Жаңы жылдын Исламдагы өкүмү
31.12.2021

Жаңы жылдын Исламдагы өкүмү

Жыл сайын так ушул учурда декабрь айы аяктаарда телевидение, радио жана басма сөз аркылуу “Жаңы жылды” тосууга карата ар кандай үгүт иштери күч алганын байкабаган адам жоктур. Азыркы күндөгү кыргыз үчүн Жаңы жылды тосуу жаңылык деле болбой калды окшойт. Жаңы жыл жеке эле Кыргызстанда эмес, жадагалса мусулман өлкөлөрүндө да салттуу майрамга айланып баратат. Кайсыл жерге барбагын, кимисине жолукпагын, жашы-карысы дебей Жаңы жылды тособуз деп жанталашып жүгүрүп жүргөнүн көрөсүң. Көчөгө чыксаң да, автобуска олтурсаң да түрлүү-түрлүү “Жаңы жылдык” жаңырыктарды уга берип тажайсың. Муну менен эле чектелип калбастан, Жаңы жылдын шылтоосу менен атайын майрамдык шаан-шөкөттөр уюштурулуп, алдын ала ресторан-кафелер ээленип, өмүрү кооздолбогон көчөлөр, үйлөр кооздолуп калат. Бүгүнкү күндө кыбыр эткен кыргыздын бири да калбай Жаңы жылга ушундай денгээлде даярданганын көрүп, бул майрам кайдан келген, ата-бабаларыбыз да майрамдашты бекен, дегеле кылымдар бою Ислам динин тутунуп келген кыргыз элине бул майрамдын канчалык денгээлде тиешеси бар деген суроолор ойлондурбай койбойт. Же кыргыз элинин муундан-муунга өтүп келген диний ишеними, салт-санаасы, үрп-адаттары азыркы учурдун адамдарын кызыктырбай калганбы?! Же ата-бабаларыбыз кылымдар бою көздүн карегиндей сактап тутунуп келген Ислам динин, руханий байлыктарын, үрп-адаттарын бир кылымга жеткирбей эле чанып кетебизби?! Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бизге анын үммөтүнөн бир топ адамдар жөөттөр менен христиандарды ээрчип, аларды бардык нерседе туурашат деп алдын ала айтып кеткен. Абу Саид Худри рабаят кылды: Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: «Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, сөзсүз ээрчийсиңер. Жадагалса алар кескелдириктин уясына кирсе, силер да алардын артынан киресиңер». Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) 1400 жыл мурун айткан бул сөзүн бүгүнкү күндө өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Кээ бир адамдарга таң калыштуу болуусу мүмкүн, бирок, чыныгы мусулман үчүн бул жаңылык эмес. Анткени, ал чын жүрөктөн Аллага ыйман келтирип, кыйынчылыктарга карабастан Анын динин бекем карманат. Балким, мындай сөздөр анын Алла Таалага жана Мухаммед пайгамбарга болгон ыйманын жана сүйүүсүн күчөтөт. Мусулман адамдын ыйманы тоодой бекем жана адамзаттын табиятына каршы келген негизсиз идеологияларды тутунуудан дайым алыс. Ал эми коомдун агымына туруштук бере албай, өзүнүн диний милдеттерин аткармак турсун аны билүүгө да аракет кылбастан башкаларды тотукуштай туурап өзүнүн динин, ыйманын, ар намысын, уяттуулугун жарыбаган дүнүйөгө саткан мусулмандарды кандай мүнөздөсөк болот?! Же базар экономикасы деп эле ыйманыбызды да сатып жиберебизби?! Же бүгүнтөн баштап өзүбүздүн мусулман деген атыбызды жаманатты кылбай Ислам динин терең окуп үйрөнүп, аны менен жашоого умтулабызбы?!

Эгерде мен сизден “Жаңы жыл” - деген эмне майрам деп сурасам, сиз мага таң калууңуз мүмкүн же мени акыл-эсиң ордундабы же тоодон түштүңбү же такыр эле артта калган окшойсуң деп табаңыз канганча тамашалооңуз мүмкүн. А бирок ошол эле учурда сизден Жаңы жыл качан пайда болгон, ким тарабынан киргизилген, кандай максатта жана кимдер майрамдашкан деп сурасам, сиздин жообуңуз дайынбы же мен да сизди “Мени тамашалап коёсуз, көрсө өзүңүз билбейт турбайсызбы?!” - деп уяткарып жатсам, кандай абалда болосуз? Чын эле Жаңы жыл деген майрамдын кыргыздарга, дегеле жалпы мусулмандарга канчалык денгээлде тиешеси бар деген суроо туулат. Жаңы жылдын качан, кайда, эмнеге жана ким тарабынан түзүлгөндүгү туурасында “Дүйнөлүк энциклопедияда” айтылат: «Жыл башы 1-январдан башталат деп биздин заманга чейин 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь тарабынан киргизилген. Байыркы Римде бул күн – тандоонун, кириш чыгыштын, башталыш бүтүштүн кудайчасы Януска арналган. Январь айы Янус кудайчасынын атынан аталган. Анын эки жүзү болгон, бири – алдын, экинчиси – артын карап турган...».

Ислам дининде жаңы жылды тосуу – бирден бир чоң күнөөлөрдөн жана ширкке алып баруучу себептерден болуп саналат. Алла Тааладан башкага сыйынуу ширк болот жана аны кылган адам тозокко түшөт. Ал эми өзүн мусулманмын деп эсептеген адам ширктен эле сактанбастан, ага алып баруучу себептерден да сактанат. Азыркы күндө диний илим алган же мечиттин имамы болгон кээ бир адамдардын бул майрамга шериктеш болгондорун көрүп таң каласың. Мусулмандар үчүн капырлардын майрамын майрамдоого жана аларды ээрчүүгө кескин тыюу салынган. Бирок, тилекке каршы көпчүлүк мусулмандардын бул айтылган сөздүн маани-маңызын түшүнбөстөн Жаңы жылды майрамдаганы жана анысы аз келгенсип ак дасторкон үстүндө арак-шараптар суудай агып, жашы-карысы дебей уят сыйды жыйыштырып таң аткыча бийлешип, тойлошуп күнөөгө батканы кейиштүү. Бир эле Жаңы жыл үчүн канчалаган ресторан-кафелер алдын ала брондолуп, ал эми ресторанга акчасы жетпегендер үчүн телевидение аркылуу “Көгүлтүр от” телеберүүсү көрсөтүлүп, жадагалса бала бакчаларда, мектептерде конкурстар уюштурулат. Алардан эмнеге мындай кылып жатасыңар деп сурасаң, эмнеге кылып жатканын өзү деле билбейт. Сааттын жебеси 12:00 болгондугу үчүн эле ушунчалык аракка тоюп, таң аткыча бийлеп-тойлоонун себептүү жөнү барбы?! Мындай кылык-жоруктар ыйманды, абийирди, уят-намысты биринчи орунга койгон мусулманга жарашабы?! Дегеле Жаңы жылдан кандай пайда бар?! Балким, алар “Жаңы жыл мурдатан майрамдалып келе жаткан салт болуп калган” - деп жооп берүүсү мүмкүн. А салт дегендин өзү эмне? Мейли, бул майрам капырларга ата-бабаларынан салт болуп муундан-муунга өтүп келе жаткандыр, а мусулмандарга бул салттын кандай тиешеси бар?! Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзүнүн хадисинде мындай деп айтты: «Кимде-ким өзүн кандайдыр бир коомго окшотсо, анда ал ошолордон». (Имам Абу Дауд)

Бин Касир айтты: «Мусулман үчүн капырлардын мындай майрамы болобу же салттуу майрамы болобу же алардын ибадаттарында болобу, аларга окшошууга болбойт. Анткени, Алла Таала Пайгамбарлардын мөөрү болгон Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аркылуу бул үммөттү урматтуу кылды жана ага кемчиликсиз, туура жана баарын өзүнө камтыган улуу динди шарият кылды». (Аль-Бидаяту уа ан-Нихая)

Ильяз Рыскулов