаттагыдай көрүнүш катары кабыл алат. Балким, кээ бир үй-бүлөлөрдө ашыкча мастыктын айынан мушташ чыгып, майрам арты ыйга айланган учурлар да жок эмес.

Музыка, бий ж.б: Ислам дининде музыкага тыюу салынган. Бул туурасында көптөгөн аяттар жана хадистер айтылган. Эгерде музыкага тыюу салынган болсо, анда, анын коштоосундагы бийлөө туурасында айтпаса да белгилүү. Мындай кылуу күнөө болуп саналат жана көптөгөн күнөөлөрдү кылууга түртөт. Жаңы жылда акчалуулар үчүн эсепсиз концерттер уюштурулат. Демейде энеси жалгыз жибербеген кызын Жаңы жылдык концертке жиберип, ал кызы таң атканга чейин кимдер менен жолугуп, кимдер менен олтурганы менен такыр иши жок. Жаңы жыл жашоого олуттуу карабаган кыз-жигиттер үчүн чогулуп олтурууга бирден бир чоң себептерден. Эгерде кыз-жигит жалгыз калып, анысы аз келгенсип арактан ууртап алган болсо, анда, алардын арасын шайтан аралап зына кылууга азгырат. Азыркы күндө зордуктоолор, никесиз төрөлгөн балдар, таштанды ымыркайлар, аборт кылдыргандар күн санап көбөйүүдө. Балким мунун көбөйүүсүнө Жаңы жыл дагы өз салымын кошуп жаткандыр.

Кылмыштуулуктун көбөйүүсү: Жаңы жыл түнү акылы кеткенче арак ичкендин айынан канчалаган кылмыш иштери катталат. Бул кылмыш иштерин жашырбаса деле баарына белгилүү. Мастыктын айынан өлтүрүү же зордуктоо же топтук муштаж же жол кырсыгына кабылган учурлар Жаңы жыл түнү өзгөчө көп болот. Мына ушунун баары салттуу жакшынакай Жаңы жыл майрамында болот. Жаңы жыл түнү көчөгө чыгуу ар бир адам үчүн коркунучтуу. Анткени, көчөдөгү сөзгө-кепке келбеген жаштар, мастар өтө көп. Ал эми борбордук аянттагы балатынын айланысында маал-маалы менен себепсиз мушташтар, чыр-чатактар чыгып турат.

ЖЫЙЫНТЫК

Бул айтылган сөздөр чыныгы жашоодо болуп жаткан Жаңы жылдык көрүнүштөрдүн кыска гана бөлүгүн камтуусу мүмкүн. Жаңы жылда биз билбеген мындан башка канчалаган күнөөлөр кылынганы жалгыз гана Аллага белгилүү. Адам баласына өмүр бир гана жолу берилет. Эгерде азыр туура ой жүгүртүп, акыйкатка кайтам, туура жолго түшөм десеңиз, дагы да болсо кеч эмес. Алла Таала кечиримдүү. Эгерде пенде чын жүрөктөн ыйман тилеп, мындан ары күнөөдөн алыс болуп жашаймын деп Аллага кайткан болсо, анда, Алла Таала анын жашоосун жакшы жолго салып коёт. Ошондуктан, ар бир адам өмүрүн Алла Таалага ибадат кылып, жеке жана айланасындагы адамдарга пайда алып келе тургандай денгээлде өткөрүүсү зарыл. Ислам дини гана жашоонун бардык тарабын камтыган жана адам баласына эмне пайдалуу, эмне зыян экендигин ачык көргөзгөн акыйкат дин. Эгерде ким дин менен жашаган болсо, ал жеке эле өзүн бактылуу кылбастан, анын айланасындагы адамдарга көптөгөн пайдаларды алып келет. Алла Таала Өзүнүн ыйман келтирген пенделерине диний жана дүйнө иштеринде жардам көргөзүп, аларга зыян тийгизген иштерден тыйып, эки дүйнөдө бактылуу болуусуна шарт түзөт. Ислам дини – Алла Тааланын адамзатка көрсөткөн ырайымы, жакшылыгы жана берекеси. Кимде-ким Алланын динин ээрчип, туура жолду тандаса, анда, ал эки дүйнө бактылуулугуна жетип, чыныгы бактылуулукта жашайт. Бул туурасында Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айткан: «Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда, Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз». (Нахл сүрөөсү: 97-аят)

Ал эми Курандын башка бир аятында Алла Таала мындай деп эскерткен: «Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн машакаттуу тар жашоо болот». (Таха сүрөөсү: 124-аят) 

Эгерде ар бир адам Алла Тааланын улуулугун жана адамзатка көргөзгөн чексиз ырайымынын түшүнүп билсе, анда, дайыма Анын буйруктарына баш ийип жашамак. Кимде-ким чыныгы бактылуулукту издесе, анда, ал үчүн жалгыз гана жол бар. Ал Алла Тааланын дини менен жашоо. Ал эми ким динсиз эле жашайм деген болсо, анда, ал адам бул дүйнөдө эле эмес, Акыретте да өзүнө өзү зыян кылгандардын катарында болот.

Даярдаган: Ильяз Рыскулов